Думскроллинг – негатив кабар издөө

Думскроллинг деген термин эмнени түшүндүрөрүн, балким, билбей жүргөндүрсүз. Бирок бул терминдин жашообузда актуалдуу орду бар. Англисче doom – өкүм, to scroll – күчөтүү, көбүртүү деген маани түшүндүрөт. Күнүгө ар бирибиз интернет желесине баш багабыз, түрдүү кабарларды окуйбуз, кызыктуу видеолорду, сүрөттөрдү көрүп жана башка маалыматтарга көз чаптырабыз. Думскроллинг – күнүгө интернеттеги кабарларды окуу, эң башкы өзгөчөлүгү – негативдүү кабарларды окуу, аларды издөө болуп саналат. Термин коронавирус пандемиясы учурунда актуалдуулукка жеткен. Пандемия жөнүндө ишенимдүү жана толук маалымат жетишсиз болгондуктан, адамдар бул дарт тууралуу болгон булактардан кабарларды ачып окуганга туура келген, эсиңиздеби? "Дүйнө жүзү боюнча баланча миңдеген адамга жукту, мынчасы каза болду, вакцина табыла элек, дагы мынчага жугушу мүмкүн, жугузуу коркунучу жогорулар булар" деген сыяктуу маалыматтар каптаган эле интернет желесин. Мына ушундай коркунучтуу кабарларды окуй берген айрым адамдар пандемия өтсө деле негатив издегенин токтоткон эмес. Бул абалды психологдор “думскроллинг” термини менен аташкан. Думскроллинг адамга эч кандай пайда алып келбейт. Тескерисинче, тынчсыздануу, кооптонуу, стресске алдыруу сыяктуу терс таасири бар. Психологдордун айтымында, 2024-жылы думскроллингге кабылган адамдардын саны өскөн. Алар өздөрү эле негатив кабарларды окубастан, окуган маалыматтарын жанындагыларга (досторуна, кесиптештерине, туугандарына) жайып, коркунучтуу кесепеттер тууралуу ойлору менен бөлүшөт. Аны уккан адамда сөзсүз санааркоо жаралат.

Сейфтизм

Сейфтизм – думскроллингдин карама-каршысы десек болот. Англисче safe сөзү коопсуз деген мааниде колдонулат. Сейфтизм – аң-сезимдүү түрдө негативдүү кабарларды кабыл албоо. Мында адамдар көңүл ооруткан маалыматтарды укпаганга аракет кылат. Мисалы, ошол эле пандемия же болбосо зордук-зомбулук жөнүндө. Бул абалга түшкөнгө да болбойт дешет аң-сезим адистери. Анткени негативден кача бергенде көңүлүң тынч болгону менен, өзүңдүн башыңа оор күн түшсө андан чыгуу психикалык жактан оорчулук жаратат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1145, 14-20-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан