(Башы өткөн сандарда)
Айдананын үйүнөн уккан сөздөргө Али Акайдын жүрөгү ооруп чыкты. Аны менен коштошуп чыккандан кийин машинесинде бир чекитти тиктеп көпкө отурду. Лимон менен Элести күйөө-аял катары деги бир элестете албады...
Элес ага периштедей эле сезилчү. Анын ар бир айткан сөзүн чындык катары кабыл алчу, такыр күмөн саначу эмес. Балдары жоголуп кеткенге чейин ал аял Али үчүн бүтүндөй бир дүйнө эле. Ушунчалык ишенчү жана сүйчү. Экөөнүн маселеси балдары жоголуп кеткенден кийин башталды. Бири-бирин түшүнө албай калышты. Али машинеде отуруп аялы менен өткөргөн акыркы күндөрүн эстеди.
– Мен сени тааныбай бара жатам,- деген Элес ошондо.
– Эмнеге?
– Тагдырга баш ий, Али. Балдарыбыз жок эми. Беш жыл бою тынбай издедиң. Табылат эле, бир жерден болбосо бир жерден изи чыгат эле.
“Тирүү болушса...” деп айта албай мукактанып токтоду Элес.
– Бул эмне деген сөз?!
– Карачы жашообузду. Күнү бою чуркайсың, алдамчылардын баарына алдандың. Баарын сатып бүттүң. Болгону ушул үйүбүз калды. Жакында муну деле сатасың.
– Сага жашай турган бир жер таап берем!- деп бурк этти Али.
– Кеп анда эмес!
– Эмнеде анда?
– Уктабайсың, бирөө телефон чалса дароо чуркап жөнөйсүң, үмүт кыласың. Мени кошо үмүттөндүрөсүң, кайра эле акыры баягы болот. Сен тозокто жашап жатасың. Мени кошо ошол тозокко сүйрөп баргың келеби? Мен чарчадым. Сендей күчтүү эмесмин. Сендей болуп агымга каршы сүзө албайм. Аябай чарчадым. Үмүт кылгандан, бир нерсени күтө бергенден, коркуудан, күтүүдөн тажадым. Мен баш ийдим тагдырыма.
– Элес, алар сен экөөбүздүн тең балдарыбыз. Кантип эч нерсе болбогондой унутуп коюп жашайбыз? Кантип? Алар бул дүйнөгө келбегендей, сен бешик ырын ырдабагандай, мен ата болбогондой, кантип мындан аркы жашообузду улантабыз? Сага оор, түшүнүп жатам, макул, эч нерсе кылба. Бирок мени токтотпо. Токтоп калсам мен жашай албайм. Акыркы демим чыкканча балдарымды издейм.
– Табылбасачы?
– Жүрөгүм табасың деп жатат. Жүрөгүмө ишенем. Алар бул дүйнөдө жок болсо сезмекмин. Алар жашап жатышат! Мен ушуга ишенем. Аларды табууга милдеттүүмүн.
– Али?
– Элес!
– Али, сага жалынам! Жаңы турмуш баштайлы, башка жерге, башка өлкөгө кетип калалы. Унуталы. Башка балдарыбыз болсун...
– Жок!
Али эшикти тарс жаап чыгып кеткен үйдөн. Көзүнөн жаш агып, өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлаган ошондо. Чоочун адамдардан “үмүтүңдү үз” дегенди уга берип көнгөн. Бирок балдарынын энеси, аялы ушинтип айтканга жаны кашайып кеткен. Ушул окуядан кийин экөөнүн ортосундагы байланыш үзүлүп калгандай болду. Башында сүйлөшкөндөн качышты, кийин бирге отуруп тамак жебей калышты. Үнсүз жашачу болушту. Ооздорун ачса эле бири-бирин жаралай турган сөз чыгып кетчүдөй, “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деп макулдашып алгандай жашай башташты. Адегенде төшөктөрү бөлүндү, кийин бөлмөлөрү бөлүндү. Бир үйдө жашаган эки чоочун кишидей эле. Ушундай абалда жарым жылдай жашашты. Аргалары кеткенде психологго кайрылып көрүштү. Психологдун иш бөлмөсүндөгү диалог экөөнүн күйөө-аял мамилесине чекит койгондой болду.
– Али дайыма мени күнөөлөп жаткандай. Бул күнөөнүн оордугун көтөрө албай калдым. Мага оор...- деди Элес көз жашын сүртүп.
– Али, сиз аялыңызды күнөөлөйсүзбү?- деди психолог. Али кандай оор болсо да чындыкты айтуу керек экенин билди. Акырын башын ийкеди.
– Эмне үчүн күнөөлөйсүз?
– Билбейм.
– Так айтсаңыз.
– Элести эле эмес, өзүмдү да күнөөлөйм. Балдар биздин аманатыбыз эле, биз сактай албадык.
– Кандай күнөөм бар?- деди Элес. – Бул кырсык, Айшанын да, Алиянын да, анын да, мунун да башына келип кала турган сыноо болчу. Он мүнөт... Каргыш алган он мүнөттөй убакыт гана көңүл бурулбай калды. Сен барда деле балдар өздөрү сыртка чыгып ойночу. Сен ошол күнү үйдө болсоң деле ушул окуя болмок.
– Ооба...- деди үшкүргөн Али.
Психологдон чыккандан кийин үнсүз сейил бакта басып жүрүштү. Ошондо Элес акыркы чечимин айтты.
– Ажырашалы!
– Хе, чөгүп бара жаткан кемеден ким биринчи качат билесиңби?- деди Али ызалуу.
– Сенин “кемеңде” мага эми жай жок. Бири-бирибизди жөн эле муунтуп жатабыз. Көздөрүңдөн мага болгон жек көрүүнү көрөм. Кантип тамак жеп жатат, кантип жашап жатат деп күнөөлөй карайсың. Мен тирүүлөй өлүп бара жатам. Күн сайын өлгөн кандай жаман...
– Сен алардын сүрөттөрүн бөлмөдөн алып салдың...- деди таарынычтуу күңк эткен Али.
– Мага оор болгон үчүн алып салдым.
– Сени эмнеге күнөөлөйм билесиңби? Сен балдардын жоголуп кеткенине эл катары моюн сунганыңа ызамын. Дароо аларды өлдү деп кабыл алдың. Сен энесиң, кантип ушуну моюнга алдың? Кантип жаңы жашоо баштай алам деп ойлоп жатасың? Ушунуңду түшүнө албайм.
– Эмне кылайын? Кошо жок болуп кетейинби? Өзүмө кол салайынбы? Уу ичип же бийик имараттан бой таштайынбы? Ошондо көксөөң канабы?
– Мен сени ошент деп жатамбы?
– Эмне каалайсың анан?
Али чындап эмне каалаарын билбеди. Элестен эмне күтүп жатканын да билбеди. Бир билгени – аялына болгон чоң ызасы эле.
– Ажырашалы!- деди Элес көз жашын сүртүп. Али узап бара жаткан аялынын аркасынан карап кала берди. “Кетпе, чогуу көтөрөбүз, чогуу жеңебиз” дегиси келди. Бирок айта алган жок. Жалдырап кала берди. Балдарынын азабынан кийин аялынын кетип калышы ого бетер оор тийди Алиге.
ххх
Мына, андан бери беш жыл өттү. Эми гана аялынын өтмүшүнүн сырлары ачылып жатат. Адегенде кыжыры келди, анан таң калды. Акыл токтотуп көрүп, аялын ичтен күнөөлөй берүүсүнүн себебин тапкандай сезилди. Бул иште аялынын бир күнөөсү бардай сезчү жүрөгү. Бул үчүн кайра өзүн жемелечү. Ошентсе да болбой кайра эле ичинен аялын күнөөлөй берчү. Көрсө... Оор үшкүрүп алды. Телефонун колуна алып көп жылдан бери биринчи жолу Элестин номерин терди. Чалууга жооп бербей жатты.
Элес телефонун тиктеп отура берди. Али деген ысым экранда жанып-өчүп жатты. Бул эмнеге телефон чалып жатат? Жүрөгү бир нерсени сезгендей. Кайра-кайра чала берди Али. Акыры чыдамы кетип тутканы алды.
– Алло...
Али жүрөгүн кыскан сезимдерден буулуга түштү. Бирок өзүн колго алып, салкын сүйлөдү.
– Элес, сени менен сүйлөшө турган сөздөр бар.
– Сүйлөшүп бүтпөдүк беле, эмне сөзүбүз калды?
– Демек, бүтө элек экен!
– Бара албайм, Али!
– Эмнеге?
– Мен үй-бүлөлүү адаммын. Каалаганда чыгып, мурдагы күйөөм менен жолуга албайм. Эмне тууралуу сүйлөшөбүз...
Али эмне дээрин билбей калды. Балдарды салып кеткен машине аялынын азыркы күйөөсүнө тиешелүү экенин айтса, жиптин учун жоготуп алышы мүмкүн эле. Эмоциясын карманып, акылы менен иш алып барышы зарыл. Балким, бул сыр балдарына жетелеп барар. Балким, балдары тууралуу Азим гана билет. Анын алсыз жана күчтүү жактарын билгени оң. Ким ал? Эмне менен алектенет? Балдарына кандай тиешеси бар? Мунун баарын жакшылап ойлонушу зарыл. Азыр уйгу-туйгу сезимге жетеленүүгө болбойт.
– Макул, азыр убактың болбосо башка жолу...
Ушинтип айтты да, телефонду өчүрүп койду. Элес эмне дээрин билбей отуруп калды.
(Уландысы кийинки санда)