1 суткада 2 миң литр кан фильтрлеген бөйрөк

•  Чынында эле бөйрөк бир суткада 2 миң литрге чейин кан фильтрлеген организмдеги маанилүү органдардын бири.

• Бөйрөктүн салмагы 120-200 грамм. Кызыгы – оң бөйрөк солго караганда бир аз чоңураак болот.

• Бөйрөктөгү капиллярлардын жалпы узундугу 25 чакырымды түзөт.

• Бөйрөк артериалдык кан басымдын деңгээлин жөнгө салчу ренин гормонун бөлүп чыгарат.

• Индиялык Ашиш Патил аттуу хирург бейтаптын бөйрөгүнөн 170 миң таш алып чыгып “Гиннесстин рекорддор китебине” кирген. Операция 4 саатка созулуп, кийин бейтап толугу менен айыгып, кадимкиде жашоосун уланткан.

• Заара чыгаруу каналдарына таш толуу – бөйрөктүн эң көп таралган жана олуттуу оорусу.

•  Бөйрөккө таш толуунун себептери – туура эмес тамактануу, тукум куучулук, гипервитаминоз.

• Көздүн алдына күңүрт кызыл же кара так түшсө, денеден жагымсыз жыт чыкса, буттарда алсыздык пайда болсо, урологго  кайрылуу керек. Анткени бул белгилер бөйрөктүн иштөө функциясынын бузулгандыгын кабарлап жатышы мүмкүн.

• Кандын толук көлөмү бөйрөк аркылуу күнүнө 35 жолу айланып өтөт.

• Бөйрөк ооруларына көбүнчө аз кыймылдуу жашоо образын кармангандар чалдыгат.

• Артериялык гипертония жана жүрөк ооруларында бөйрөк да жабыркайт. Бөйрөк жетишсиздиги инфаркт жана инсульт коркунучун 25 эсеге көбөйтөт.

•1 бөйрөктө 1 миллиондон ашык фильтрлөөчү элементтер жайгашкан.

• Бөйрөк үчүн алгачкы гемодиализ аппараты алгачкы жолу 1944-жылы колдонулган.

•Ал эми бөйрөктөн таш алган адистер биздин заманга чейинки 6-5 кылымдарда, Гиппократтын учурунда эле болгон делет. Алар хирург эмес, “таш кесер” деген аталыш менен жүрүшкөн.

• Коркунучтуу түштөр байма-бай кире бергени да бөйрөк ооруларынан кабар бериши мүмкүн экен.

• Бөйрөк үчүн табылгыс дары – таза суу. Күнүнө 2 литрден кем эмес таза суу ичсеңиз, бөйрөктүн жакшы иштешине салым кошкон болосуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1149, 12-18-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан