«Гладиатор-2» Ридли Скоттон кезектеги шедеврби же?..

2000-жылы чыккан “Гладиатор” тасмасын кимдер гана көрбөгөн. “Гладиатор” десе актёр Рассел Кроуну же Рассел Кроу десе “Гладиаторду” эстейбиз го. Режиссёр Ридли Скотт легендарлуу тасманын экинчи бөлүмүн тартканга белсениптир, 2024-жылдын 22-ноябрында прокатка чыкты. “Гладиатордун” күйөрмандары “экинчи бөлүм биринчиге жетеби же...” деген ишенбөөчүлүк, ошол эле учурда кызыгуу менен күтүп келишкен. Тасманы көргөндөн кийин сиз да өз бааңызды бериңиз. Азырынча камера сыртындагы кызыктар менен бөлүшөлү.

Тарткан өлкө: АКШ, Улуу Британия

Чыккан жылы: 2024-жыл, 14-22-ноябрь

Жанры: пеплум

Режиссёру: Ридли Скотт

Сценаристи: Дэвид Скарпа

Узактыгы: 2 саат 28 мүнөт

Башкы ролдордо: Пол Мескал, Дензел Вашингтон, Конни Нильсен, Дерек Жекоби, Жозеф Куинн, Фред Хехингер, Педро Паскаль жана башка

Кинокомпания: Paramount Pictures

Бюджети: 250 миллион доллар

Эмне жөнүндө?

Рим императору Марк Аврелий каза болгондон 30 жылдан кийин анын адилеттүү Рим тууралуу кыялы урап түшөт. Бийликке бир туугандар Каракалла жана Гетанын келиши менен өлкөдө тирания күч алат. Бир туугандар акыркы көз карандысыз шаар Нумидияны басып ал деп генерал Марк Акацияны жөнөтүшөт. Акацияга каршы нумидиялыктардын башында Луций турат. Луций Акациянын аялы Луцилланын баласы (атасы Максимус) экенин эч ким билбейт. Луцилла император агасы Коммод каза болгондо баламдын өмүрүнө коркунуч жаралбасын деп Луцийди Африкага жөнөтүп жиберген болот. Ошондо Луций императорлордун тукуму катары такка мураскер боло алчу адам болуп чыгат.

Акация менен беттеште Луций утулат, аны Макрин аттуу кулдарды алып-саткан соодагерге сатып жиберишет. Макрин Луцийди өзүнүн гладиаторлоруна кошуп, кармаштын эрежелерин үйрөтөт. Акациянын жеңишин майрамдоого арналып Колизейде өткөрүлгөн гладиаторлордун кармашына Луций дагы чыгат. Апасы Луцилла аны дароо таанып калат. Эми күйөөсү Акация менен баласы Луцийди бириктирип, тиран бир туугандарды бийликтен алып түшүүнү максат кылышат... Тасманын кыскача мазмуну менен тааныштыңыз да, калганын спойлер кылбайлы.

Максимусту кайтаруу...

Гладиаторлор тууралуу баянды улантуу идеясы тээ 2001-жылы эле башталган экен. Режиссёр Ридли Скотт жана Рассел Кроу баштаган киномандар сценарийдин үстүнөн көпкө ойлонушкан. Канткенде кийинки бөлүмгө гладиатор Максимусту (Рассел Кроу) тирилтип келебиз деп. Аны тирилтиш үчүн фантастика жанры да аралашыш керек болчу. Фантастикалык сценарий да жазылган, анда Максимустун аркы дүйнөдөгү кармашы, Лицийдин төрөлүү таржымалы, анан чоңоюшу, атасынын тирилиши сыяктуу сюжет топтолгон. 2003-жылы Ридли Скотт сценарий толук жазылып бүткөнүн жар салган. 2006-жылы DreamWorks Pictures студиясы Paramount Pictures компаниясына сатылып кеткен. Студия менен кошо “Гладиатор” тасмасын тартуу укугу да компаниянын карамагына өткөн эле. Мындай өзгөрүүлөрдөн улам сценарийдин акыркы варианты бекитилбей токтоп калган. 2018-жылы долбоор жактырылып, компания режиссёрлукка жана продюсерликке кайрадан Ридли Скотту чакырышкан. 2019-жылы продюсерлер сценарий бекитилгенин, анда Максимус өлгөндөн 25-30 жылдан кийинки окуялар чагылдырыларын айтышкан. Башкы каарман Максимустун баласы Луций болот. 2023-жылы тартуу иштери башталып, 2024-жылдын февраль айында аяктаган. Эми минтип күз айларында экранга чыгып отурат.

Кемчиликтери

Кино жаратуучулар приквел, сиквелдерди тартууда сөзсүз түрдө сынга даяр болушу керек эмеспи. Анткени салыштыруу, кемчилигин, артыкчылыгын табуу кино сынчылардын негизги максатына айланат. “Гладиатор-2” тасмасын да бул тагдыр күтүп алды. Алгач кемчиликтер тууралуу:

1. Окшош сюжет. Кино сынчылар сюжетке жаңычылдык кошпой эле биринчи бөлүмдүн мазмунун кайталап койгон деп режиссёрдун “чарбагына таш ыргытышууда”. Максимус аялын, баласын римдиктер мыкаачылык менен өлтүрүп салгандан кийин өч алат эмеспи. Экинчи бөлүмдө Люцийдин аялы да Акация менен болгон кармашта катуу жарадар болот, өзү барымтага алынып, атасы сыяктуу гладиаторго айланат. Оюнун баары Рим бийлигинен, өзгөчө Акациядан өч алуу...

2. Терс каармандары өтө жеңил ойлуу. Императорлук такта отурган Каракалла жана Гетаны өтө эле жеңил ойлуу, жинди кылып көрсөтүп койгон. Алардын жүрүм-туруму элдин төңкөрүш жасаарына алып келери айдан ачык дешет.

3. Айрым сценалар чындыкка коошпойт. Илгерки индия кинолоруна окшош сценаларды көрүүгө болот. Каармандардын муштумдары, тебишүүлөрү бири-биринен алыс эле болгон учурлар бар. Анан да Луцийдин аренада маймыл сыяктуу жандыктар менен кармашкан жери бар. Ошол эпизоддо маймылдар жасалмалуулугу менен айланасындагыларга окшошпой калган, башкача айтканда, ошол эпизоддун компьютердик эффекттери жакшы иштелген эмес. Биринчи бөлүм шедевр болсо, экинчиси анын көлөкөсүнө айланган.

Өзгөчөлүгү

Тасмада кино адистери жогору баа берген жагдайлар да көп.

1. Актёр Дензел Вашингтон. Өзү кул саткан соодагер болсо да тасмага жаңы дем кошкон каармандардын бири – Макрин. Макриндин образын, биринчиден, Дензел Вашингтон жакшы ачып берген. Экинчиден, кызыктуу персонаж, ой жүгүртүүсү, манипуляциялары, куулугу, кылган иш-аракети, максаты жана башкасы тасмага өзгөчөлүк кошкон.

2. Колизейдеги кармаштар баары бир өзүнө тартат.

3. Кантсе де биринчи менен экинчинин айырмасы – 24 жыл. Андыктан экинчи бөлүмдө, компьютердик, визуалдык эффекттер мыкты деңгээлде.

4. Фантастика, бирок кызыктуу. Акула, носорог, маймыл (бабуин) сыяктуу жаныбарлар кошулган.

Прокатта рекордчу

Эл аралык прокаттагы биринчи дем алышта эле 87 миллион доллар топтоп “Гладиатор-2” жогорку кассалык тасмалардын катарына ат салышчудай болуп турат. Азырынча тасма 68 өлкөдө прокатта турат. АКШ, Канада жана башка мамлекеттерде 22-ноябрдан баштап көрсөтүлө баштайт.

Жаңы гладиатор – Пол Мескал

Кино дүйнөсүндө көптү үмүттөндүргөн ирландиялык актёр Пол Мескал көпчүлүккө “Жөнөкөй адамдар” (“нормальные люди”) сериалынан кийин таанымал болгон. 28 жаштагы Пол Рассел Кроунун ордун басып, тасмада жаңы гладиатордун ролун аткарды.

Кыскача...

 “Гладиатор” улантылат. Мындай ойду режиссёр Ридли Скотт маалымдады. Ал эле эмес, тасманын 3-4-бөлүмүнүн сценарийинин үстүнөн иштеп башташкан.

 Тасмада окуялар Италияда деп сүрөттөлгөнү менен, тартуу иштери Мароккодо, Мальта аралында жана Улуу Британияда жүргөн.

 Биринчи бөлүмдө ойногон каармандар экинчиде да бар. Мисалы, Жуба (актёр Жимон Хонсу) жана Луцилланы ойногон актриса Конни Нильсен.

 

Асыл Орозбекова    

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1147, 28-ноябрь-4-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан