10-декабрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, 1-окууда жактырды. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жаатында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Азамат Юсупов маалымат берди. Юсуповдун айтымында, мыйзам долбоору чет өлкөдөн билим алуу процессин жөнгө салууну көздөйт. Тагыраагы, мындан ары чет өлкөдөн диний билим алууну каалаган жарандар өлкөдөн чыгышын Дин иштери боюнча комиссия жана тиешелүү диний уюмдун борбордук башкаруу органы менен макулдашууга тийиш. “Бул чет өлкөдөгү деструктивдүү диний окуунун таасиринин алдын алуу жана билим алуучулардын статистикасын түзүү үчүн керек” дешет демилгечилер. Эгер жаран макулдашпастан өлкөдөн чыгып, диний билим алып келсе, анын диний окууну аяктаганын тастыктаган документ Кыргызстанда жараксыз деп саналат.
Кыргызстандагы диний билим берүүнүн абалы боюнча сөз кылсак, өлкөдө 3626 мечит жана медресе бар. Юсупов айткандай, 3 жылдык текшерүүдө алардын миңден ашыгы мыйзамсыз иштеп келгени аныкталды. Алар санитардык талаптарга, өрт коопсуздугу боюнча стандарттарга жооп бербеген окуу жайлар болуп саналат. Учурда алардын 880и каттоодон өтүп, 120 мечит каттоого мүмкүн эмес деп табылган.