Кой
(21.03–20.04)
Декабрь айы кой жылдызындагыларга көп энергия тартуулап, амбициялардын ишке ашышына көмөкчү болот. Өзгөчө бул аптанын биринчи жарымында карьераңызда жакшы өзгөрүүлөргө алып келчү учур келет, туура чечим чыгарыңыз. Ири соода-сатык иштери да сиздин пайдаңызга чечилмекчи. Кандай иш болсо да жакындарыңыз менен кеңешкенди унутпаңыз. Аптанын ортосунда суукка урунуп алуудан сак болуңуз, ооруп калсаңыз көпкө чейин өзүңүзгө келе албай жүдөйсүз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Көптөн бери жүрөк өйүтүп келген карыздардан кутулууга мүмкүнчүлүк болот, колго тийген акчаны керексиз нерсеге жумшабай, береселерди бериңиз. Ошондой эле бул апта түгөйлөрдүн ортосундагы келишпестиктерди, таарынычтарды жазганга ылайыктуу. Бойдоктордун кулагына күмүш сырга, үйлөнүү тойду ушул аптага белгилесеңиз, үй-бүлөлүк союз бекем жана келечектүү болот делет. Апта сиз үчүн активдүү жана ар түрдүү окуяларга бай болмокчу.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Айланаңызда көптөн бери жүргөн айрымдардан кол үзүүгө туура келет. Себеп – көз караштардын, алдыга койгон максаттардын дал келбестиги болмокчу. Апта ичинде жасалчу пландарыңызды эч ким менен бөлүшпөңүз, ишке ашпай калуу коркунучу бар. Маанилүү документтерге кол койбой турган оң. Билим алуу жаатында жүргөндөргө ийгиликтүү апта. “Өзүм” деген ойдон бир аз алыстап, жакындарыңызга ишеним артыңыз. Маселелерди чогуу чечкен өзүңүзгө эле жеңилдик алып келет.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Карьералык жаатта келечегиңизди өзгөртө турган кызыктуу сунуш түшөт, өзгөрүүлөргө даярсызбы, баарын калчап ойлонуп туруп чечим чыгарыңыз. Дос деп жүргөн адамга романтикалык сезимдер ойгонушу мүмкүн, эмнеге болбосун, бакыт алыс эмес. Тааныш-билиштердин тоюна чакыруу алып чыгышага учурайсыз, санааркабаңыз, күтүлбөгөн жерден чыгашанын орду жабылат. Той-топурдан кийин деп ден соолукту артка жылдырган болбойт, ашказан оорусу күчөшү мүмкүн.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Чыгармачыл потенциалды көрсөтө турган апта. Креативдүү ой жүгүртүүңүз менен жумушта болобу же окуудабы, ийгиликтерге жетесиз. Үй-бүлөдө өзүмчүлдүк сапатыңызды ооздуктабасаңыз, түгөйүңүз менен урушуп кетүү коркунучу бар. Жашооңузда активдүүлүк, шаан-шөкөт, кызыктуу окуялар жетишпегендей сезим жаралышы мүмкүн. Бул кемчиликти достор жазат, андыктан дем алышта жолугуп, чер жазганга аракет кылыңыз. Аптанын аягында сапарга чыгууңуз күтүлөт.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Аптанын башындагы жаңы таанышуулар бара-бара достукка, андан ары романтикалык сезимдерге жетелеши мүмкүн. “Ушуну окушум керек, муну үйрөнүшүм керек” деген оюңузду да бекемдеп, ишти баштаңыз, эң туура убакыт. Чөнтөктөгү каражат сизден сарамжалдуулукту талап кылат. “Иштесең – тиштейсиң” деген убакыт, андыктан жумушуңузда талыкпай эмгектениңиз, акыбети кайтат. Бул апта сизден жумушта да, үйдө да тартипти, иреттүүлүктү талап кылат.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Демиңизди ичиңизге алып, бир аз эс алыңыз дешет жылдыздар. Баарына жетишүүм керек деп жатып тескери жыйынтыкка жетип албаңыз. Сүйүү жаатында жаңылыктар күтүлбөйт. Жан дүйнөңүздүн тынчтыгына көңүл буруп, ден соолукту чыңдаганга аракет кылыңыз. Окуу менен алек болгон таразалардын жолу болот. Көптөн бери бүтүрө албай келген сабактарынан жакшы баа алышат. Аптанын аягында энергиялуу болуп, кайрадан тоону томкорчудай абалга келесиз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Бул апта сиз үчүн туруктуу өтөт, өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Карьералык тепкичтен жогорулоо болбогону менен, аптанын ортосунда финансылык кирешеге туш болушуңуз ыктымал. Сизден жашоо тобокелчиликти күтүп турат, коркпоңуз, өзүңүзгө ишениңиз. Аптанын аягында кырсыкка кабылып калуу коркунучу бар, андыктан жол эрежелерин сактап, абайлап жүрүңүз. Күтпөгөн жерден, күтүлбөгөн адамдан жагымдуу кабар угасыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Аптанын башында көз карашыңыздын тууралыгын далилдөөңүз талап кылынат. Көптөн бери сизге сын айтып, тирешип келген адам менен ачык конфликт болушу мүмкүн. Аптанын ортосунда маанилүү чечим кабыл албай туруңуз, жеңилип каласыз. Ишиңизде чыгармачылык эргүүңүздү колдонсоңуз, финансылык абалыңыз бекемделет. Дем алыш күндөрүн өзүңүзгө, жакындарыңызга, үйүңүзгө арнаңыз, жакшы энергия, жагымдуу эмоция топтоңуз. Жумуш жумушта калышы керек.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Аптада иштериңиз бүтмөк турсун көбөйүп жаткандай сезилип, эмоционалдык чыңалуу абалында жүрөсүз. Мунун баары утурумдук нерсе. Аптанын ортосунда көптөн күткөн бейпилдик, гармония сезими келет. Түгөйлөрдүн бири-бирин түшүнүүсү жогорулап, сезимдер бекемделет. Алдыга чогуу максат коюп, саякатка чыгуу планын түзөсүз. Баш оорусу тынчыңызды алышы мүмкүн, убагында дарыгерге көрүнгөндү унутпаңыз. Туугандардан конокко чакыруу келет, көңүл ачып келиңиз.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Аптанын башы жагымдуу сезимдерге чулгаган жолугушуу менен башталышы күтүлөт. Балким, достор менен кезигесиз же жаңы таанышуу орун алат. Аптанын ортосу өзүңүздү чарчаңкы сезип, эмоцияны башкара албай калган учур болот. Бетке айткан сөзүңүздү туура эмес түшүнүп, таарынгандар болушу ыктымал. Андыктан эмоцияны көзөмөлдөй билиңиз. Дем алышта жактырган тамагыңызды жасап, жакшы көргөн китепти окуп, сериал көрүп, жаратылыш менен “сүйлөшүп” өткөрүңүз.
Балык
(20.02–20.03)
Профессионалдык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө ылайыктуу мезгил, окуңуз, үйрөнүңүз. Жаңы мүмкүнчүлүктөр капчыгыңызды кампайтууга жардамчы болот. Жумуш же окуу деп жүрүп жеке жашоону артка жылдырган болбойт. Бул апта романтикылык сезимдерди курчуткан мезгил. Аралыктан мамиле куруу сунушун алышыңыз ыктымал, ойлонуп көрүңүз. Балыктар үчүн эмоционалдуу апта болот, энергияңызды позитивдүү багытка буруңуз, болбосо жакындар ортосунда конфликт жаралат.