Жашынган бакыт (Айылдык кыздын аянычтуу тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Уятсыз, биздин кайгыдан акча жасапсың да? Мен сендей төмөн аялга кол көтөрүп колумду булгагым келбейт. Сени менен ажырашам!

– Ильяс, баары сен ойлогондой эмес, мени укчу. Мен сүйлөшкөн адамдар “баланы албай калдык” деп баш тартып коюшту, тааныштар аркылуу бала саткан дарыгерлерди таап калдым, ошолор акча беришти. Акча берилерин билген эмесмин, ыраазычылык үчүн деп эле карматып коюшту. Мен сага айтайын деп жаткам...

– Калп, апаң менен сүйлөшкөнүңдү угуп калбаганымда мага эч нерсе айтпайт болчусуң. Айткың келсе Бишкектен келгенде эле айтмаксың.

Атыргүл күнөөсүн моюнуна алып, шылкыйып үн чыгарбай ыйлап жатты. Кандай айла кылып күйөөсүнүн алдында өзүн актоону билбей калды. Ильястын ачуусу уламдан улам күчөй берди.

– Апама, үй-бүлөмө кылган жакшы мамилеңе ыраазымын, бирок мындан ары сени менен жашай албайм. Сага талак!

– Токто, Ильяс, апам Баяндын көйгөйүнөн улам жакшы боло албай жүрөт, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбайлы.

– Мен сени менен жашабайм дедимби, жашабайм! Кийимдериңди алып апамдын бөлмөсүнө жат. Мен жаткан бөлмөнү бошотуп кой.

– Ильяс, антпечи... Бурулуп чыгып кетмекчи болгон күйөөсүнүн бутун кучактап коё бербей жалбарды. Ильяс Атыргүлдү буту менен түртүп жиберди.

Жолдошу менен чогуу жашаган 5 жылда Атыргүл бир да жолу төшөгү бөлөк жаткан эмес. Канча урушуп-талашышса да бир жаздыкта укташчу. Бул нерсе келинге катуу тийди. Бөлөк жатуу аны менен ажырашканга барабар эле. Ильяс чыгып баратып: "Дагы ойлонуп көр, сатчу эмнең бар, балким, эмчектеги балаңды кошо сатасың?.."- деди.

Бул сөз Атыргүлдүн башына таш менен ургандай катуу тийди. Тишин кычыратып унчукпай кутулду.

xxx

Арадан бир жума өтүп Жаркын кызы Баянды ээрчитип айылга кайтып келишти. Баяндын абалы жакшырып калганы Атыргүлгө дароо сезилди.

– Өңүң апакай болуп, арыктап, шаардык кыздардай эле болуп калыпсың. Эми айылдын атамандары эшигибиздин алдынан кетпей кууратпаса эле...

– Коюңузчу, жеңе, атаман эмес, башкасына да көңүл чаппай турат. Жигит-пигитти уккум жок. Кайненеңизди катуу сагынган окшойсуз, кийимдериңиз апамдын бөлмөсүндө турат го?

– Ооба, Ильяс жумушка 15 күнгө кеткенде биздин бөлмө суук болуп, балдарым менен апамдын бөлмөсүндөбүз.

– Баса, жеңе, дарыгерлер жазып берген дарыларды ичүүдө режим сактабай калдым, ошого сүтүм дагы деле келип жатат. Кичинекейиңизди эмизип турсам кантет?

– Болбойт да, эмизсең сүт көбөйүп келе берет, катуу байлап, дарыдан иче берсең тартылып кетет.

Муну айтып алып Атыргүл бир кызыктай болуп кетти. Чынында, баласын башка бирөө эмизип жатканын элестетип кызганыч сезими пайда болгонун өзү да түшүнгөн жок.

xxx

Баян кайрадан мектепке бара баштады. Анын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөрдү баары байкашты. Мугалимдерге каяша сүйлөп, классташтары менен акыйнек айтышкан баягы кыз жок. Үй тапшырмаларын да калтырбай аткарып, кошумча сабактарынан үйгө убагында келип, анча-мынча жигиттер жазган каттарды жоопсуз калтырып жатты. Баяндын алдында бир гана максат бар эле – мектепти кызыл аттестат менен бүтүрүп, котормочулук кесипке окуп үйүндөгүлөрдү кубантуу. Дагы бир изги кыялы – баласын табуу эле. Анын бул жашоодо тирүү, жакшы ата-эненин колунда экени жүрөгүнө тынчтык тартууласа да, кайсы бир күнү аны сөзсүз издеп табам деп жатты. Бул күндөрү Баяндын жан дүйнөсүндөгү жарасын бир гана Ильяс байкесинин жаңы төрөлгөн баласы басып жатканын баары көрүп жатышты. Күн болобу, түн болобу, бөбөгүн көтөрүп, жалаягын алмаштырып, буту-колун жыттап эркелетип өзүн сооротчу болду.

xxx

Ильястын жумуштан келгенине эки күн болгон, аялы менен баягыдан бери ачылып сүйлөшө элек. Балдарын өөп-жыттап эркелеткени менен, жарына муздап, жылый алган жок. Тумоолоп да калыптыр, кечки тамакты ичип эле эрте жатып алды. Атыргүлдүн ою онго бөлүндү. “Бул 15 күн жумушта жүрүп келгенде төшөгүмдү сагынып калчу эле, келгенине 2 күн болду, жаныма жолой элек, таарынычы жазыла элекпи же бирөө-жарымды таап алдыбы?” деп шекшип жатты. Чынында, Атыргүлдүн үй тиричилиги менен алпурушуп күйөөсүнүн баскан-турганын көзөмөлдөгөнгө убактысы деле болбойт. Ильяс ансыз деле аялынын көзүнө чөп салып жүрчү, бирок билдирчү эмес. Атыргүл суу жылытып, күйөөсүнүн бутун бууга кактап берейин деп сюрприз жасоого камданып калды. Шаардан сатып алган жаңы ич кийимин кийип күйөөсү экөөнүн бөлмөсүнө кирди.

– Ильяс, турсаң, жылуу сууга бутуңду салсаң, жеңилдейсиң. Имбирден чай демдеп келдим, ичип ал.

– Кереги жок, Атыр, жайыма койчу.

Жууркан жамынып жаткан Ильяс кыймылдап да койгон жок. Атыр акырын күйөөсүнүн төшөгүнө кирип, кучактады.

– Мени сагынган жоксуңбу? А мен сени сагындым, көздөрүңдү, кырдач мурдуңду, жумшак эриндериңди,- деп өпкүлөп жатты. Табияттын улуу күчү оңойбу, Ильяс дагы аялынын эркине баш ийди...

Күз айы, Баян 11-класста окуп жаткан. Апасы Жаркындын негедир тамакка табити жоголуп, колу-буту ооруп арыктап баратты. Дарыканага барса “каныңыз азайып кеткен окшойт” деп дарыларды жазып берет, жакшы болбойт. Күндөн-күнгө кубарып, өңүнөн кетип, отуруп-турганда башы айланып, көзү караңгылашып кетчү болду. Мындай абалда жүргөнүнө 5-6 ай болгон, оор басырыктуу аял болгонго жаны ооруп жатканын көп билдирчү эмес. Бир күнү эшикте отун жарып жаткан Ильясты чакырып кеп баштады:

– Балам, абалым жакшы эмес, мени шаарга алып барат окшойсуң, каралдым. Булардын жазып берген дарысынын деле таасири жоктой.

– Апа, сизге жайында эле айтпадым беле. Шаардагы ооруканага алып барайын десем болбой койдуңуз, бул жактан эле айыгам деп...

– Мурункудай эле ойлоп 1-2 жумада айыксам керек дегем да, каралдым, жаман нерсени жүрөгүм туюп турат. Алып барчы мени.

– Апа, коркутпаңызчы, жакшы элесиз, эртең дароо чыгалы жолго. Бүгүн унаамды оңдоп-түзөп алайын.

xxx

– Баяндын окуудагы жетишкендиктери сүйүнтөрлүк эле. Көбү жүрүм-туруму начар окуучудан мындай өзгөрүүнү, жетишкендикти күтүшкөн эмес. Кыйын окуган мугалимдин балдарын артта калтырып облустук олимпиададан 1-орунду алды. Маданий иш-чара, мектептер аралык сынактардын жылдызына айланып жатты. Ийгиликтүү адамды сөзсүз сөз ээрчийт эмеспи, көрө албастар Баяндын өтмүшүн кеп кылууга өтүштү. “Кечээ эле жигит жандап, кечелерден калбаган кыз эле, эми адам болуп калбадыбы” деген кептерди курдаштары гана эмес, анча-мынча мугалимдери да айтып жатышты. Классташтарынын кер какшык аралаш шылдыңы Баяндын көңүлүн оорутса, бир чети аны күчтүү кылды.

xxx

Бишкектеги республикалык оорукана. Ильяс дарыгердин бөлмөсүндө күтүп отурган. Ак халатчан мырза кирип келип,
Ильяска кайрылды.

– Сиз баласы болот экенсиз, ачык эле айтайын, Жаркын айымдын өмүрү коркунучта. Кандын рагы деген диагноз болушу мүмкүн, бүгүн кайра анализ тапшырат, иш чатак, айтор.

– Эмне дейсиз, рак?! Коюңузчу, апам өзү басып келди, үйдө тиргилик кылып эле жүрөт, бир аз башы айланып, колу-буттары чымыраганынан алып келгем.

– Биз азыр кайсы стадиядагы рак экенин билбейбиз, метастаздын жайылышын да аныкташ керек. Метастаз жалгыз болсо операция, көп болсо нур менен дарылоо, химия терапия колдонулат. Кандай болбосун бардык нерсеге даяр туруңуздар. Рак – бул нерв менен кошо акчаны да жейт, ошого алдын ала айтып жатканым.

– Калп! Калп айтпагыла, апам рак эмес. Мен башка күчтүү клиникага көрсөтөм, сопсоо адамды рак деп жатасыңар, диагнозуңар да калп...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1145, 14-20-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан