Чүйдүн Искра айылында мектеп окуучулары массалык түрдө ууланышты. Чүй ОИИББинин 27-ноябрда берген маалыматы боюнча, Токмок шаардык ооруканасына тамактан ууланды деп 11 бала жеткирилген.
Окуянын чоо-жайы иликтенип, ууланууга таштандыдан табылган суусундук себеп болгону айтылууда. 7-класстын окуучусу таштанды полигонунан “BEN 10” деген таттууну жана бөтөлкөдөгү таттуу сууну таап алып, аларды мектепке алып барып классташтары менен бөлүшүп жеген. Балдарга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөнү кабарланды. Окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды.
28-ноябрда парламент депутаты Нилуфар Алимжанова мектепте жана мектептин айланасындагы дүкөндөрдө сатылып жаткан нерселер күмөн жаратарын, балдардын эмне жеп жатышканына көзөмөл жок экенин айтып чыкты.