Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Айдана акыры бир күнү ушундай болорун жүрөгүнүн түпкүрүндө билген эле. Социалдык тармактардан, бардык ММКлардан Али Акай менен Элестин балдары жоголуп кеткенин укканы бар. Кийин Элестин Азимге турмушка чыкканын да уккан. Бирок курбусу менен катышпай калганына көп болгон.

– Элес менен кабарлашып турасыңбы?

– Жок.

– Бир себеби барбы?

Айдана “айтсам бекен, айтпасам бекен” деп кыйылып турду да, балдар аянтчасында ойноп жүргөн 12 жашар баланы көрсөттү.

– Менин уулум, Аскар. Аутист болуп төрөлдү. Мындай өзгөчө балдар менен шаарда жашаш кыйын. Ызы-чуу жерде мындай балдар өздөрүн жоголуп кеткендей сезишет. Ошондуктан Бишкектен алыс жерден үй сатып алып, көчүп кеттик. Ошондо сырткы дүйнө менен менин жибим үзүлдү. Элес менен да. Азыр мен ушул балам менен эле убарамын. Муну окууга алып барам, массажга каттайбыз. Баламдан эч үмүтүмдү үзбөй, кадимки балдардын катарына кошом деп жан далбастап жашап келе жатам. Буюрса, жылыш бар. Ушундай жашоо менен жашап калганыма көп жыл болду. Элес менен катташым үзүлдү. Бирок башыңарга келген сыноолор тууралуу угуп жаттым. Адамга баланын азабын бербесин.

– Жолдошуң кайда?

– Балабыздын оорусун укканда эле бизден баш тартты. Анын азыр дени сак балдары, башка үй-бүлөсү бар.

– Хм, ар кимдин сыноосу ар кандай дечи. Мен да балдарымды жоготкон он жылдан бери тозокто жашап жаткандаймын. Уктаганым, тамак жегеним, дем алганымды деле сезип-сезбейм. Балдарым ар дайым көз алдымда. Кандай адамдар менен жашап жатат, кимдер тарбиялап жатат деген ойлор келгенде ордумда тура албай кетем. Жакында жиптин бир учун таптым. Ошол нерсе мени сага жетелеп келди.

– 10 жыл көп убакыт, үмүтүң үзүлгөн жокпу? Балким, балдар...

– Жок! Алар тирүү, көкүрөгүм менен сезип турам. Бир күнү табышабыз. Куду сен “балам бир күнү кадимки балдардай болот” деп үмүтүңдү үзбөгөндөй, мен да балдарым бир күнү табылат деп ишенем.

Айдана Алинин көзүндөгү кашкөйлүктү көргөндө үмүтү жанып кетти. Ким билет, өзү айткандай, балким, балдар бир күнү табылар. Адамдын үмүтү гана өчпөсө, калган баарын жеңсе болот эмеспи. Али Акай чын эле убагында “мен-мен” деген жигиттердин бири эле. Баш-отун жоготуп аны көп кыздар сүйгөн. Бирок Элести көргөндө Али өзү акылдан азып сүйүп калганы бар. Азыр деле ошол харизмасы бар экен.

– Жүрү, үйгө барып чай ичип кет.

Айдана тоо арасындагы кичинекей сайдын боюнда, мемиреген тынч жерде жашайт экен. Ал үйгө кирип тамак-ашын даярдагыча Али короодо жумуш жасоого үлгүрдү. Өзү кара жумуш жасагандан ырахат алат. Тез эле чакан короону жыйнап, отунун жарып... Айдана сыртка чыгып, шланг менен гүлдөрүн сугарып жаткан Алини көрүп жылмайып алды. Эч өзгөрбөптүр. Кимге болсо да жардамга шашылган, элдин көйгөйүн өзүнүкүндөй көргөн Али Акай боюнча калган экен.

– Рахмат, тез эле көп иштерди бүтүрүп салыпсың. Баса, сенин машина да оңдоп жиберчү жагың бар беле?

– Ооба.

– Менин машинемди да бир карап берип коёсуңбу?

– Албетте.

– Кел, чай ич.

Чакан столдо үчөө чай ичип отурушту. Балакай Аскар үйгө ким келди, кимдер менен отурат, деле элес албайт экен. Өз дүйнөсү менен алек.

– Али, өзүң көргөндөй, мен да бала деген кандай болорун билем. Сага жардам бергенге даярмын. Менин оюмча, сен Элес тууралуу сурайын деп келдиң...

– Туура, Элеске үйлөнгөндө ал өтмүшүн кандай айтса, мен ошондой ишенгем. Бирок жакында эле бир фактыга туш болдум. Азим деген адам ким? Анын Элес менен байланышы менден мурун эле болгонбу?

– Азим?

– Менин колума балдарымдын жоголгондон кийинки сүрөтү тийди. Анда бир машинанын номери бар. Машина Элестин азыркы күйөөсү Азим дегендики болуп чыкты. Демек, Элестин азыркы күйөөсү менин балдарымдын жоголушуна түздөн-түз тиешеси бар. Азим менен Элестин мурун эле мамилеси...

– Мүмкүн эмес!

– Эмнеге? Он, он беш жыл мурун Азимдин Элеске жакындамак тургай, ойлошу мүмкүн эмес эле. Ал кезде болгону Лимондун “шестёркасы” болчу.

– Лимон?

– Лимон. Бул адам эмнеге антип айтылып калганын билбейм, бирок лимон көп ооруга шыпаа болгондой эле “каралар” дүйнөсүндө көп маселени чечкен үчүн ушинтип аталып калса керек деп болжолдойм.

– Лимондун Элеске кандай тиешеси бар?

– Элестин биринчи күйөөсү – Лимон.

Али Акайдын кулагы дуулдап, буту-колу шалдайып, жер көчүп кеткендей болду. Өңү купкуу. Элестин биринчи күйөөсү – Лимон! Бул кандайча? Элестин биринчи күйөөсү менмин деп ойлоп жүрбөдү беле. Айдана аны аяп карап турду. Бир стакан суу алып келип алдына койду.

– Кандайча? – деди Али суудан аптыга ууртап, бир аз өзүнө келгенден кийин.

– Күйөөсү деп айтканымдын себеби – алар бир гана күн никелүү жашашты. Бирок элге жарыя кылынган эмес. Расмий никелери жок болчу. Нике кыйылгандын эртеси эле Лимон түрмөгө түшүп калган. Бул тууралуу бир гана мен билчүмүн. Дал эртеси күнү болгонун себеби – Лимон өзүнүн аркасынан түшүп калгандарды байкап, Элестин башын байлап койгусу келсе керек дейм. Анткени Элести ал жинди немедей сүйчү. Кыскасы, ага тагылган берене да оор болчу. Канча жыл жатары да белгисиз эле. Эч ким экөөнүн никелешкенин билбейт эле. Элес, менимче, ушул себептүү аны күйөөм деп эсептеген эмес.

Таптакыр башка бир Элес тууралуу угуп жаткандай Алинин оозу ачылды. Коюнунда жаткан аялда мынчалык сыр бар экенин билбегенин кара. “Аялдын амалы кырк эшекке жүк” делсе, Элестин амалы сексен эшекке жүк болгудай экен” деп ойлонуп турду.

– Кийин эмне болду?

– Лимон көп жылга кесилди. Элес аны анча жыл күтүшү мүмкүн эмес эле. Элестей аялдар башка сорт, билесиң өзүң деле. Министрге чейин аркасынан чуркаган. Андай аялдар эркектердин акылын алып, жанын сууруп, жинди кылып коюшу мүмкүн. Башында Лимонго жолукканы түрмөгө каттап жүрдү, коркконунан албетте. Анан сага жолукту. Анан ал коркууну унутту.

– Мага жолукту!

– Сага жолукту, Али. Элестин көп эркекти алдап коё турган акылы бар эле. Алдады дагы. Бирок жашоосунда бир гана акыйкат бар. Ал – анын сага болгон сүйүүсү! Сага жолуккандан кийин өтмүшүн унутту, коркууну дагы. Жаңы жашоо баштайм деген өжөрлүгү гана калды. Лимон түрмөдөн такыр чыкпай калчудай, такыр корккон жок. Балалуу болдуңар, удаа-удаасынан. Ошону менен мен дагы Лимон темасы бүттү го деп ойлогом.

– Демек...

– Али, окуянын ушул жерин гана айтканга акым бар. Алдагы балдарга тиешелүү дегениңден улам. Андан кийинкисин же ага чейинкисин менден укканың туура эмес. Мен Элестин өтмүшүн өзүнөн гана угушуңду каалайт элем. Андан башка эч ким сага акыйкатты айтып бере албайт.

Али бир топко чейин отурду. Укканын мээсине сиңире албай жатты. Бир кезде башын көтөрдү да Айдананы карады.

– Азим ким?

– Азим – Лимондун оң колу болчу. Ал “өл” десе, өлө турган адам дал ошол эле. Лимондун өлүмүнөн кийин кандайча экөө баш кошуп калды, менин да акылым жетпейт. Элестин ага турмушка чыгышы мүмкүн эмес эле. Кандайча болду, ал жагын билбейм. Бир билгеним – Элес бул кадамга аргасыз барды, аргасы болсо бармак эмес... 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Сабира
2024-12-10 14:31:00
Бардык шарттарын окуп түшүндүм
0
Сабира
2024-12-10 14:37:00
Жакшы сериалдары чыгарып турасыңар,рахмат! Бирок кыска азыраак көлөмдө,аягына чейин окуп жибергин келет, өтө кызыктуу сюжеттер чагылдырылган,курч окуяларга бай чыгармаларынар менен Супер Инфо гезити популярдуусунар! Рахмат позитив тартуулаганы нарга!
0
№ 1148, 5-11-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан