Ырчы Малика Дина эми актриса болобу? Ал жакында тасмага тартылып, башкы каармандын образын жаратты. Ушул жаңылыгы жана ырчылык таланты тууралуу ой толгоолорун бөлүшүп маек куруп берди.
– Малика, саламатсызбы? Көптөн бери ЖМКларга маек бербей жүрөсүз, мунун себеби эмнеде?
— Саламатчылык. Ооба, узак убакыттан бери интервью бере элекмин. 12 жылдай болду окшойт. Жаңылыктарым менен бөлүшүп тургум келет, бирок сөздөн көрө иш менен көрсөткөн жакшыраак экен. Ар бир кадамым ойлорумдун, сезимдеримдин чагылышы. Жетишкен ийгилигимди аракеттерим аркылуу гана көрсөткүм келет.
– Жаңылыгыңыз бар экен, кинодо дебют жасап, башкы ролду ойноптурсуз. Мындан ары күйөрмандарыңыз сизди актриса катары көбүрөөк көрө башташабы?
– Ооба, бул менин башкы ролдогу дебюттук тасмам. “Алданганмын” деген тасмага тартылдым, жакында экранга чыгат. Бул тасмага тартылганыма, биринчи жолу башкы ролду ойноп жатканыма кубандым, сыймыктанам. Алдыда, буюрса, ушундай форматтагы жаңы долбоорлор жана жаңылыктар менен бөлүшүп турам.
– Дегеле тасмага кандайча тартылып калдыңыз?
– Эми бул тасмада өзүмдү ойнойм, ар бир эле адамдын өзүнүн тарыхы бар да. Менин каарманым Малика Дина, тасмадагы ролум менин жашоомду жана сезимдеримди көп жагынан чагылдырат. Мен спойлер кылбай эле коёюн. Тасма экранга чыкканда да кененирээк түшүнөсүздөр.
– Жашоодо көп алдандыңызбы же сак, кыраакы адамсызбы?
– Жашоо өзү адамдар менен мамиледе этият болууга үйрөтөт экен. Кээде ачык мүнөз жана ишенүү туура эмес колдонулган учурлар болот. Ошондуктан сезимдеримди коргоого, жеке чек арамды сактоого аракет кылам. Адам үчүн эң маанилүүсү – жан дүйнөдө тең салмактуулукту табуу, сак жана ачык болуу. Айланамдагы адамдарга боорукер жана камкор болууга умтулам, ошол эле учурда жашоомо кимди киргизиш керек, кимди киргизбеш керектигин байкап турам.
– Заман тез өзгөрүп жатат. Сизде инсан катары кандай өзгөрүүлөр болду акыркы жылдары?
– Бул жылдар ичинде мен менталдык жактан да, чыгармачылык жактан да өзүмдүн устаттык жөндөмдөрүмдү өстүрдүм. Азыр да жаңы нерселерди үйрөнүп жатам. Дагы деле аракет кылам, убакыт аябай тез өтөт экен, ошого убакытты пайдалуу өткөрүү керектигин түшүндүм. Бул мага өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Катачылыктардан коркпош керек, бул нерсе жашоого маанилүү, керектүү сабактарды берет. Мен өзгөрүүлөрдү жашоомдун бир бөлүгү катары кабыл алып, алардан позитив табууну үйрөндүм.
– Жакшы ырдайсыз. Бирок ырчылыкка дагы деле толук киришпей, талантты катып жаткандай сезилесиз. Же жаңылдымбы?
– Эми мен үчүн чыгармачылык – бул менин ички дүйнөмдүн чагылышы. Эс алганда же көп учурда мен сүйүп калганда (күлүп), ырларым жүрөгүмдүн түпкүрүнөн чыгат. Ар бир чыгарманы өзүнчө бир адамга же окуяга арнайм. Бул нерсе ырларыма эмоция берет. Ыр жазган адамдар менен тыгыз байланышта иштешем, дал ушул нерсе менин чыгармачылыгымды жандуу кылат.
– Учурда жан дүйнөңүз эмнени каалап турат, ачыгын айтыңызчы.
– Учурда мен бизнесиме көңүл буруп жатам, бул да менин жашоомдогу маанилүү этап. Жашообуздун ар кандай тармактары бири-бирине пайдасын берип, шыктандырат экен. Бизнес өжөрлүктү жана чыгармачылык мамилени талап кылат. Мен бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн чыгармачылык потенциалымды колдонууга аракет кылам. Бизнес менен алек болсом да чыгармачылыгым өз жолунда улана берет.
– Эл көзүндөгү адам болуунун жоопкерчилиги чарчаткан жокпу сизди?
– Бул менин жашоо образым. Бала кезден, 5 жашымдан бери сахнадамын. Бул нерсе мага чындап жагат, сахнага, эл алдына чыкпай калсам кыйналып калган убактарым болот. Мен ырчылыктан, чыгармачылыктан чындап ырахат алып, муну жашоомдун бир бөлүгү катары көрөм. Мунун аркасынан чарчоону же чоң жоопкерчиликтин басымын сезбейм, тескерисинче, шыктануу, кубаныч табам. Негизи эле мен баарынан ырахат алууга аракет кылам.
Жоопкерчилик жагын айтсам, бул адамдардын, күйөрмандардын күтүүсү да, “Малика, качан ыр чыгарасың, качан?” дешсе, ошондо чындап жоопкерчилик сезилип кетет, “ии, бул чоң жоопкерчилик да, мен деген Малика Динамын да, мени күтүп жатышат” дейм ошондо. Калган учурларда негатив жагына бурбай, жүрөгүмдүн каалоосун угам.
– Кызыңыз чоңоюп калгандыр... Ага кандай апасыз? Ал эмнелерге кызыгат, балким, музыкага жакын?..
– Ооба, кызым 9 жашка келип калды. Учурда бийге аябай кызыгып жаткан учуру. Мен кызымды бардык жагынан колдоого аракет кылам. Кээде мен ал үчүн ападан көрө атанын ролун көбүрөөк аткарып жаткандай сезилип кетет. Анткени биздин үй-бүлөдө баарын карап, камсыз кылып жаткан адаммын да. Кызым өзү жактырган нерселер менен алектенип, ыңгайлуу шартта өсүп жатат. Мен үчүн анын таянар тоосу болгону абдан маанилүү, эмоционалдык жактан менин камкордугумду жана колдоомду сездирүүгө аракет кылам. Бул мен үчүн абдан маанилүү.
– 2018-жылы маектешкенибизде жүрөгүңүздүн ээси бар экенин айткан элеңиз...
– Жүрөгүмдүн ээси бар болчу, ушул убакытка чейин эле. Убакыт көрсөтөт деп коюшат го, мен муну убактысы келгенде түшүндүм окшойт, “дальше больше” кетпей турганын. Азыр менин ички дүйнөмдү түшүнө ала турган, мени толук түрдө колдой ала турган адамды эңсеп калдым. Азыркы учурда жүрөгүмдө эч кимим жок. Ошондуктан себимди даярдап, жарыя бере берсек болот (каткырып).
– Мырзалардын кулагына күмүш сырга болсун бул. Психологияга кызыккандар көбөйдү, сиздин бул илим менен мамилеңиз кандай?
– Бул тема мен үчүн актуалдуу. Анткени менин ишмердүүлүгүм туруктуу психологиялык абалды талап кылат. Акыркы убакытта мен психологияны тереңирээк изилдеп, өзүмдү жакшыраак түшүнүүгө, көбүрөөк аң-сезимдүү болууга жана кызымдын муктаждыгын түшүнүү менен тарбиялоого аракет кылып жатам. Менимче, ар бирибиз үчүн өзүн-өзү өнүктүрүү маанилүү. Бул жагынан психология абдан чоң жардам берип жатат.
— Сиздин азыркы деңгээлге жетишиңизге апаңыз Динара Акулованын салымын айтпасак болбос? Учурдан пайдаланыңыз, апаңызга эмне деп айткыңыз келип турат?
– Эненин ак сүтүн актай албайт экенбиз, аны өзүң балалуу болгондо эле түшүнөт экенсиң. “Балам, балалуу болгондо түшүнөсүң” деп коюшат го. Анткени канчалык дем-күч берип, жаныңда колдоо көрсөтүп жүргөнүн убакыт өткөндө толук түшүнө баштайт экенсиң да. Мен апама мен үчүн кылган нерселеринин бардыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазымын. Апам бир эле апа эмес, ата да болуп берди. Акылмандык жагынан тирек болду. Кызы болгонума абдан сыймыктанам, күн сайын мага көп нерсени үйрөттү. Ошонун бардыгына өтө ыраазымын. Чынында эле, апамдан башка менде эч кандай колдоо болгон эмес. Жан дүйнө жагынан да, моралдык жагынан да, каржылык планда да. Абдан ыраазымын.
— Эркин микрофон сизге...
— Сиздерге чоң рахмат. Кайрадан сиздер менен маектешип жатканыма кубанычтамын. Ар бир кыргыз жаранына, ар бир менин угуучума жана мени окуп жаткандарга, катталуучуларыма терең ыраазычылыгымды билдиргим келет. Элим бар – мен бар. Баарыңыздарды жакшы көрөм, сүйөм!
Гулийпа Маметосмон кызы