Биздин бул жолку каарман учурда Вьетнамда жашаган Болот Акимбаев. Мекендешибиз экзотикалык өлкөгө кантип барып калганы, ал жакта кантип бизнес түптөгөнү, вьетнамдыктар ага кантип тил үйрөткөнүн жана башка кызыктарды айтып берди.
“18 жашымда Түркияда гид болуп иштедим”
– Кичи мекеним – Тогуз-Торонун Казарман айылы. 6 жашыма чейин ал жакта жашап, атамдын көзү өтүп кеткенден кийин Токмокко көчүп барганбыз. 2 бир тууганбыз, карындашым бар. Апама оордук түшпөсүн деп студент кезден ар кандай иштерде иштедим. Акыры ар кайсы жерде аз акчага иштеп жүрө берсем болбойт деп чет өлкөдөн иштөө жолун караштыра баштадым. Чет жерде жашаган бир таежем “англис тилин билбесең кыйналасың” деп мага англис тилин үйрөтүүгө интернет аркылуу жардам бере баштады. Таякем ноутбук алып берди, жумушта отуруп күнүгө 10 сөздөн жаттайм. Кечинде таежеме аларды айтып берип, жазылышын, туура айтылышын үйрөнөм. Ошентип жүрүп жаздын бир күнү досум экөөбүз Түркияга кеттик, болгону 18 жашта элек. Гид болуп иштейсиңер дешти. Буга англисче, орусча билгенибиз себеп болду. Абдан кубандым, анткени туризмге, саякатка кызыкчумун. Берилип жакшы иштедик. Октябрда “бизде туризм мезгили бүтүп баратат, иштейм десеңер Вьетнамга жөнөтөлү” дешти эле шыр эле макул болдум.
“Кебетең бизге окшош экен, улутуң ким дешти”
– 2012-жылы ноябрда Вьетнамга кеттим. Адегенде мага Вьетнам жаккан жок, кичинекей бир айылга баргам. Аба ырайы ысык, климаты нымдуу, биз жеп көрбөгөн тамактар... Орус тилдүү гид катары иштей баштадым. Жанымдагы вьетнамдык гид мага жардамдашып, көп нерсе үйрөтүп жүрдү. Вьетнамдыктар “кебетең бизге окшош экен, улутуң ким?” деп сурап жатышты. Кыргызстанды билишпейт экен, өлкөбүз тууралуу сүрөттөрдү көрсөтүп, тааныштырууга өттүм. Анан тигилердин сөзүнөн СССРди билише турганын байкап калдым. Көрсө, Вьетнамдагы согушта СССРдин аларга жардам бергенин азыркыга чейин унутпай айтып жүрүшөт экен. “Мурунку СССРден келдим” десем “СССРге рахмат айтабыз” дешип мага тамак-ашын бекер берип, бооруна тартышып, көптөп тил үйрөтө башташты.
“Келинчегим менен Таиланддан тааныштым”
– 1 жыл иштегенден кийин мени 2 жылга Таиландга жиберишти. Тажрыйба топтоп калганга ал жактан кызматымды 1 тепкичке көтөрүштү. Келинчегим менен Таиланддан тааныштым, ал дагы гид болуп иштеп жүрүптүр. Бири-бирибизди колдоп, жардамдашып жүрүп жакын болуп кеттик. Келинчегим Жети-Өгүз районунан болот, Кыргызстанга барып той берип баш кошуп, кайра чогуу Вьетнамдын Нячанг шаарына кеттик. Аталган өлкөдө баары скутер, мопед, велосипед айдашат. Жол эрежелерин көп сактай беришпейт. Бир күнү мотицклден кулап, комага түшүп, ооруканада 2 күн жатып калдым. “Кыргыз бала ооруканада жатат” дегенди угуп Мирбек деген байке мени издеп келиптир. “Кыргызсың, боорумсуң” деп бир тууган инисиндей каралашып, мага тамак-аш ташып жүрдү. 2016-жылы Мирбек байке “кафени иштеткенге жетише албай жатабыз, силер ижарага алып иштетип көрбөйсүңөрбү” деп калды. Туугандардан кеңеш сурасак “эмнеси болсо да иштетип көргүлө, болбосо арманда каласыңар” дешти. Ошентип кафени “Кочевник” деп атап, иштетип баштадык. 1 жылдай кыйналдык. Тамакты келинчегим өзү жасайт. Менюга башка тамактар менен кошо куурдак, лагман, палоо, шорпону коштук. Тамакты түрлөп жасап, кардар көбөйтөлү деп келинчегим ашпоздуктун курсунан окуду. Нячанг ошол кезде Беларусь, Орусия, Украина, Түштүк Корея, Кытай туристтери арасында абдан популярдуу болчу. Аталган өлкөлөрдүн туристтери тамак ичкенге күнүгө 2 маалдан келип жатышты. 1 жылдай иштеп тажрыйба топтогондон кийин кафени оңдоп-түзөдүк. Анан Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан да туристтер келе башташты. Ковид учурунда Вьетнам чек арасын 2 жылга жаап, биз Кыргызстанга барып жашадык.
“Кыргыз туристтери алыстан келип тамактанып кетишет”
– 2 жылдан кийин кайра Вьетнамга кеттик.
Биз иштетип жаткан кафенин ээси ижара акысын кымбаттатыптыр. Ошого башка кафени ижарага алып иштетүүгө кириштик. Кыргызстандан барган туристтер биз, биздин кафе тууралуу угушса алыстан болсо да келип, тамак ичип, бизге каалоолорун айтып кетишет. Ошого ыраазыбыз.
Келинчегим экөөбүз убагында Лаос, Комбоджага да барып азыраак жашап көрдүк. Бирок бардык жагынан Вьетнам артык сезилип, ошого мында жашап калганбыз. Учурда 3 кафебиз бар, аталыштары окшош. Биринчи иштеткен кафебизде 5 стол болсо, азыр ар бир кафебизде 14 столдон. Вьетнамдыктардын ченеми менен 14 стол болсо, чоң кафе деп эсептелет. Бул жакта жер тилкеси абдан тартыш болгондуктан үйлөр чакан, бирок 3-4 кабаттуу. 1-кабаты дүкөн, кафе сыяктуулар.
“Вьетнамдык достор менен бир үй-бүлөдөй болуп калдык”
– Бирге иштешкендер, кошуналар, вьетнамдык достор менен катташып, бир үй-бүлөдөй эле болуп калдык. Алардын майрамдарында биз аларды, биздин Нооруз сыяктуу майрамдарда алар бизди куттуктап белектерин көтөрүп келишет. 3 балабыз бар. Улуу кызым 3-класста окуйт. Уулум 5, кичүү кызым 3 жашта. Бул жакта славян тилдүү элдер көп, ошого орус тилдүү бала бакча, мектептер бар. Кызым орус класста окуса, кичүүлөрү орус тилдүү бала бакчага барат. Улуу кызым кыргызча сүйлөй алат. Беркилерине кыргызча суроо берсек, орусча жооп беришет, ошого кыргыз тилин ушундайында жакшылап үйрөтөлү деп жатабыз. Кудай буюрган күнү Кыргызстанга кайтып барабыз.
“Тамак-аш арзан, жашоо жеңил”
– Вьетнамда аба ырайы дайыма 28-34 градус жылуу болуп турат. +16-17 градусту алар суук деп эсептешет. Андайда “үшүдүк” деп кол кап, күрмө, шапке кийип алышат. Биз Кыргызстандын аба ырайына көнгөнбүз да, жука кийимчен жүрсөк, “үшүбөйсүңөрбү?” деп таң калышат. Жерди 1 жылда 3 ирет айдап, түшүм алгандыктан жашылчалардын баасы абдан арзан. Негизи эле азык-түлүк арзан, кышкы кийимдин кереги жок. Ошого кыйналбай жашаса болот.
Кыргызстанга адатта жазында барабыз. Тоого чыгып, кымыз ичип эс алабыз. Кышта барсак жылуу климатка көнгөн жаныбыз ооруп калабыз. Анткени Вьетнамда жашаганыбызга 9 жыл болуп калды да.
Нячанг – Түштүк-Кытай деңизинин боюндагы популярдуу курорттук шаар. Пляжы 7 чакырымга чейин созулат. Жамгыр аз жаайт, бирок бир жааса нөшөрлөп төгөт. Деңизинде креветка, осьминог, кальмар, омар, балыктын түрлөрү көп. Туристтер бийик мунара, шаркыратмаларга, ылай менен дарылоочу жайларга, Океанография институтуна жана башка жактарга саякатташат. Окурман, эгер Вьетнамга келсеңиз, бизге келип, үйүбүздөн даам татып, конок болуп кетиңиз.
Канымжан Усупбекова