Фантастика жанрындагы тасмалардын күйөрмандары үчүн дагы бир тасма жарык көрдү. “Marvel Comics’тин” комиксинин негизинде тартылган “Веном” тасмасынын үчүнчү бөлүгү – “Веном: Акыркы бий” жарык көрдү. Актёр Том Харди кайрадан башкы ролдо. Трилогиянын акыркы бөлүмүнүн тартылуу процесси, камера сыртындагы кызыктар тууралуу макаладан окуңуз.
Тарткан өлкө: АКШ, Улуу Британия, Мексика
Чыккан жылы:
2024-жыл, 25-октябрь
Жанры: фантастика, боевик
Узактыгы: 1 саат 50 мүнөт
Режиссёру: Келли Марсел
Сценаристтери: Том Харди, Келли Марсел
Башкы ролдордо: Том Харди, Чиветел Эджиофор, Жуно Темпл, Рис Иванс, Стивен Грэм, Пегги Лу, Кларк Бако, Аланна Юбак, Энди Серкис
Сарпталган бюджети: 120 миллион доллар
Топтогон каражаты: 317 миллион доллар
Испанияда тартылган
Америкалыктардын супербаатырлары тууралуу канчалаган тасмалар жарык көрдү. Ал баатырлардын образдарын жаш балдар да жакшы көрүп, жаңы жыл же карнавалдарда формаларын кийип, өздөрүн жеңилбес баатыр сезип алышат. Веномдун формасын кийгендерди көрдүңүз беле? Көрбөсөңүз, быйылкы жаңы жылдык иш-чараларда сөзсүз көрөт болушуңуз керек. Анткени “Веном: Акыркы бий” тасмасы быйыл октябрдын аягында прокатка чыгып, азыркы учурда популярдуу тасмалардын катарынан орун алды. Трилогиянын алгачкы бөлүмү 2018-жылы “Веном” аталышында экранга чыккан, анан 2021-жылы “Веном-2”, 3 жылдан кийин минтип акыркы бөлүмү жарык көрдү. Режисёрдук пультка Келли Марсел келди. Келли буга чейинки 2 бөлүмдүн сценарийин жазганга катышкан эле. “Веном: Акыркы бийде” ал сценарист эле эмес, режиссёрлукту да колго алды. Ал эми продюсер, сценарист жана башкы каармандын ролунда Том Харди өзү. Үчүнчү бөлүмгө даярдыктар 2-бөлүм жарыкка чыккандан кийин, 2021-жылы эле башталган. 2022-жылы болсо Том Харди менен Келли Марсел сценарийди жазып бүтүшкөн. 2023-жылы тартуу иштери башталып, тартылуучу жер катары Испания тандалган.
Веном менен коштошуу...
Эми Веном ким экенин эске салалы. Веном – Клинтар планетасынан келген жандык (симбиот). Ал мите сыяктуу курмандагынын денесине кирип, ага болуп көрбөгөндөй күч берет, ошону менен катар коркунучтуу желмогузга да айлана алат. Ал Эдди Брок (Том Харди) аттуу журналисттин денесине кирип алат эмеспи. Веном сыяктуу симбиот Карнаж жана Клетус Кэсединин өлүмүнөн кийин Эдди Брок менен Веномдун сүрөттөрү кылмышкер катары тарап, аларды колго түшүрүү чечими чыгат. Укук коргоо органдарынан качкан экөө өздөрүн акташ үчүн Нью-Йоркко баралы дешет. Бул окуялар жоокер Рекс Стрикленддин көңүлүн бурат. Анткени ал көп убакыттан бери симбиоттордун Жерге эмнеге келгенин изилдеп жүргөн эле. Ал Веном менен Эддинин жардамы менен изилдөөлөрү бир жыйынтыкка келет деп эсептейт. Бирок Нью-Йоркко учак менен учуп баратканда Ксенофаг аттуу симбиот Веномдорго кол салып, Эдди экөө ай талаага кулашат. Веном Эддиге симбиоттордун негиздөөчүсү Наллдын буйругу менен куугунтук болуп жатканын айтат. Налл кодекс аттуу затты издеп жаткан, анын бир бөлүгү Веномдун денесинде болушу мүмкүн эле. Кодекстин жардамы менен Налл симбиоттор өзүн алдап камап койгон түрмөдөн чыкмак. Кодексти алыш үчүн, же Эдди, же Веном өлүшү керек... Алдыда көптөгөн кармаш, согуш, адамзаттын коопсуздугун сактоого аракеттер... Мунун баарын “Веном: Акыркы бий” тасмасынан көрө аласыз.
Терс каарман болчу
“Marvel Comics” басылмасында Веном тууралуу маалымат 1988-жылы пайда болгон. Анда ал Жөргөмүш-адамдын душманы катары сүрөттөлгөн эле. Убакыттын өтүшү менен Веномдун фан-базасы көбөйүп, экинчи пландагы каармандан башкыга көтөрүлгөн. Бирок дагы деле терс каармандын образында болчу. Бара-бара терс каарман супербаатырга айланып, дүйнө жүзүн сактаган баатырлардын катарынан орун алды. Веном “Marvel’деги” алгачкы симбиот эмес, биз ага чейин Жөргөмүш-адамдын симбиотун көрүп келгенбиз. “Веном” тасмасы башынан эле триквел болуп чыгат деп айтылган. Айтылгандай эле “Веном: Акыркы бийде” биз көнүп калган Веном коштошуп кетти. “Веномдон” ордун “Marvel Comics’тин” “Крейвен-аңчы” тасмасы басат деген маалыматтар бар. Кезектеги супербаатыр тууралуу бул тасма ушул жылдын декабрь айында прокатка чыгат.
Жөргөмүш-адамга каршы
Армия, окумуштуулар, симбиоттор колго түшүргөнгө аракет кылган Веном-Эдди тандеми тууралуу тасмага эски да, жаңы да каармандар кошулду. Көбүнчө кино сынчылардын терс пикирине кабылганы менен, сүйүп көргөн көрөрмандар тасманы алга сүрөп кетишти. “Веном” триквели аягына чыкты, эми кийинки бөлүмдөрү тартылбайт. Ошентсе да Веном кандайдыр бир жол менен “тирилип” “Марвелдин” башка тасмаларына катышат дешет. Башынан эле Веном Жөргөмүш-адамдын душманы болчу дебедикпи, алдыда актёр Том Холланддын ролундагы Жөргөмүш-адам жана Том Хардинин Веному бетме-бет келген тасма жаралат деген маалыматтар бар.
Асыл Орозбекова