Улукбек Төлөмүшев, стендапер: “Мыкы мени КВНден кубалап жиберген”

Кыргыз тилдүү стендап долбоорундагы кыз-жигиттерди көрүп жатсаңыз керек, окурман. Арасында биздин бул жолку каарманыбыз дагы бар. Анын “биз, 90-жылдары төрөлгөн балдар ары эмес же бери эмес болуп, витамин жетпей чоңойгонбуз. Же бизге сакал өспөйт. 2000-жылкыларды карасаңар бойлору узун, сакалы бар. Аларды байке деп жиберебиз” деген тамашасы белгилүү. Анда Улукбек Төлөмүшев менен таанышалы.

Каарман тууралуу

Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 18-февраль

Туулган жери – Түп району, Долон айылы

Хоббиси – жөн эле үйдө жатып эс алуу, уктаганды, анан үй-бүлөсү менен бир жакка барып даамдуу тамактанганды жактырат

Кесиби – ашпоз, бирок жан дүйнөсү элди күлдүрүүнү каалайт

Жактырган унаа үлгүсү – Тойота Камри, бирок учурда Хундай Соната айдайт

Үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы

– Улукбек мырза, Кыргыз стендапка качан, кантип аралашып калдыңыз?

– Кыргыз стендаптын ачылганына бир жарым жыл болду. Анын негиздөөчүсү Мыкы – Мыктыбек Мукаев менин досум, Политехте чогуу КВНде ойночубуз. Мыкы жаштарга ылайыктуу кыргыз тилдүү эч нерсе жок, кыргыз тилге салым кошолу деп, атайын кечелерди уюштура баштаган. Алгач мени үн коюучу, диджей катары чакырган. Карасам сахнага чыккандардын көбү отургандарды анча күлдүрө албай жатат. Ошондо мен деле чыксам болот экен дедим. Биринчи чыкканда эле байгесин утуп алып, ошону менен кызыгып кеттим. Башында 20-30 кишиге коюп жаттык, жарым жылдан кийин концерт берсек, залыбыз толду. Анан чоң залдарга өтө баштадык, Кыргыз драма театрына койдук. Буюрса, долбоор ийгиликтүү келатат.

– Алгачкы жолу сахнага чыкканда элди күлдүрүү оор болгон жокпу?

– Жогорку окуу жайда КВНде ойночумун, “Тамашоудо” Мыкылар менен бир командада ойногом. 1-2 жолу “Тамашоунун” концертине да чыккам. Кийин жеке иштер менен кеттим. Азыркы жаштардын “гештальт” деген сөзү бар, менде ошондой калып калыптыр. Сахнада элдин кол чабуусу бизге, юмористтерге баңгизат сымал. Мурун “Тамашоудо” жетпей калган нерсеме эми жетип жатам.

– Кайсы тамашаңыз элге жакшы алынды?

– Интернетте жакшы тараган тамашам – “90-жылдардагы балдар кыйналып чоңойгонбуз” дегени. Андан кийин – “азыр эркектер лох болуп калдык. Аялың кимдин аялы менен сүйлөшсө, ошолор менен гана катташып калдык” деген тамашам жакшы кетти. Ушул тамашамдын артынан тойго чакыргандар болду.

Жакында коляска жөнүндө тамаша айттым. “Азыркы жаштар 80 миң сомго коляска алып жатышат, ага 15 миң кошсоң Матиз машинеси келет экен. Мен жаткан коляска азыр “Дордойдо” бизнес кылып жүрөт, айына 80 миң таап жатат” деген тамашам жакшы кабыл алынууда.

– Тойлордо тамадалык да кыласызбы?

– Тойго тамада катары да барабыз. Башында элге тааныла электе тааныштардын тойлорун алып барчумун, ал кезде ставкам да арзан эле. Элге тааныла баштагандан бери ставкам да өстү, чакыргандар да көбөйдү. “Прожарка” деген формат бар, конокторду, той ээлерин тамашага салабыз. Бирок бул нерсе ал адамдарга да жаккандай болуш керек. Өзүнүн эле адаттарын, досторунун арасында ич ара түшүнгөн шакабаларын, маалыматтарды алдын ала сурап алабыз. Анан тамаша кылып айтабыз. Бул жаштарга эле өтөт, улууларга болбойт бул формат. Тамадалык – мен үчүн акча табуу булагы, үй-бүлөнү багыш керек да. Элге күлкү тартуулоо мен үчүн маанилүүрөөк. Тамашаларың элге жайылып, сенин тамашаңды бири-бирине жиберип, тамашалашып калганын көрүү аябай ырахат тартуулайт экен.

– Университетте КВНге катышып жүрүп, ишкер болуп кеттим дедиңиз...

– Автоунаанын майын алмаштыруучу жайда иштедим. Бул үй-бүлөлүк бизнесибиз. Балдар, Мыкы мени КВНден кубалап жиберген (күлүп). “Сен биз менен ойнобойсуң, болду, балдар көп, сен ашыкча болуп жатасың” деп эле кетирип жиберишкен. Аябай намыстанып, ичим күйүп жаман болдум. Эмне кыларымды билбейм. 2-курста окуйм. Анан менин колумдан эмне келет деп ойлондум. Кичинемден атамдын май алмаштыруу жайында иштечүбүз да, ошону ойлонуп, бизнес ачайын деп жай издедим. Бир жерди ижарага алып, май алмаштыруучу жай ачтым, ал жерди иштетип жүрүп 5 жылда үй алдым. Азыр ал жерди иним иштетет .

– Мыкыга таарындыңызбы?

– Анда Мыкыга эле эмес, балдардын баарына былтыйып таарынып жүрдүм да. Бирок бир чети жакшы болуптур, бизнес кылып бутума турдум. Анан кайра эле келдим, азыр Мыкынын жанында жүрбөймүнбү. Негизи таарынсам бат эле жазылам, эч нерсени ичимде кармабайм, бетке айтып эле чыгарып салам.

– Балалыгыңыз Түптө өткөнбү?

– Түптө төрөлүп, бирок Караколдо чоңойгонмун. 9-класстан кийин Бишкекке келип, Кыргыз экономикалык университетинин лицейине тапшыргам. Кесибим боюнча ашпоз-технологмун. Андан кийин окуумду Политехникалык университеттен уланттым. Бирок ал жакта окубай эле КВН ойноп жүрө бергенбиз. Мыкы, Радик Эшимов менен ошол жактан таанышып, дос болуп калганбыз.

– Ата-эне, бир тууган, үй-бүлөңүз тууралуу сурайын... 

– Үй-бүлөлүүмүн, 2 кызым бар, улуусу 5, кичүүсу 3 жашта. Келинчегим экөөбүз бир мектепте окуганбыз, аты Минара. Көпчүлүк тамашаларды жазганга келинчегим жардам, дем-күч берет, экөөбүз достордой отуруп алып жазабыз. Өзүм 6 бир тууганмын. Атамдын аты Максат. Өзүмдүн апам 12 жашымда каза болуп калган. Азыр экинчи апабыз бар. Ошол бизди багып чоңойтту, бактылуубуз.

– Экинчи апаңыз келгенде өткөөл куракта болгон экенсиз, аны кабыл алуу оор болдубу?

– Ал учурда Бишкекте болдум, алар Каркол шаарында болушту, чогуу жашаган жокпуз. Эми башында кызгануу сезими болду, бирок кийин баарын түшүндүк, атабыз жалгыз эмне кылмак эле? Жакшы эле өттү баары, үйлөндүк-жайландык, тойлорго чейин өз апабыздай эле бүт милдетин алган, жакшы эле колдоо кылышат. Келинчектерибиз апа дешет, мен апа дей албай калдым, эже дейм. Балдарым чоң эне дейт, жакшы эле.

– Сиз кимисине окшошсуз, апаңызгабы же атаңызгабы?

– Апам шайыр адам эле, мен апама окшошмун. Жанындагыларды күлдүрүп эле, маанайы жок жүрчү эмес. Ал кезде атам да, апам да жарышып иштешчү, Алматыга чейин барып картошка сатышчу. Апабыз акча деп жүрүп өзүн карабай, ашказанынан рак болуп кийин көзү өтүп кетти. Иним экөөбүз калдык, атам 3 жыл үйлөнбөй жүрдү. Ушул жерден атама абдан ыраазы болом. Анткени бизди чоң ата, чоң энебиз сурап “балдарды бизге берип, өзүң турмуш кур” дешкен экен. Атам “жок, эки баламды өзүм багам” деп бизди бутубузга тургузду. Ошол жагынан атама аябай баа берем, чыныгы эркек, чыныгы ата. Азыркыга чейин баарыбызды чогуу, ынтымакта алып жүрөт.

 

Гулийпа Маметосмон кызы        

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1147, 28-ноябрь-4-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан