Окурмандарыбыздын өтүнүчү менен түрк киносунда жаңыдан жүзү таанылып келе жаткан актрисалардын бири Мина Демирташ тууралуу маалымат берели дедик. Актриса учурда бир нече мамлекетте популярдуулугун сактап келген “Кызыл бутон” сериалындагы Зейнептин ролу менен таанымал. Буюрса, татына кыздын кинодогу келечеги алдыда.
Туулган жери: Түркия, Стамбул
Туулган жылы: 2005-жыл, 20-февраль
Жылдыз белгиси: балык
Бою: 165 сантиметр
Кесиби: актриса, модель
Тартылган белгилүү тасмалары: “Акиф”, “Күнөө” (“Кабахат”), “Бирге”, “Кызыл бутон”
Стамбул кызы
– Азыр мен жашоомдун эң бактылуу көз ирмемдерин башымдан кечирип жатам. Сүйгөн ишим менен алектенем, ал үчүн башкалардын ыраазычылык сөзүн угам. Бул керемет эмеспи. Бирок акыркы убакта тасма талаасына эле эмес, өзүмө да убакыт тапканга аракет кылып калдым. Жан дүйнөмдү, бүтүндөй организмди эс алдырган нерселер менен алектенгим келет...
19 жаштагы дүйнөгө белгилүү кыз өзүнө чоң тарыхты, маданиятты камтыган түрктөрдүн Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси чыгармачылыктан алыс, карапайым адамдар болгондуктан Мина келечекте кино жылдызына айланат деген ой үй-бүлөдө жок болчу. Бирок кичинесинен сыналгынын алдынан кетпей кино-сериалдарды көргөндү жакшы көрчү экен. Шайыр, активдүү, энергиясы ашып-ташкан кыз кино экранына өспүрүм куракта туш болду. 2021-жылы 16 жаштагы ал “Акиф” аттуу тасмага тартылып калат. Романтика, комедия эмес, болгондо да тарыхый, саясий, биографиялык долбоорго катышууга мүмкүнчүлүк алган. Тасмада Түркиянын гимнинин автору Мехмет Акиф Эрсойдун өмүр баяны, ал жашаган доордогу Түркияда болгон саясий кырдаал жана башкалар сүрөттөлөт. Бир эле тасмага тартылам го, анан кадимки жашоом улана берет го деген. Бирок...
“Актриса катары дагы өнүксөм дейм”
– Актрисалык менин учурдагы, болочоктогу кесибим болуп калды да, өзүм ушул кесипке жетсем экен деп тиледим эле, жеттим. Азыр мектепте окуп жатам. Бүткөндөн кийин башка тармакка алаксыгым келбейт. Актёрлукту дагы тереңден өздөштүрсөм, актриса катары өнүксөм дейм. Ал үчүн университетке тапшырганда актёрдук чеберчилик факультетинин эшигин кагам деп чечип койгом.
Чынында эле кино дүйнөсү Мина Демирташты өз кучагынан чыгарган жок. “Акифти” улай, 2022-жылы “Күнөө” аттуу тасмага башкы ролго чакыруу алган. Байкасаңыз, бул роль да олуттуулукту, талантты, чеберчиликти талап кылган образ болуп саналат. Мина өзүнө артылган жоопкерчиликти татыктуу аткарып, жыйынтыгында алгачкы кино сыйлыгына ээ болгон. “Күнөө” тасмасы анын актрисалык алгачкы жеңиши болду. Көпчүлүк актёр-актрисалар жалаң сериалдарга тартылып, толук метраждуу көркөм тасмаларга чакырыкты жылдап күтүшөт эмеспи. Минаныкы тескерисинче, жалаң көркөм тасмалардан башталды карьерасы. 2023-жылы кийинки долбоорго чакыруу түшүп, “Берабер” (“Бирге”) тасмасына тартылган.
“Сериалга караганда тасма жакшы...”
– Жаңыдан тартылып баштаганда “жаңы дүйнөгө туш болдум” деген сезим болгон эмес. Убакыт өткөн сайын, тескерисинче, толкундоолор көбөйдү. Улам бир долбоорду башкача сезим, тынчсыздануу, толкундоо менен кабыл ала баштадым. Бул кесибимди сүйө баштаганымдын белгиси болсо керек. “Кызыл бутонго” тартыла баштагандан бери “киного тартылуу жакшы бекен же сериалгабы?” деп менден көп сурашат. Негизи актёрлук бардык жакта бирдей, болгон талантыңды, күчүңдү, оюңду, айтор, баарын кинодогу образыңа оодаруу керек. Кайсынысы жеңилирээк десе, кинону тандайт элем. Анткени ал жакта толук сценарий колуңда болот, каарманыңды алдыда эмне күтүп турат, кантип өзгөрөт алдын ала билесиң да, ошого жараша иштейсиң. Сериал болсо узак процесс экен, бүгүн башка, эртең такыр башка окуялар кошула берет, улана берет. Белгисиздиктен улам тынчсыздануу, кооптонуу сезимдери менен жүрөсүң.
2023-жыл Мина Демирташтын карьерасындагы секирик десек жаңылышпайбыз. Анткени бул жылы ал “Кызыл бутон” сериалындагы Зейнептин ролу менен бир нече өлкөгө тааныла алда. Сериал коомчулукта кайчы пикирлерди жаратып, мамлекеттик телеканалдардан алынып, кайра коюлуп, айтор, тоскоолдуктардан өтсө да рейтинги жогору сериал болуп сезондон сезонго уланып келе жатат. Жакында эле өткөн “Алтын көпөлөк” кино сыйлыгын тапшыруу аземинде “Кызыл бутон” “Мыкты режиссёр”, “Эркектин мыкты ролу” жана башка номинацияларда жеңүүчү аталды.
“Кызыл бутонго” тартылмак эмесмин...”
– Негизи сериалга тартылуу оюм такыр жок болчу. Бирок “Кызыл бутондун” сценарийи колго тийди. Окусам мен көрүп жүргөн сериалдардан такыр башка тематикада экен, кызыгып калдым. Зейнептин ролун өзүмө чакырык, сыноо катары кабыл алдым да, тартылууга макулдугумду бердим. Мынчалык популярдуу болот деп ойлогон эмесмин, бирок көпчүлүктүн пикирлерин көрүп, угуп, команда жакшы иш алып барып жатат деп сыймыктанып коём. Зейнепти сүйүп калдым, анын тазалыгын, акылмандыгын, элге жеткирем деген оюн. Бул долбоорго катышканыма, Зейнеп болгонума бактылуумун.
Каарманы Зейнепке тиешелүү сапаттардан эркиндикти сүйүү, билим алууну баалоо сапаттары Минада да бар. Ал көп окуган, билим алган адам гана ар тараптан өзүн, өзүнөн ашса башкаларды да өнүктүрөт, жардам бере алат деп эсептейт. Бош убагында түрдүү жанрдагы китептерди окуйт, тасмаларды көрөт, анан да эл-жер кыдырып саякаттаганды жакшы көрөт.
“Атактуу экеним сезилбейт”
– Журналисттер же соцтармактарда адамдар “атактуу, белгилүү” деп жазса ыңгайсызданып кетем. Ооба, көпчүлүккө тараган, рейтинги жогору сериалга тартылып жатам. Болду. Жашоомдо башка өзгөчөлүк деле жок. “Мектеп – үй – жумуш” деген үч бурчтукта күнүм өтөт. Байкалганы, бош убактымдын жоктугу.
Көпчүлүктүкүнө окшош эле жашоодо жашап жаткан Мина өзүн жеңил ойлуу, кыялкеч кыз деп сүрөттөйт. Курбулары менен эс алганга, өзү каалаган дагы башка нерселерге убакыт бөлгөнгө аракет кылат. “Эмне мода болуп жатканына көз салып турам, бирок өзүмө ыңгайлуу нерселерди гана кием” дейт. Азырынча жигит жандаганга эрте деп эсептейт. “Кызыл бутон” чыккандан кийин сериалдагы өнөктөшү Жүнейддин ролун аткарган актёр Мерт Языджыоглу экөө жашоодо да кыз-жигит деген маалыматтар тараган. Экөө болсо “ага-карындаш” статусунда гана экенин айтышат. Эмнеси болсо да, Мина Демирташтан келечекте мыкты ролдорду күтөбүз.
Асыл Орозбекова