Быйылкы жыл алыш, бел боо, кыргыз күрөшү боюнча балбан Азизхан Мусабек уулу үчүн ийгиликтүү болду. Жакында Казань шаарында спорттук бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону болсо, августта кыргыз күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону аталган. Ал эми 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коло байгенин ээси болуп кайтты.
– Азизхан мырза, Дүйнө чемпиону аталып, андан кийин Апаз Жумагуловдун 90 жылдыгына арналган мелдеште дагы жеңүүчү болдуңуз. Кепти ушул ийгиликтериңизден баштайлы.
– Биринчиден, жалпы окурмандарга ассалом алейкум! Апаз Жумагуловдун 90 жылдыгына арналып алыш бел боо күрөшү боюнча чоң мелдеш өттү. Кыргызстанда күчтүү балбандар көп, баары бири-биринин күрөшүн билет, атаандаштык адаттагыдай эле курч болду. Бул мелдешке бел боо күрөшү боюнча 80 килограмм салмак ченинде катышып, чемпион болдум. Ага чейин Татарстандын Казань шаарында бел боо күрөшү боюнча Дүйнө биринчилиги өткөн. Ал жактан кыргыз курамасы 3 алтын, 4 күмүш, 7 коло медаль менен кайттык. Бир жарым ай машыгуу жыйынын өтүп жакшы даярдык менен барганбыз. Спортто жеңиш эч качан оңой жана кокустан келбейт. Беттештер оңой болгон жок, өзгөчө түркмөн балбаны менен финалга чыгуу үчүн болгон күрөш оор өттү. Ал абдан күчтүү балбан. 7:8 эсебинде утулуп жаткам, акыркы мүнөттө эки ыкма жасаганга жетишип, жеңишти илип кеттим.
– Негизи бел боо күрөшү кайсы өлкөдө жакшы өнүккөн?
– Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, айтор, Борбордук Азия мамлекеттеринин баары эле күчтүү. Орусия, Иранда дагы күчтүү балбандар бар.
– 90-80 килограммда күрөшүп жүрөсүз. Өзүңүзгө кайсы салмакта күрөшүү ыңгайлуу?
– Эки жылдай 90 килограммда күрөшүп жүрдүм. Бул салмак мен үчүн оордук кылат экен. Мага 80 килограмм салмак чени ыңгайлуу экенин билдим. Күрөшүм жакшы жүрүп, кооз ыкмалар ишке ашат экен. 90до жакшы ыкмаларды жасай албай жүргөм. Эми 80ге кайттым, буюрса, жакшы күрөш көргөзөм деген ниеттемин.
– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында сизден алтын үмүт кылгандар көп эле. Айрым балбандар “калыстар тартып коюшту” деп жатышты, сизде андай болгон жокпу?
– Туура айтасыз. Жакындар, баары эле мени биринчи орунду аласың деген ишенич менен жөнөтүшкөн. Өзүмдө деле ишеним бар эле. Тилекке каршы, алыш күрөшү боюнча 90 килограмм салмакта коло байге тагынып калдык. Көчмөндөр оюндары жылдан-жылга өнүгүп жатпайбы. Баары жакшы даярданып барат, баарынын эле уткусу келет. Казакстан уюштуруу иштерин аябай мыкты кылыптыр. Чынында, мелдешти кайсы мамлекет өткөрбөсүн, өз балбандарына тарткысы келет. Эми Көчмөндөр оюндарына бара жатканда баарыбыз калыстардын жан тартуусу сыяктуу нерселерге даяр болуп барышыбыз керек эле. Мен казак балбаны менен күрөшүп жатканда көп эле ыкмаларыма упай берилбей калды. Финалга чыгуу үчүн күрөшүм дагы тыныгуусуз болуп калды. Күрөшүп бүтүп эле, кайра өзбек балбаны менен беттешке чыгып калдым. Бул жерден өзүбүздөн дагы катачылык кетти. Биз эс алабыз деп талап кылсак, бир аз убакыт беришмек да.
– Башка мелдештерде деле калыстын жергиликтүү балбанга жан тартуусу байкалабы?
– Албетте, андай нерсе бар. Ачык болбосо дагы бул нерсе орун алат. Дзюдо боюнча балбан Эрлан Шеров менен сүйлөшүп калып, сурасам, ал деле кайсы шаарга барба өздөрүнө тартып коюулар болот деп айтканы бар. Ошон үчүн күмөндүү учур калтырбай, таза упай алып келе турган ыкмаларды ишке ашыруу зарыл.
– Үч федерациянын алкагында күрөшүп келесиңер. Жылдан жылга федерациялардын иши жакшыруудабы?
– Ооба, жакшырып жатат. Быйыл Кыргыз күрөшү федерациясы Бишкекте экинчи жолу кыргыз күрөшү боюнча 30дан ашык өлкөнүн катышуусунда Дүйнө чемпиондугун өткөрдү. Биринчиси Орусияда өткөн эле. Алыш бел боо күрөшү боюнча федерация жакшы иштеп жатат. Азыркы учурда курама команда бел боо күрөшү боюнча Уфада өтө турган Дүйнө кубогуна даярданып жатабыз.
Динара Акимова