Ырчы Алтынай Жайнакова бул аптада гезитибиздин башкы бетин кооздоду. Ал жашоосуна саресеп салып, өзү тууралуу фактыларды айтып берет. Анда ырчы айымдын инсандык ааламына сапар тарталы.
“18 жашымда эне болдум”
– Эң биринчи факт – мен энемин. 18 жашымда эне болдум. Ал убакта энелик сезим кандай болорун деле сезбептирмин. Ошентсе да балам менин жашоомо чоң маңыз болду. Эне болгондон кийин кээ бир кыйынчылыктарда моюн сунбаганга, ыйлай турган жерден ыйлабаганга аракет кыласың. 18 жашымдан бери баламды жалгыз тарбиялап келе жатам. 18 жаш деген эмне, баласың да, ойной турган, он гүлүңдүн бири да ачыла элек курак. Албетте, кыйынчылыктар болду, азыр артка кылчайып ал учурларды эстегим келбейт. Кудайдын мага ушундай акылдуу уул бергенине ыраазымын. Учурда балам 11 жашта, аны болушунча түшүнүп, колдогон, ошол эле учурда тартипке бекем эне болгонго аракет кылам.
“Кичинемден тыңмын, 6 жашымда товар сатчумун”
– 6 жашымдан соода-сатыкка аралаштым. Тыңдыгымды байкаган апам мага акча, соодага байланыштуу үч суроо бериптир. Үчөөнө тең так, туура жооп берген экенмин, ошондо кичинекей столго товар тизип жолдун боюна коюп бериптир. Ошол кичинекей столум чоңоюп отуруп, кийин чоң дүкөнгө айланды. Ош-Бишкек жолунун боюнда дүкөнүбүз бар эле, мектептен кийинки убактым ошол дүкөндө өтчү.
“Мектепти Орусиядан бүтүрдүм”
– 8-класстан тарта Орусияда окудум, мектепти Москвадан бүтүргөм. Анткени эжелерим мектепти бүтүп, жогорку окуу жайга Орусияга тапшырышкан. Алардын арты менен мен дагы Орусияга барып окуп калдым. Айылдан түз эле чоң Москвага барып калгам. Албетте, чоң шаар мага чоң ачылыш болгон. Чоң ийгиликтерди жаратса болоруна, чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенине ошондо ишенгем. Мектепте 3 кыргыз окуучу бар элек, мугалимибиз да, классташтарыбыз да бизге аябай жардам беришчү. Ошого жараша аракетибиз да күч эле. Ошол кыргыз кыз азыркыга чейин жакын курбум.
“Палоону жакшы басам”
– Тамакты ылгабай жейм. Түрлөп тамак жасаганды жактырам, айрыкча палоону жакшы басам. Өзгөндөнмүн да, эки күндүн биринде эле аш баса беребиз. 4-5-класс кезимде үйдө атам, мен, иним эле калганбыз. Апам эжемдерди Москвадан окутам деп Орусияга иштегени кеткен. Ошол убакта кадимкидей тандырга нан жаап, уй саап, тамак жасайт элем кипкичинекей болуп туруп.
“Кара дубадан 6 ай катуу кыйналдым”
– Кара дубанын бар экенине ишенем. Анткени өз башымдан өттү, 6 ай бою аябай кыйналдым. Бир апта уктабай калган күндөр өттү, уктайын десем өзүмдөн өзүм корком, жаныма бирөөнү отургузуп, аны кармап жатам, айтор, зомби эле болуп калгам. Мечитке барсам “чоң молдого барып дем салдырбасаңыз болбойт” дешти, ошентип дем салдырып, азыр жеңилдеп, эми-эми өзүмө келе баштадым. Кимдер кылганын билген жокмун. Бул нерсени баштан өткөргөндөр гана билет.
“Уйкучу элем, суткалап уктачумун”
– Мурда 2 сутка деле уктай берчүмүн. Азыр ойлосом, мунун баары оор жүктөн болгон окшойт. Элдин көзүндө көп жүрөбүз, жогоруда айткандай, кара дубалардан да болушу мүмкүн. Үйдү караңгылатып, жарыкты өчүрүп, дубалды карап эле жата берет элем, ушул жакчу.
“Мени көптөр таарынтышты”
– Бат таарынып, бат жазылам. Жан дүйнөм абдан назик, бирөөгө катуу сүйлөй албайм. Көп ыйлайм. Азыр да жан дүйнөмдүн аябай эреркеп турган убагы. Эгер кимдир бирөөнү таарынтып алсам дароо кечирим сурайм. Антпесе үстүмдө жүк тургандай болуп кыйнала берем. Башкалар мени таарынтышкан учурлар да көп болду. Жанымда сиңди тутунуп жүргөн кыздар көп туура эмес иштерди кылып, артымдан жаман сөздөрдү айтып жүргөнүн билгенде таарындым. Көпкө чейин. Таарынткандарды кечиришим мүмкүн, бирок экинчи мамиле кылбайм.
“Ыйлаакмын”
– Ыйлаакмын. Кечээ жакында апамдын туулган күнүндө айылга бардым. Ошондо ичимде болуп жаткан нерселерди апама айтып ыйладым. Жашоомдо колдоо керек болгон учурларды айтып ыйладым. Апам өзү дайыма колдоо сөздөрүн айтып, мактап турат, ошолорду уккум келди окшойт.
“Эркектин колдоосун күтө берчүмүн”
– Буга чейин эркектин колдоосун күтө берчүмүн. Азыр түшүндүм, эркектин колдоосу деле эмес, жашооңдо өзүңдү өзүң түшүнгөндө Жараткандан башка эч кимдин колдоосу керек болбой калат экен. Эми инсанбыз, бири-бирибизден колдоо күтөбүз. Буга чейин жумушта болобу, башка жердеби, өзүм ала турган жоопкерчиликти деле мырзаларга жүктөй салчумун. Азыр ал нерсе туура эмес экенин аңдадым. Чындык менен бет келишкенди, жашоомо өзүм жоопкерчилик алганды үйрөндүм.
“Жүрөгүмдүн ээси бар”
– Жүрөгүмдүн ээси бар. Жакшы ниет кылып койдук, буюрса. Бирок айтпадымбы, акыркы 6-7 айда кыйын этапты баштан өткөрдүм деп, ошол учурда мамилебизге да чектөө коюп койдум. Башка бирөөгө зыянымды тийгизип койбоюн дедим, анткени ал учурда эмоционалдык жактан туруктуу эмес элем.
“Тамашакөйлүгүм көп учурда жардам берет”
– Тамашакөймүн. Бул мага атам тараптан өткөн сапат, атамдын инилери укмуш тамашалашат. Биз тамашалап сүйлөшкөндө карап турган адамдар ишенип алышат. Негизи тамашакөйлүк жашоодо көп нерсени жеңип кеткенге жардам берет. Бирөө менен баарлашканда арыз-муңуңду айтып отуруп албайсың, тамашакөйлүгүң менен эркин сүйлөшө аласың.
“Элдик ырларды жакшы ырдайм”
– Ырчылыктын окуусун бүткөн эмесмин. Бирок күчтүү музыкант эжелерден сабак алгам. Баягы “кара пиар” менен элге белгилүү болуп кеткенде аябай көп жаман комментарийлер жазылды, “ырдай албайт, үнү жок” деген сөздөрдү окуй берип, мен дагы ошол деңгээлге түшүп калгам. Тагыраагы, өзүмдү ырдай албагандай кабыл алып калгам. Ошентип ырдаганды токтотком. Андай эмес экенимди, ырдай аларымды эми түшүнүп жатам. Негизи элдик ырларды жакшы ырдайм.
“Ырдай баштасам жашоо мага түстүү көрүнөт”
– Мындан ары чыгармачылык менен кетем деп ниет кылып жатам. Буга чейин бизнесте жүрдүм, жан дүйнөмдө тынч учур болгон жок. Качан чыгармачылыкка аралаша баштаганда жашоо мен үчүн түстүү көрүнө баштайт. Ырдап баштаганда, сахнага чыкканда, элге чыгармачылык менен аралаша баштаганда энергиям толот. Демек, мен ушул тармак үчүн жаралган окшойм деп калам.
“Менден улуулар да эже деп кайрылышчу”
– Учурда 29 жаштамын, буга чейин жашымды айтпай келгем. Себеби чыгармачылыкка 19-20 жашымда аралаштым да, өзүмдү коргоо үчүн жашымды жогору айтып койчумун. “Жаш кыз экен деп сындырып коюшпасын” деп сактанчумун. Көпчүлүк менден улуулар деле мага эже деп кайрылчу. Өзүмдү да улуулардай алып жүрүп калгам. Кырдаал ошону талап кылды.
Гулийпа Маметосмон кызы