Турган турпаты юмор –  Гарик “Бульдог” Харламов

Турган турпаты, ар бир сөзү, өзү күлкү жараткан адам бар – Гарик Харламов деген. КВНден башталган карьерасы аны Орусия эле эмес, орус тилдүү өлкөлөрдө да белгилүү кылды. Төрөлгөндө чоң атасынын урматына ага Игорь ысымы ыйгарылган. Анан да анын балалыгы Чикагодо Макдональдста жана телефон саткан жайда иштеп өткөн. Юморист тууралуу дагы кызыктуу фактыларды макаладан табасыз.

Толук аты-жөнү: Игорь Юрьевич Харламов

Туулган жери: Орусия, Москва

Туулган жылы: 1981-жыл, 28-февраль

Жылдыз белгиси: балык

Бою: 186 сантиметр

Кесиби: юморист, актёр, алып баруучу, шоумен

Учурда: “Comedy Club” телеберүүсүнүн резиденти, алып баруучусу жана креативдүү продюсери, «КСТАТИ» жана «Ошуительное Хоу» шоулорунун алып баруучусу

Андрей-Игорь-Гарик

Орусиялык шоумен төрөлгөндө ата-энеси баласын алгач Андрей деп аташкан. 3 айдан кийин каза болгон чоң атасынын урматына Андрейди Игорь кылып өзгөртүшөт. Ал эми мектеп курагында классташтары Гарик деп тамашалап жүрүп, бул ат баарынан алдыга чыгып кеткен. 

Активдүү болчу...

Учурда экранда болпоюп токчулуктун жана жалкоолуктун белгисиндей болуп турган Гарик кичинесинде өтө активдүү бала болгон. Өзүн коргоо максатында ушу ийримине барчу. Андан сырткары сууда сүзүүнү да мыкты өздөштүргөн. Музыкалык аспаптардан фортепиано чертет. Мектепте окуп жүргөндө компьютерге кызыгат эле. Айтымында, эгер юмор болбосо, андан мыкты программист чыкмак.

Мектептен куулуп...

Өспүрүм кезинде ата-энесинин ажырашуусу Гарикке терс таасирин тийгизген. Аны жаман жүрүм-туруму үчүн 14 жашында мектептен кууп чыгышат. Атасы ажырашкандан кийин АКШнын Чикаго шаарына көчөм деп, баласын өзү менен кошо ала кеткен. Ал жакта белгилүү «Харенд» актёрдук мектебине тапшырат. Болгондо да америкалык актёр, “Титаникте” Розанын жолдошу Каледон Хоклинин, “Скорпиондордун падышасы-3” тасмасында Талустун ролу менен белгилүү актёр Билли Зейнден сабак алган. Сабактан бош учурунда «McDonalds» ресторанында кассир, андан сырткары уюлдук телефондорду сатып акча табат эле.

Кайра Москва

1999-жылы апасы экинчи турмушунан Екатерина жана Алина аттуу эгиз кыз төрөгөндөн кийин Гарик кайрадан Москвага келген. Ошол мезгил анын чыгармачылыгынын башатына айланган. Тагыраагы, бөлөсү менен метронун вагондорун кыдырып гитара менен ырдашчу, анекдотторду айтып жүргүнчүлөрдүн көңүлүн ачышат эле. Андан сырткары Москванын белгилүү Арбат районунда да “сахнага” чыгып турушчу. 

КВН

Олуттуу, чоң сахнага алып келген, албетте, КВН болду. Москвадагы Мамлекеттик башкаруу университетинде билим алып жүрүп КВНдин сахнасына чыккан. Жогорку лигада “Сборная Москвы “МАМИ” жана «Незолотая молодёжь» командаларында ойногон. 2004-2005-жылы “Муз-ТВ” телеканалында «Три обезьяны» (ушул берүүдө продюсерлер ага “Бульдог” каймана атын беришкен. Ал иттей агрессивдүү жана каардуу алып баруучу болушу керек эле) жана «Натуральный обмен» берүүлөрүн алып барган. Ошол эле жылы ТНТда «Офис», СТС каналында «В субботу вечером» берүүлөрүнүн тизгинин колго алат. Анан атын көпчүлүккө тааныткан «Comedy Club» берүүсүнүн резиденти болду. 2009-жылга чейин Тимур Батрудинов экөө дуэт катары чыгып жүрсө, кийин Гарик Мартиросяндун ордун басып, алып баруучулук кызматын аркалап калган.

Кино

«Моя прекрасная няня», «Клуб», «Счастливы вместе», «Саша + Маша», «Универ» сериалдарында эпизоддук ролдорго тартылган. Андан сырткары “Самый лучший фильм” тасмасынын (3 бөлүм)  жаратуучуларынын бири, актёр катары да тартылган. Анын катышуусунда ондон ашык тасма бар. Анын кырылдаган өзгөчө үнү мультфильмдерге да куп жарашат. Бир нече анимацияларда үн коштогон (“Ну, погоди! Каникулы”, “Простоквашино-камео”, “Смешарики. Легенда о золотом драконе” жана башка).

3 аял

1-аялы Юлия Лещенко менен Москвадагы ресторандардын биринде «ComedyClub» берүүсүн тартуу учурунда таанышкан. Юлия аталган жайда администратор эле.Үй-бүлөлүк союз 3 жылга созулган (2010-2013).

2-аялы кесиптеши, актриса Кристина Асмус менен 7 жыл чогуу жашады (2013-2020). Ортолорунда Анастасия аттуу кызы бар.

3-аялы Екатерина Ковальчукка быйыл жай айында баш кошту. Экөөнүн романы “Гусар” сериалына тартылууда башталган. 

Бай

Шоумендин жылдык кирешеси болжол менен 2,9 миллион доллардан ашат делет. Forbes’тун “Орусиянын ийгиликтүү жылдыздары” тизмесине кирген. «ComedyClub’дын» бир берүүсү үчүн гонорары 2 миллион рублду түзөт. Ал эми корпоративдик кечелерди 20-50 миң долларга чейин алып барат. Андан сырткары көптөгөн жарнамалардын жүзү. HotDogBulldog деп аталган ресторандарды көрсөңүз, алар Гариктики. Менюну, менюдагы хот-догдордун аталышынан бери өзү ойлоп тапкан. Андан сырткары кийим саткан интернет-дүкөнү бар.

Кыскача...

* 2017-жылы «Яндекс.Навигатор» кызматы Харламовдун үнү менен жаңыра баштаган. 130дан ашык тамашалуу фразалардын арасынан айдоочуларга көбүрөөк жакканы “тамак бербеген жерге токтобой эле өтүп кет” болгон.

*Орустардын ЦСКА футбол клубунун күйөрманы.

*Глюкозанын “Танцевач” клибинен да көрсөңүз болот.

*Жакшы ырдайт. «Купание обезьяны в тёплой воде» тобунун вокалисти. Бир нече музыкалык берүүлөргө ырчы катары тартылган.

 

Асыл Орозбекова    

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1148, 5-11-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан