Кыргызстанга ташылып келген товарлардын сапатын көзөмөлдөө күчөтүлөрүн 26-ноябрда Айыл чарба министрлиги билдирди. Бул ишти министрликтин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жүргүзөрү, максат – элдин ден соолугун коргоо жана кооптуу, сапатсыз товарлардын өлкө аймагына киришин токтотуу экени белгиленди.
– Департамент товарлардын сапатын аларды өлкө аймагына киргизүү этабында көзөмөлдөөнү күчөтөт. Бул зыяндуу заттардын коркунучуна байланышкан тобокелдиктерди азайтууга шарт түзөт. Биз тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн бардык катышуучуларын фитосанитардык талаптарды сактоого, сертификаты бар жана сапаттуу товарларды гана алып кирүүгө чакырабыз, – деп айтылат маалыматта.
Чек арада товардын сапаты боюнча документтерди жана сертификаттарды текшерүү, фитосанитардык көзөмөл катаалдашат, өлкөгө киргизилип жаткан товарларды курамында зыяндуу организмдер жокпу деп дыкат лабораториялык изилдөө жүргүзүлөрү күтүлүүдө.