ЫСЫРАПКОРЧУЛУКТУ ТЫЮУ: Ажонун жарлыгы иштеп жатабы?

Сентябрдын он жетиси, чоң атам 88 жашында көз жумду. Жакынын жоготуп кайгырып, көз жаш төгүлүп жаткан үйдүн маселеси – мал союу, дасторкон жайып, келгендерге тамак-аш, эт тартуу болуп жатты. Адаттагыдай, “Аксакалдар, эл эмне дейт?” деген сөз. Чектен ашкан ысырапкорчулуктун тыйылчудай түрү жок, байкашымча.

Садыр Жапаров: “Бай-кедей дебей, бирдей эрежеге өтөлү”     

Той-аштагы ашыкча ысырапкорчулук өлкөдө олуттуу маселе экенин далилдеп, 2022-жылы президент Садыр Жапаров атайын жарлык чыгарган. Ага ылайык, тажияда мал союуга тыюу салынууга тийиш эле.

– Өлүм чыккан үйдө той болуп жаткандай сезилет. Колунда жоктор колунда барларга атаандашып, жалгыз уюн союп жакынын акыркы сапарга узаткан учурлар кездешет. Бай-кедей дебей, бирдей эрежеге өтөлү. Жергиликтүү бийлик жакыны каза болгон үйдү катуу көзөмөлгө алышын талап кылам, – деген эле президент. Турмуш көрсөтүп жаткандай, ажонун жарлыгы иштеп-иштебей, арсар абалда турат.

“Каада-салттын жакшы жактарын да айта жүрүү керек”

Белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин маркумду акыркы сапарга узатуудагы тарыхтын изин минтип түшүндүрөт:

– Мал чарбачылыгы биринчи орунда турган тоолуу өрөөндөрдө, албетте, мал союлган. Тажияга алыскы аймактардан келгендер (адатта, куда-сөөктөр) ачка болуп калышпасын деген камкордук, меймандостук мал союуну талап кылгандыгы анык. Мал багуу башкы орунда турган элет жеринде дагы деле устуканга көңүл бөлүшөт. Ал эми дыйканчылыкка басым жасаган аймактарда бир аз башкачараак, устуканды бүтүн тартпай, 3-4кө бөлө беришет.

Тынчтыкбек мырза кыргызда маркумду акыркы сапарга узатууда олуттуу чыгымдар болуп келгенин, мындан ары да боло берерин, аны жарлык чыгарып токтотуу мүмкүн эместигин кошумчалады. Бул маселе ар бир үй-бүлөнүн жеке чечиминен көз каранды дейт.

– “Каада-салт чөнтөктү кагып жатат” дей бербестен, ошол каада-салттын жакшы, элге пайдалуу жактарын да айта жүрүү абзел. Элге түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүү натыйжа берет. Байларга же бийликтеги чиновниктерге атаандаша бербей, куру намыска алдырбай, той-ашыңа азыраак киши, жакындарыңды гана чакыр дешибиз керек. “Эл эмне дейт?” Албетте, эл деле калыстыкты жактырат, ысырапкорчулукка каршы кадамдарды эл деле колдойт болуш керек, – деди тарыхчы.

“200 миң сомдой коротулат”  

Маркумду акыркы сапарга узатуунун чыгымы ар жерде ар кандай болушу мүмкүн, анын так суммасын айтуу, албетте, мүмкүн эмес. Нарындын Ак-Талаа районунун тургуну Карыбек Эсенов маркумдун тажиясы жана эскерүү күндөрүнүн чыгымы боюнча буларды айтты:

– Маркумдун тажиясы күнү орточо 200 миң сомдой коротулат. Мисалы, эки бодо мал 80 миңден 160 миң сом болсо, орточо 40-50 миңге дасторкон жасалат. Эгер жашы улуу киши, аксакал каза болсо, жылкы союлат. Кыркылык жана жылдыгына орточо 130 миңден сарпталат. Башка да жөрөлгөлөр бар, алардын ар биринде кой союлат.

“Эл көрсүн деп ысырапкорчулук кылуу жакшы эмес”

Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз Закировдун айтымында, ашыкча ысырапкорчулук эл көрсүн, эл мактасын деген максатта кылынса, анын сообу жок.

– Эгерде максат чындап сооп жеткирүү болсо, анда башка да иштерди жасаса болот, мисалы: жол салуу, жол оңдоо, суу чыгаруу, мечит, мектеп, оорукана куруу, жетим же кедей-кембагалга үй салып берүү, илим-билимге кызыккан студенттерди каржылык жактан камсыздоо жана башка. Тирүүлөр чын жүрөктөн ар кандай жакшы иштерди кылып, сообун маркумга багыштаса сөзсүз жетет, – дейт муфтий. 

“Айып пул салынбаса жарлык иштебейт экен”

Ал эми Нарындын Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Акмат Касымбаев мырза ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча президенттин жарлыгы сезилерлик жыйынтык бербей жатканын айтты.

– Биздин айылда тажия күнү бирден эле мал союлсун, ысырапкорчулукка жол бербейли деп айтабыз. Анан тажияга келгендер көбөйүп кетсе, бизге көрсөтпөй экинчи малды союп жиберип жатышат. Ысырапкорчулукка каршы президенттин жарлыгы чыкканы менен, айып пул салуу жагы каралбаса, жарлыктын таасири деле болбойт экен, – дейт айыл аймагынын башчысы.

 

«Супердин» сурак бурчу

Маркумду узатууда мал союуга тыюу салган жарлык иштеп жатабы?

Афтандил Эрматов, Кара-Суу району:

– Биздин айылда иштебей жатат, себеби дагы деле “эл көрсүн” деген атаандашуу бар. Айылдыктар маркум чыккан үйгө тамак-ашка кирбей эле кетсе, узактан келгендерге гана чай берилсе жакшы болмок. Түшүндүрүү иштери жүрүп жатат, бирок жакшы эмес, жыйынтык жок. Кыргызстанда жашап жаткан соң ар бир жаран президенттин жарлыгын колдошу керек, ошондо жылыш болот.

Максат Боромбай уулу, Ысык-Көл району:

– Айыл башчы катары мага жана айылдын имамына ушул жарлык боюнча элге түшүндүрүү ишин жүргүзүү тапшырмасы берилген. Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң башында бодо мал союлбай калган эле. Ар кандай болот экен, кээде колунда барлар же кызматта иштегендер сөздү укпай бодо мал союп жиберишет. Ошентип кайра эле баягы абалга келдик. Түшүндүрүү иши менен чектелбей, жарлыкты аткарбагандарга айып пул салып, катуураак көзөмөлдөсө эле жарлык иштеп кетмек.

Маратбек Абдирасулов, Араван району:

– Жарлык иштеген жок. Себеби көзөмөлдүн алсыздыгынан деп ойлойм, жакшы көзөмөлдөп эл башындагы адамдар иштесе эле жыйынтык болмок. Байкашымча, элге түшүндүрүү иштери анчалык деле активдүү жүрүп жаткан жок. Бир-эки айтып коюу жетишсиз, анткени эл арасында мурдатан келе жаткан түшүнүк дагы деле бекем. Бул маселе муун алмашканда гана чечилет окшойт деген ойдомун.

Майракүл Сатылганова, Нарын району:

– Бизде мурун аз дегенде 3-4, көп дегенде 5-6 бодо мал союлчу. Канча мал союлганына карап “маркумду жакшы узатышты” же “жакшылап узатышпады” деген сөз болот эле. Азыр бир эле бодо мал же жандык союлат, ысырапкорчулук жок, демек, жарлык иштеп жатат. Мурдагыдай болуп айыл эли сөөк чыккан үйдөн тамак жебей калды, жаназага туруп, топурак салып эле тарашат. Алыстан келген куда-сөөк, жакын адамдарга гана эт тартылат.

Жаркынай Кабылбекова, Балыкчы шаары:

– Дин кызматкерлери мал сойбогула деп эскертип жатышат, кулак салгандар аткарып, укпагандар аткарышпайт. Балыкчы шаарында президенттин жарлыгы кандай аткарылып жатканы боюнча так маалымат айта албайм. Негизи маркум чыккан үйгө эл тамак же эт жеш үчүн эмес, каза болгон адамды акыркы сапарга узаталы, пенделик милдетибизди аткаралы деп барат да.

Элмира Турганалиева, Жалал-Абад шаары:

– Биздин аймакта жарлык иштеп жатат десек болот. Имамдар ысырапкорчулук болбосун деп эскертип жатышат. Көпчүлүк азыр тажия күнү кой эле соёт, анан кыркылык күнү “ихсан” деп айылдаштарга эт таратып беришет. Мурдагыга караганда чыгым кыйла азайды. Бирок колунда барлар талапка баш ийбей бодо мал сойгон учурлар дагы жок эмес.

 

Адина Муктар 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1150, 20-26-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан