“Барселона” үмүт арткан ГАВИ

Футбол боюнча Испания улуттук курамасынын, атактуу “Барселона” клубунун жылдызы Пабло Мартин же жөн гана Гави тууралуу сөз кылалы. Учурда 20 гана жашта экенине карабай оюнчу футбол ааламына атын тааныта алды. Футболдогу оюну гана эмес, жоруктары да маал-маалы менен талкууга түшүп турган спортчу. 

Толук аты-жөнү – Пабло Мартин Паес Гавира

Туулган жылы – 2004-жыл, 5-август

Туулган жери – Испания, Севилья

Бою – 173 сантиметр

Жылдыз белгиси – арстан

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

Футболдогу позициясы – жарым коргоочу

 

АТАКТУУ ФУТБОЛЧУЛАР ЧЫККАН АЙМАКТАН

Болочок футбол жылдызы 2004-жылы Испаниянын Севилья провинциясында жарык дүйнөгө келген. Гави туулган аймакта Испания курамасынын атактуу оюнчулары Хесус Навас менен Фабиан Руис да төрөлгөн, кыскасы, бул үчөө айылдаш. Маалыматтарга таянсак, Гавинин ата-энеси Севилья шаарында чакан ресторан иштетчү. Алар “уулубуз ушул үй-бүлөлүк бизнести улантып кетсе” деп тымызын кыялданышчу. Бирок Гави сабактан кийин ресторанга эмес, футбол талаасына шашчу. Муну байкаган ата-эне аны бизнесмен кылабыз деген оюнан кайтат.

“БАРСЕЛОНАГА” 11 ЖАШЫНДА БАРГАН   

Испания курамасынын башкы машыктыруучусу Луис де ла Фуэнте Гавинин футболдогу өзгөчөлүгүн минтип сүрөттөйт: – Бул жигит эки бутун тең иштетет, кара күч жагынан да мыкты. Гол киргизүүгө, тагдыр чечүүчү голдук пастарды берүүгө жөндөмдүү... Айта кетсек, Гави адегенде севильялык “Реал Бетис” командасында ойноп, 95 гол киргизип көзгө илинет. 2015-жылы 11 жашында “Барселона” менен келишим түзгөн. “Барсадагы” дебюттук оюнун 2021-жылы жайында көрсөтүп, клуб үчүн биринчи голун ушул эле жылдын декабрында киргизген.

ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНДЫ

2022-жылы Гави биринчи жолу Дүйнө чемпиондугунда ойноп, Коста-Рикага каршы беттеште гол киргизип дүйнөлүк популярдуулукка жетти. Муну менен ал Дүйнө чемпиондугунда гол киргизген Испания тарыхындагы эң жаш футболчу (18 жаш 110 күн) аталды. Ал эми 2023-жылы январда Испания Супер кубогунун финалында гол киргизүү менен “Барселонанын” жеңүүчү болушуна шарт түзгөнү футбол күйөрмандарынын эсинде. Ушул эле айдын аягында “Барса” менен жаңы келишим түзгөн, клубда 2026-жылга чейин калат. 

ЖЕКЕ ЖАШООСУ ЖАБЫК

Гави – жупуну жана мээнеткеч футболчу. Футболдон тышкаркы жашоосун көпчүлүккө жарыя кылууну жактыра бербейт. Оюнун баары оюнда, өзүн өстүрүүнүн үстүнөн иштейт деп баа беришет адистер. Жаш экенине карабай ага карата “Испаниядагы жаш футболчуларга үлгү болуучу оюнчу” деген да сөз айтылат. 

ОЙНОО СТИЛИ

Гави футболдук интеллекти, техникалык ыкмалары, оюн талаасында өзүн эркин сезүүсү менен өзгөчөлөнөт. Универсалдуу жарым коргоочу, демек, талаанын ортоңку бөлүгүндө да, каптал бөлүгүндө да ойной алат. Топту таамай узатуу, оюндун ыргагын көзөмөлдөө жагынан мыкты экенин баса белгилешет адистер. Гави топсуз кездеги “жумушу” менен да көңүлдү бурат, тагыраагы, атаандашка прессинг жасоодо “Барсанын” күзүрлөрүнүн бири.

2023-жылы ноябрда Гави бутунан оор жаракат алып, 11 ай оюн талаасына чыккан жок. Бул травмасы жана көк майсаңга кайра кайтып келгендеги сезимдери тууралуу жакында мындай деди: “Бул учурду көпкө күттүм. Ар бир учурдан ырахат алып, баалай билиш керек. Футбол – менин жашоом, баарынан көп сагынганым ушул. Мен көп нерсени түшүнүп, баалай баштадым. Бул сабакты мен өмүр бою унутпайм, абдан оор болду. Эми мен командада жакшы адам жана өнөктөш болом”.

“АЛТЫН ТОПТУН” АЛДЫНДА ТАЛКУУГА ТҮШӨТ...

Тагдыр тамашасыбы, Гави атактуу “Алтын топ” сыйлыгын тапшырууга аз калганда дайым талкууга түшүүдө. Эки окуяны мисал келтирели.

2022-жыл, октябрь, Эль-Класико. “Реал Мадрид” жана “Барселона” беттеши аяктайын деп калган мүнөттөрдө Гави орой ойноп, атаандаш оюнчуну жыгып жиберүү менен сары айып кагазын алат. Бул арада “Реалдын” капитаны Карим Бензема келип Гавини байкатып-байкатпай чаап жибергени дүйнөлүк ЖМКларда талкууга түшкөн. Көп өтпөй Бензема менен Гави “Алтын топ” аземинде чогуу болушат. Бензема “Алтын топтун” ээси деп жарыяланып сахнага чакырылган учурда залда отурган Гави Бенземаны жактырбагандай түр менен карап отурганын фотографтар кадрга илип калышкан. “Гави Бенземаны кечире элек” деген аталыш менен жаңылыктар жазылган.

2024-жыл, октябрь, Эль-Класико. “Реал” жана “Барса” беттешинин акыркы мүнөттөрү. “Реалдын” чабуулчусу, “Алтын топ” сыйлыгынын башкы талапкери Винисиус Жуниор калыстан орой ойногону үчүн Гавиге сары айып кагазын көрсөтүүнү талап кылат. Ушул учурда Гави Жуниорго төрт манжасын көрсөтүп “Реал” 4:0гө жеңилип жатат” дегенди ишарат кылып мыскылдайт. Ушундан кийин экөө кайым айтышып кетет.  

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

• Месси, Иньеста жана Исконун оюнун баалайт

• 2023-жылы сентябрда Чемпиондор лигасындагы алгачкы голун киргизген

• Европалык ЖМКлар 2026-жылы “Барселона” менен келишимин 2029-жылга чейин узартат деп жазып жатышат 

•  Испания курамасынын тарыхындагы эң жаш оюнчу (17 жаш 62 күн)

•  Эль-Класиконун стартында оюнга чыккан 21-кылымдагы эң жаш оюнчу (17 жаш 80 күн)

•  Испания курамасынын тарыхындагы голдун эң жаш автору (17 жаш 304 күн)

•  Испания чемпиону (2022-23)

•  Испания Супер кубогунун ээси (2022-23)

•  УЕФАнын Улуттар лигасынын жеңүүчүсү (2022-23)

•  “Эң мыкты жаш футболчу” (“Алтын топ” 2022)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1145, 14-20-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан