Күлкү, кубануу – жүрөктүн жашоосун узартат

Бул ирет адамдын жүрөгү тууралуу кызыктуу маалыматтарга орун беребиз.

Оң эмоция – күлкү, кубануу сыяктуу оң эмоциялар кан тамырлардын керегелерин бошотот, натыйжада кан тамырлар аркылуу өтүүчү кандын агымын 20 пайызга тездетет. Демек, күлкү, сүйүнүү сыяктуу эмоциялар жүрөк-кан тамыр системинин саламаттыгын сактоого жардам берген мыкты жардамчылар.

Формасы – ар бир адамда жүрөктүн формасы ар башка. Форма адамдын жынысына, жашына, саламаттыгына, дене түзүлүшүнө жараша болот. Ал эми оюн картасында жана башка көптөгөн жерлерде тараган кызыл жүрөкчөнүн формасы чырмооктун (плющ) жалбырагынын формасынан алынган.

Салмагы – эркектердин жүрөгүнүн салмагы – 270-385 грамм, аялдардыкы – 202-303 граммга чейин болот. Эң чоң салмактагы жүрөк – көк киттики, анын жүрөгүнүн салмагы дээрлик 700 килограммга жетет. Чоң адамдын жүрөгүнүн узундугу – 10-25 сантиметр, туурасы – 8-11 сантиметрге чейин болушу мүмкүн.

Үн – жүрөк тушка кулак такаганда чыккан дүк-дүк деген үндү баарыбыз эле уксак керек. Бул добуш жүрөк клапандары жабылып жатканда чыгат. Француз дарыгери Рене Лайенс өзгөчө көкүрөгү чоң бейтаптардын жүрөгүнө кулак кадап жүрөк кагышын угуу ыңгайсыздык жаратканын байкап, стетоскопту ойлоп тапкан.

Түйүлдүктө – эненин курсагында пайда болгондон 4 жумадан кийин түйүлдүктүн жүрөгү кага баштайт. Андан кийин адам өлгүчө жүрөктүн кагышы токтобойт.

Ритм – чоң кишилерде жүрөктүн кагуусу мүнөтүнө 60-85 нормалдуу деп эсептелсе, жаңы төрөлгөн наристеде бул көрсөткүч 150 кагууга жетиши мүмкүн.

Энергия – Жүрөк булчуңдары денедеги башка булчуңдарга салыштырмалуу эң көп жумуш аткарат. Күн сайын жүрөк жүк ташуучу унааны 25 чакырым, жеңил унааны 32 чакырым кыймылга келтирүүгө жетиштүү энергияны иштеп чыгат. Адамдын жашоосунда жүрөк ушунчалык көп энергияны иштеп чыгат, болжолдуу эсептегенде ал энергия Айга барып, кайра артка келгенге жетет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1147, 28-ноябрь-4-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан