“Эл көрсүн” деген умтулуу же тескерисинче, “эл көрсө эмне дейт?” деген чектөө учурда абдан актуалдуу. Баскан-турганын, жеп-ичкенин, унаасын, үйүн, айтор, кыбыр эткенинин баарын көпчүлүккө жарыялап турмайынча жеген тамагы аш болбогон замандаштар көп. Бул жакшыбы же жаманбы? Психолог Барчынай Кадырбекова менен бирге ушул темага кайрылалы.
– «Эл көрсүн» дегендин түбү кайда жатат?
– Адамдар социумга ылайыкташкан, ансыз жашай албайт. Кааласак да, каалабасак да, коомчулуктун пикири маанилүү. Башында “эл көрсүн” деген түшүнүк тар чөйрөдө калыптанышы мүмкүн, анан улам өөрчүп отуруп биздин заманга чейин жеткендир. Бирок ата-бабаларыбызда андай нерсе болбосо керек деп ойлойм. Анткени кыргыздар – көчмөн эл, бул жашоонун убактылуу экенин билгендиктен көп дүнүйө жыйнаган эмес, күнүмдүк тамак-ашы менен гана ары-бери көчүп жүрүшкөн эмеспи. “Эл көрсүн” деген мактаныч сезим кантип өнүгөт? Бала кичинесинде үй-бүлөдөн кандай тарбия алса, дүйнө таанымы кантип түптөлсө, андан ары ошол бойдон кетет. Мисалы, ата-энеси баланы “эл көрсүн” деген таасирдин астында чоңойтсо, ошондой нукта кете берет. “Эл көрсүн” дегендин туткунунда калган адамды өзүн тааный элек, инсан катары өсүп жетиле элек деп айтсак болот. Албетте, мындан арылса болот, анын жалгыз жолу –өзүн-өзү өнүктүрүү.
– Интернет желесинде жеке жашоосун, байлыгын же бардар турмушун улам элге жарыялап тургандар көп. Бул жакшыбы же жаман сапатпы?
– Бул ар бир адамдын жеке тандоосу. Жакшы же жаман деп айта албайсың. Кимге эмнени туура деп эсептесе, ошондой жашайт. Интернет желесине “эл мени мактасын, суктансын” деп кооз сүрөт, видеолорун чыгарып, бирок чыныгы жашоосу андай эмес болсо, бул нерсе адамды кыйнап жиберет. Чыныгы жашоо – бет капсыз жашоо, кандай болсоң ошондой көрүнүү.
– Тескерисинче, “эл көрбөсүн, эл көрсө эмне дейт?” деген да түшүнүк бекем орногон. Мисалы, элдин пикиринен корккону үчүн күйөөсүнүн кордугуна чыдап жүргөн аялдар бар.
– Эгер элдин сөзүнөн коркуп чыдап жүрө берген болсо, өзү каалагандай өзгөрө албаса, талантын жашырып койсо, анда эл эмне дейт деген нерсе инсанды кадимкидей сындырып коёт. Адатта, биз жаштыгыбызды өзүбүзгө да, элге да керексиз нерселер менен өткөрүп жиберебиз. Кыргызбыз да, 40-50 жашка барганда гана анализ кылып, ошондо араң ойгонобуз. Бирок ал учурда өмүрдүн курч кези, берекелүү учуру өтүп кеткен болот. Ошол үчүн элдин кеп-сөзүнөн корккон инсандар өзүн таанууга умтулуу, учурдагы жашоосун анализ кылуу менен башташы керек деп кеңеш берет элем. Өмүрдү Жараткан эмнеге берди деген суроого жооп издеши керек ар бир адам. Элдин пикиринен коркуп, зөөкүр же аракеч күйөө менен бактысыз жашоону уланта берүүнү же тагдырга моюн сунбай, жашоосун өзгөртүүнү адам өзү чечиши керек. Эл эмне дейт? Эмне десе дейт. Башкалардын сөзү үчүн бүтүндөй бир өмүрдү курмандык кылуунун кереги жок. Бирок кээ бир учурда аялдар элдин пикиринен корккону үчүн эмес, өзүнө ишенбегендиктен, коркуудан улам калп эле “эл эмне дейт?” дегенге шылтап, курмандыктын бет кабын кийип отура беришет. Чынжырды үзүү үчүн жашоого анализ керек. Адам өзү менен өзү калып, жакшылап акыл калчоого, ой толгоого тийиш. Акылы жетпей жаткан болсо адистерге кайрылганы оң.
– “Эл эмне дейт?” – бул сиңип калган адатпы же башкача мүнөздөмөсү барбы?
– Бул коркуу жана адамдын өзүн чектеген программаны киргизип алышы. Мээге ар түрдүү программа кичинебизден жазылат эмеспи. Көп адамдарга “эл эмне дейт?” деген коркуу менен коштолгон программа кирип калган. Адамдын баарында коркуу бар, мисалы, батыштагылар өзгөрүүгө кадам таштаганда “өзүмдү жоготуп албаймынбы, инсан катары сынып калбаймынбы” деп коркушат. Азиялыктар ата-энесин аямыш этип өзгөрүүгө кадам таштай албай коркуп жүрө беришет. Кыргыздар өзгөрүүдөн “эл эмне дейт?” деп коркушат.
– Бул коркуунун “курмандыктарынын” көбү Совет доорунун тарбиясын алган же андан кийинки муун болсо керек?..
– Туура, чыныгы “курмандыктары” Советтер Союзу учурундагы муун. Мисалы, биз, 1980-жылдан кийинкилер Х муун деп аталат. Бул азыркы учурдун ишке жарамдуу адамдарынын чоң бөлүгү. Булар өздүгүн тааный албаган муун болгон үчүн Х деп аталып калган. Биз башкаларга салыштырылып, ата-энебиздин “элдин балдары эле кыйын” деген кептерин угуп өскөнбүз. Азыр Z муун өсүп келе жатат, буларга “эл эмне дейт?” десең, “эмне десе ошо десин, ишим жок” деп эле айтат. Эркин жана башка баалуулуктарды тааный билген муун өсүп келе жатат. Бирок кээде буларга да ата-энесинин таасири тийиши мүмкүн.
– “Эл эмне дейт?” көз карандылыгынан чыгуунун кандай жолдору бар?
– Биринчиден, элдин пикири үчүн эмес, өз ишенимин, дүйнө таанымын куруу үчүн кадам таштоо керек. Элдин пикирине көз карандылыгыңызды 0дөн 10го чейинки упай менен өлчөп көрүңүз. Эми эстеңиз, бул жумада сиз канча жолу башкаларга сын тагып, кеп кылдыңыз? Сиз бирөөгө сын таккандай эле, сизге да башкалар сын тагышат. Сиздин сын такканыңыздан ал адам эч нерсе деле болуп кетпедиби, демек, сиз деле эч нерсе болбойсуз, сын тага беришсин. Башкалар сизди макташат же жамандашат. Бул нормалдуу эле нерсе, жашоонун бир бөлүгү катары эле кабыл алуу керек. Мактаса да, жамандаса да, сизге таасир этпегидей күчтүү эрк керек. Бардык жерде алтын ортолукту сактоо талап кылынат. Сынды биротоло жерибей, айтылган сынды анализдөөнү да үйрөнүңүз.
– “Эл эмне дейт?” дегенди коркуу же кемчилик катары эмес, ийменүү, ыйбаа кылуу деп жакшы жагынан карасак болбойбу?
– Жогоруда айткандай, адам социум менен жашаганга ылайыкташкан. Коомдун, жашоонун өзүнүн мерчемдери, мыйзамдары бар. Негизи элдин пикирин эске алып, бирок анын курмандыгы болбой жашаган жакшы. Албетте, такыр эле эч кимди көзгө илбей чалчаңдап кетиш керек дебейм. Башкалардын пикирин да угуп, анализдеп, акыркы чечимди адам өзү кабыл алганы туура.
Нуржамал Жийдебаева