Музыка угасызбы? Укканда кандай сезимдер болорун байкадыңыз беле? Музыкотерапия – психотерапияда дарылоо катары колдонулчу ыкмалардын бири. Эң негизгиси, көңүлгө, жан дүйнөгө, жүрөккө тынчтык тартуулоого жардам берген музыка аркылуу дарылоо тууралуу пайдалуу маалымат менен кабардар кылабыз.
ЧЫНЫНДА ЭЛЕ МУЗЫКА ДАРЫЛАЙБЫ?
Дарылоонун бул ыкмасынын тарыхы мындан миң жыл мурунку учурга барып такалат. Египет, Грек жана Кытай сыяктуу байыркы маданиятка ээ өлкөлөрдө музыка көбүнчө ырым-жырымдарда жана дарылоо ыкмаларында маанилүү роль ойногон. Гректер музыканын дене менен жандын гармониясын калыбына келтире турган дарылык касиети бар деп эсептешкен. Ал эми Пифагор музыка менен математика адамдын ден соолугуна таасир эте турган гармония жана ритм аркылуу байланышат деп эсептеген. Тамырчы, табып, монахтар өзүлөрүнө кайрылган бейтаптарды тынчтандыруу жана айыктыруу үчүн алгач ыр ырдашчу.
Азыркы заманбап медицинада музыка менен дарылоону “Альтшуллер изопринциби” деп коюшат. Бул принципке ылайык, музыка бейтаптын эмоционалдык абалына ылайык келсе, анда сөзсүз дарылоого жардам берет. Мисалы, депрессия менен иштөөдө алгач минордук, элегиялык музыка колдонулуп, убакыттын өтүшү менен мажордук клавишанын музыкасына өткөнү көрсөтүлөт.
АРТ-ТЕРАПИЯНЫН БӨЛҮГҮ
Азыркы учурда музыкотерапия арт-терапиянын бир бөлүгү катары колдонулуп калды. Музыкалык искусство адамдын абалын башкаруу ыкмасы катары ар кандай илимдердин: медицинанын, социологиянын, психологиянын изилдөө предмети болуп саналат. Бул илимдер тарабынан алынган изилдөөлөрдүн жыйынтыгында музыка терапиясы – арт-терапиянын бир түрү катары кабыл алынган. Бүгүнкү күндө ал психотерапиянын жардамчы каражаты болуп эсептелет, өзгөчө татаалыраак дарылоо ыкмаларын колдонууга бейтаптарды даярдоодо музыкотерапиясы жардамга келет.
АКТИВДҮҮ ЖАНА ПАССИВДҮҮ ТҮРҮ
Музыкотерапиянын активдүү жана пассивдүү түрү бар. Активдүү түрүндө бейтап түздөн-түз катышышы керек. Кошо ырдап, бийлеп, кол чаап, бутун кыймылдатып жана башка. Ал эми пассивдүү музыкотерапияда түрдүү музыка кайрыктары жаңырат. Адам жөн гана угуучу болот. Ар бир обонго жараша бейтаптын маанайынын өзгөрүлүшү байкоого алынат: кайсы музыка тынчтандырды, тескерисинче, кайсынысы тынчсызданууга себеп болду деп.
КАЙСЫ ООРУЛАРГА ШЫПАА?
Музыкотерапия кайсы ооруларды дарылоого жардам берет деген негизги суроо эмеспи. Психотерапевттер кайсы жанрдагы музыканы кайсы ооруларга каршы колдонгонун тизмектедик.
Классикалык музыка: Моцарт, Бетховен, Бах сыяктуу классиктердин жай, гармония чакырган чыгармалары стресс гормону болгон кортизолдун деңгээлин төмөндөтүп, нерв системин тынчтандырат. Классикалык музыка көбүнчө деменция, эпилепсия сыяктуу неврологиялык ооруларды дарылоодо кошумча каражат катары колдонулат.
Жаратылыштын добушу жана релакс: жаан, толкун үнү, чымчыктын сайрашы жана музыкалык аспаптардын (гитара, скрипка, пианино же башка ) добушу чыңалып калган булчуңдарды бошотуп, жүрөктүн кагышын жөнгө салып, уйкусуздуктун алдын алат.
Медитация жана йога музыкасы: Медитацияга арналган мантра, тибеттиктердин добуш чыгарган идиш-аяктарынын музыкасы стресстен арылууга, депрессиядан чыгууга, ички жан дүйнө тынчтыгына жетүүгө жардам берет. Дайыма тынчсызданып, белгисиз нерсеге кооптоно берген адамдарга сунушталат.
Интерактивдүү музыкалык аспаптарда ойноо, ырдоо: Кайсы бир музыкалык аспапта ойноп же ырдаган адамдын коммуникация көндүмдөрү жогорулайт жана көпчүлүк менен байланышуу аракети жогорулайт. Өзгөчө жаш балдарда көпчүлүктөн уялуу, коркуу, чечкинсиздик сапаттарды жеңүүгө көмөктөшөт, майда моторикасын жана координациясын жакшыртат.
Уникалдуу музыка: Ар бир адам уникалдуу болгонуна байланыштуу музыкотерапияда да уникалдуулук сакталат. Анткени ар башка адамда тынчтандыруучу, баш ооруну жазуучу музыка ар кайсы болушу мүмкүн. Бирөөнү тынчтандырган музыка, экинчисин негативдүү эмоцияларга түртөт. Андыктан өзүңүздүн уникалдуу музыкаңызды табыңыз. Кайсы чыгарма көңүлдү көтөрөт, кайсы уктатат, кайсы тынчтандырат, кайсы стресске салат деп. Өзүңүздүн музыкотерапиялык плей-листти түзүп чыгыңыз.
МУЗЫКОТЕРАПИЯНЫН МАКСАТЫ
Музыкалык терапия бизге сүйүү сезими келгендей эле таасир этет, тамактануу же спорт менен машыкканда кандай ырахат алсаң, музыкотерапияда да бакыт гормондору – дофамин, серотонин, окситоцин бөлүнүп чыга баштайт. Мисалы, биз бир эле ырды кайра-кайра угуп жатсак, демек, мээ өзүнө ырахат тартуулаган нерсени улам-улам алгысы келип жатат деп түшүнсөк болот.
Экинчи тарабы да бар. Депрессияга кабылган адамдар көбүнчө өзүнүн маанайына жараша кайгылуу чыгармаларды угушат, мындай музыка алардын жаман ойлорун колдоп-коштоп жүрүп отурат. Бул коркунучтуу нерсе. Мисалы, эгер адамда өз жанына кол салуу жөнүндө ой болсо, кайгылуу музыканын таасири менен башында ойлонгондой бир-эки таблетка эмес, бөтөлкөдөгү бардык дарыны ичип алышы мүмкүн. Дал ушундай учурларды көзөмөлдөө үчүн музыкалык терапевт керек: ал жакын жерде болуп, оорулуунун абалын чагылдырган жана аны жеңүүгө жардам берген музыканын биринчи дозасын туура тандап, андан кийин акырындык менен башка мотивдерди киргизип берет. Бул изометриялык принцип деп аталат: алгач адамдын абалына кошулуу, андан кийин аны каалаган абалга алып келүү. Тилекке каршы, көпчүлүк мамлекеттерде атайын музыкалык терапевт деген адистик каралган эмес. Ошентсе да айрым психотерапевттер музыкотерапиясын кеңири колдонушат. Бул терапиянын негизги максаты:
Тынчсызданууну азайтуу;
Эмоционалдык өзгөрүүлөрдү калыпка салуу;
Эс-тутумду жакшыртуу,
калыбына келтирүү;
Социум менен байланыш;
Чечкинсиздикти жоюу;
Майда моториканы өнүктүрүү;
Психосоматикалык патологияларды дарылоо
КАЙСЫ УЧУРДА ТЕРАПИЯНЫ КОЛДОНУУ КЕРЕК?
• Стресс абалында
• Тынчсыздануу кетпеген учурда
• Фобияларда
• Баш оору, мигрень
• Аутизм
• Сүйлөө речи бузулганда (кекечтенүү)
• Психикалык жактан артта калуу байкалганда
Асыл Орозбекова