Орусия мигранттардын балдарын чектөөгө астейдил киришти

Орусияда эмгек мигранттарынын балдары орус тилин билбегени үчүн мектептерге кабыл алынбай калышы мүмкүн. Тийиштүү мыйзамдын долбоору Мамлекеттик думанын кароосуна киргизилгенин орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты. Эми миграцияда жүргөн мекендештердин балдары мектепке кирүү алдында тест тапшырып, орус тилин жетиштүү деңгээлде билерин тастыкташы керек. Тастыктай албаса алар үчүн мектептин эшиги жабылат. Тест кандай тартипте, кандай критерийлер менен өтөрү азырынча белгисиз, анын жол-жобосун Орусиянын Билим берүү министрлиги иштеп чыгышы керек. Сунушталган долбоордо тест акысыз түрдө жүргүзүлөрү айтылат. Аталган мыйзам долбоорун Орусия парламенти 10-декабрда 1-окууда карай турганы күтүлүүдө. Мыйзам кабыл алынып калса, 2025-жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирмекчи. 

22-ноябрда Орусияда КМШга мүчө мамлекеттердин парламент төрагалары катышкан жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев аталган маселеге токтолду. Мигранттардын балдарына тийиштүү чектөөлөргө тынчсызданып жатканын айтты.

– Тескерисинче, мигранттардын адаптациясынын эң маанилүү механизми – мектептер. Чөйрөгө ийгиликтүү интеграциялоонун фактору катары мектеп балдарга гана эмес, алардын ата-энелерине да жакшы таасир этет. Ушул маселеге өзгөчө көңүл буруу керек, – деди Шакиев.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1147, 28-ноябрь-4-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан