Куудул Ильяз Иманалиевдин балалыгына саякатка чыгалы. Айтылуу Аксынын Кош-Дөбө айылында калган издер, окуялар назарыңызда, окурман. Кепти Ильяз мырза улантсын.
“Ата-энем тамашакөй кишилер эле”
– Мен Аксы районунун Кош-Дөбө деген айылында 1983-жылы туулгам. Атам эч кимди “сен жашсың, сен улуусуң” деп бөлбөй баарына бирдей мамиле кылган, дайым азил-тамаша аралаштырып сүйлөгөн киши эле. Ата-энемди жакшы тааныгандар “куудулдук сенин каныңда бар” деп калышат. Атам биз менен деле эч чоң кишидей олуттуу сүйлөшкөн эмес. Дос катары мамиле кылчу. Үйдө дайым көңүл көтөрүңкү маанайда эле, күлүп-каткырып эле жүрө берчүбүз.
Мектепти бүткүчө айылдан эч жакка чыккан эмесмин. Окуудан кийин мал карап эле тоо-ташта жүрчүмүн. Үйдө 6 бир туугандын бешинчисимин, менден кийинки иним 1991-жылы туулган. Аралык 7-8 жыл болгондуктан үйдө эрке өстүм. Айтканым айткан, дегеним деген болчу. Мени бала бакчага эжем таштап келчү. Бир жолу “алдыга баса бер, мен артыңдан басам” деген. Алдыга түшүп алып артымды карабай сүйлөп кете берипмин, бала бакчага жеткенде артымды карасам эжем жок, кайра үйгө ыйлап келип, “мени бала бакчага жеткирип келгиле” деп тополоң салгам (күлүп).
“Өткөөл куракта бир оңоло түшкөм...”
– Ашыкча тентек элем. Мектептеги мугалимдер “Ильяз, сен мектепти бүтүп кетсең, кой союп той кылабыз” дешчү. Тажатчу окшойм да. Бала бакчадан мектепке 1-класска которгондо “эми эмне болот экен” деп аябай коркком. Адегенде Айша деген эжеке 1 ай окутту да, декретке чыгып кетип, ордуна Насиба деген эжеке келген. Насиба эжекебиз жакшы окутту. Жомокту көп айтып берчү, ошондон улам бала кыял болуп калдымбы деп калам. Азыр деле мультфильм көрөм.
Өткөөл куракта бир оңоло түшкөм, жооштугум кармап, тентектигимди таштап, бардык сабактарды жакшы окуп калгам. Аны мугалимдер да байкап, “оо, Иманалиев жакшы окуп, жакшы жагына карай аракет кылып жатат, көтөрмөлөп коёлу” дешип, “4тү” “5”, “3тү” “4” кылып баа коюп беришчү. Иш-чараларга катышып, ырдап, интермедия аткара баштаган кезим эле. Ошентип “бул артист болот” деп бир мугалимибиз дем берип, окууга жөнөткөн мени.
“Шпагатка отуруп коркутам деп бетке жегем”
– Бала кезде тамашалаганды жакшы көрчүмүн. Класска мугалимден эрте кирип классташтарыма “бүгүн мугалим ооруп калыптыр, келбейт экен, тарай берет экенбиз үйгө” деп, үйгө кетип калчубуз. Тамашалашкан адатым азыр деле бар, Бишкекте отуруп алып “Каныбек чакырып жатат” деп оштук досторумду Бишкектен Ошко жөнөтүп жиберген учурлар болот (күлүп).
Бала кезде Брюс Ли, Жеки Чандын кинолорун көп көрчүбүз да. Анан көчөдө өзүңдү кинодогу башкы каарман элестетип басып каласың. Шпагатка жакшы отурчумун, ошондон улам Брюс Ли деп коюшат эле мени, тим эле шпагатка отура калып балдарды коркутуп жүрчүмүн. Билбейм, мурда шпагатка отура алган адамды кыйын мушташат деп ойлошчу окшойт. Бир жолу той болуп жаткан үйгө барсам коңшу айылдын жакшы мушташкан баласы келип калыптыр, “ушул бала жакшы мушташат, бир көрбөйсүңбү” дешип мушташ уюштуруп жиберишти. Баары бизди тегеректеп калышты. Коркутуп коёюн деп шпагатка отура калсам, чуркап келип бетиме бир тепсе болобу, тоголонуп кеткем (күлүп). Ошол күн эч эсимден кетпейт. Бир классташым менен атамандыкты талашып мектепти бүтүп кеткиче мушташтык окшойт. Зеригип калсак эле мушташып кетебиз, эптеп ажыратып коюшат. 5 мүнөттүк танаписте да бири-бирибизди 2-3 жолудан уруп алууга жетишет элек.
“Далай кат жазылып, бирок ээсине жетпеди”
– Биздин курак чыныгы бала кез болду деп айтат элем, азыркы жаштар балалыкты көмүскөдө жүрүп эле өткөрүп жатышкандай сезилет. Бала кездеги сүйүү, турмуш жолундагы сүйүү экөө эки башка мааниге ээ экен. Классташымды жакшы көрчүмүн, мектепти бүтүп, тээ студент болгуча жакшы көрдүм. Бирок бир да жолу ал кыздын жанына барып “мен сени жакшы көрөм” деп айта алган жокмун. Сырттан карап эле суктанып жүрө берчүмүн. Ал башкага турмушка чыкты, мен өз түгөйүмдү таап үйлөндүм дегендей. Арадан убакыт өтүп, 10 жылдык, 20 жылдык деген жолугушууларда, чоң киши болуп калганда анан жактырганымды айткам (күлүп). “Ушул эки ооз сөздү ушунча жыл ичиңде сактап жүрдүңбү? Ошондо эле айтсаң тиет болчумун сага” деп тамашалап аябай күлгөнбүз. Айылда сүйгөн кызымдын үйүнүн алдында тал дарагы бар эле, досум экөөбүз ошол талга жөлөнүп алып караңгыда айдын жарыгында кат жазат элек. Берүүгө келгенде “сен бер, мен бер” деп уялып жатып кат да ошол талда калып кетчү. Ал кыз так ошол талды келип карай тургансып талга бекитип кете берчүбүз. Толтура кат жазылды, бирок ээсине жеткен эмес. Айтор, бала кездеги сүйүүм укмуш болгон. Ал кызды көчөдөн көрүп калсам, аркы көчөдөн айланып качып өтөт элем.
“10 күн бою кой издегем”
– Башында коюбуз жок эле. Досторумдун кой кайтарганын көрүп, биздин да кой болсо дейт элем. Улуу эжебиз турмушка чыкканда кудалар бир тай, бир кой беришкен. Тайды жетелеп алып, жалгыз койду ар кимдин коюна кошуп карадым. Ошол койду көбөйтүп, саны 20-30га жеткенде өткөөл куракка келдим. Анан койдон алыстап, качып калганда койлор да азайып кетти. Эртең мененки саат 5те туруп кой кайтарып келип, кайра саат 8де мектепке барып калчубуз. Кой кайтарып жүргөндө эле артисттикке кызыкчу экенмин. Ташка чыгып сахнаны элестетип ырдай берчүмүн. Бир күнү ошентип жүрүп үйгө келсем, 2 кой жок. Тамашакөй кишинин жини келгенде өзүңдү коёрго жер таппай калат экенсиң да. Атам урушканда үйдөн чыгып кеткем, калп айтпасам, 10 күндөн ашыгыраак кой издедим. Үйгө баргандан коркуп айылда кой издеп жүрө бергем, досторумдукуна түнөп. Бир күнү атам “койлордун келгени качан, өзү жок, эми Ильязды койлорго издетет окшойм” деп досторумдан айттырып жибериптир.
Машине айдаганга аябай кызыкчумун. Атам агроном, кийин фермада тракторчу болду. Атамдын тракторун айдагым келе берчү. Ал беде, жүгөрү оргону трактор менен каерге барса, мен так ошол жерге кой кайтарат элем да, тракторун тиктеп отура берчүмүн. Атам аны байкап, трактор айдаганды үйрөттү. 7-класста трактор айдап калдым. Азыр деле техникага кызыгам. Келинчегим “мага караганда машинени жакшы көрөсүң” деп калат. Балам болсо “атам темирди көрсө өзүн жоготуп коёт” деп тамашалайт (күлүп).
Гулийпа Маметосмон кызы