Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тийиштүү мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоого чакырды. Белгилүү болгондой, буга чейин 5 жашар кызды атасы уруп жатканы тартылган видео интернет желесине жарыяланган. “Балдарга карата зомбулуктун алдын алып, тиешелүү мамлекеттик органдар биргеликте иш алып барышы керек. Мындай кейиштүү окуялар кайталанбашы зарыл”,- деди акыйкатчы. ИИМдин маалыматына таянсак, кызын сабап видеого тартып алган 41 жаштагы жаран буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча айыпталып, учурда тергөө жүрүүдө. Ноокен РИИБинин тергөөчүсүнүн токтому менен шектүү жаран эч жакка кетпөө тил каты менен 5-декабрда камактан бошотулду.
Жамиля Жаманбаева тергөө органдарын айыпталуучунун аракеттерин квалификациялоодо жана кылмыш ишин сотко жөнөтүүдө Кылмыш-жаза кодексинин 74-беренесинин (Жазаны оорлоштуруучу жагдайлар) нормаларын унутпоого чакырат. Аталган беренеде кылмыш балдарга, майыптарга, карыган же алсыз абалдагы адамга карата жасалса, кылмышкердин жазасы оорлошот.