Кондитердик азыктардын арасынан круассан танбай турган таттуу. Ал француз тилинен которгондо “жарым ай” дегенди билдирет. Учурда ичине ар кандай толтурмаларды салып, сыртын да крем менен жасалгалаган түрлөрү популярдуу болууда. Бирок чыныгы француз круассаны ичине эч нерсе салынбай, каттама камырдан эле жасалат. Мындай кырсылдаган, каймак даамданган идеалдуу круассандарды кантип жасаса болот? Сырлары менен кондитер, футблогер Айпери Медетова бөлүшөт.
Классикалык круассан
Керектелүүчү азыктар:
Ун – 1 килограмм
Каймак май – 100 грамм камырга кошуу үчүн, 500 грамм камырка кошуп жаюу үчүн
Кумшекер – 120 грамм
Бал – 20 грамм
Жумуртка – 1 даана
Ачыткы – 50 грамм
Муздак суу – 440 миллилитр
Туз – 20 грамм
Даярдоо ыкмасы:
Эске алыңыз:
Каймак майды атайын каттама камыр үчүн деп алыңыз. Мындай майлар бөлмө температурасында турса да эзилбейт. Ачыткы да жаңы ачыткы деп базарларда сатат, сактоо мөөнөтү 15-20 күн, ошол түрүн колдонуу маанилүү.
1. Ун менен сууну жарым саат мурун тоңдургучка салып коёбуз. Калган азыктар бөлмө температурасында болот.
2. Камыр муздак аралашышы керек, ошондуктан кол менен жуурубайбыз. Миксердин жардамы менен бардык азыктарды идишине салып, жай ылдамдыкта алгач 3-5 мүнөт аралаштырып, андан соң ийине келгенче 10 мүнөт аралаштырабыз.
3. Камырды экиге бөлүп тоголоктойбуз. Бирөөсүн шоколаддуу круассан жасоодо колдонобуз. Үстүн тамак-аш плёнкасы менен жаап, бөлмө температурасында 1 саат ачытабыз. Ачыган соң туурасын 18, узунун 30-35 сантиметрге чейин кол менен жукартып, тамак-аш плёнкасы менен ороп, тоңдургучка 1 саатка коёбуз.
4. Пергамент кагазынан 18х18 сантиметрлик эки конверт жасап, экөөнө 250 граммдан каймак майды салып, үбөлүк менен басып-басып майды ошол формага келтиребиз.
5. Камырларды алып чыгып, конверттеги майды алып ортосуна коюп, эки тарабынан жаап бириктиребиз да, камырды бүктөмүнө каршы жайып баштайбыз. Алгач май сыртка чыгып, сынып калбаш үчүн үбөлүктү басып-жайып, басып-жайып алабыз. Андан кийин үбөлүктү башына чейин алып барып, кайра алып түшүп жаябыз. Узундугун болжолдуу 70 сантиметрге чейин жаябыз да, эки башын ортого алып келип, аны дагы бир бүктөйбүз.
6. Муну да бүктөмүнө каршы жогорудагыдай эле жаябыз. Мындай үч кат кылып камырды бүктөп жаябыз. Камыр муздак болушу керек. Жылып баратса тоңдургучка жарым саат сала туруу кажет.
7. Акыркы жолку жайымда да ушундай эле ыкма менен жайып 0,5 сантиметрге чейин жукартабыз.
8. Чекелерин тегиздеп узун, баары бирдей үч бурчтуктарды кесип алабыз да, кол менен бир аз чоюп, круассандарды оройбуз.
9. Электр табасына пергамент кагазын төшөп, бир табага 6 даанадан гана салып бышырабыз. Алгач круассандар көтөрүлүп чыгышы үчүн электр мешин 25 градуска 2 саатка коёбуз. Бул учурда көтөрүлүп чоңоюп чыгат. Эми 150 градуста 20 мүнөт коюп бышырабыз.
Шоколаддуу круассан
Шоколаддуу камыр үчүн
Керектелүүчү азыктар:
Ун – 250 грамм
Каймак май – 25 грамм
Кумшекер – 30 грамм
Бал – 5 грамм
Жумуртка – бир жумуртканын жарымы
Ачыткы – 12 грамм
Муздак суу – 110+30 миллилитр
Какао – 25 грамм
Туз – 5 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Жогоруда жасалган камырдын алып койгон бир тогологун алып, ушул эле ыкма менен 3 жолу каттап жайып даярдап коёбуз.
2. Шоколаддуу камыр даярдоо үчүн өйдөдөгүдөй ыкма менен эле жууруйбуз да, акырында какаону жана 30 миллилитр муздак сууну кошуп жууруйбуз.
3. Камырды тоголоктоп, үстүн жаап бир саатка коюп ачытабыз. Бул камырды ортосуна май кошуп, улам каттап жаюунун кереги жок.
4. Катталып жайылган камырдын формасына ылайыктап шоколаддуу камырды жайып, каттама камырдын бетине жабабыз. Чекелерин тегиздеп кесип, узун үч бурчтуктарды кесебиз. Ортосуна эритилген шоколад же башка каалаган толтурмадан салып, 25 градуска 2 саатка коюп көптүрөбүз. Эми 150 градуста 20 мүнөт бышырабыз.
Круассандар даяр!
Асел Ишенбай кызы