УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-декабрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда Ташиев президенттикке талапкерлигин койбой турганын билдирди.
– Президент Садыр Жапаров жакшы натыйжа көрсөтүп жатат. Кийинки шайлоого катышууга укугу бар, мен ал кишини колдойм, – деди УКМК төрагасы.
Акылбек Жапаровдун өкмөт башчылыгынан кетиши тууралуу Камчыбек Ташиев “бир нерсеге байланышы бар үчүн кызматтан кетти да. Жөндөн-жөн кеткен жок да” деп билдирди. Буга чейин салык органында ири махинациялык схема аныкталган, Акылбек Жапаровдун кызматтан бошотулушун айрымдар ошол окуяга байланыштырып жатышат.
Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан чек ара талашын чечип бүткөнүн, 1 айдан кийин келишим Жогорку Кеңеште караларын билдирди. Буга чейин президент Жапаров Кыргыз-Тажик чек ара маселеси талаштуу жерлерди тең бөлүү принциби менен чечилгенин айткан эле. Кенен маалымат келишим парламентте каралып жатканда берилерин айтты Камчыбек Ташиев.
УКМК төрагасы экс-спикер, маркум Чыныбай Турсунбековдун жубайы ага 5 миллион доллар пара сунуштоого даярданганын, бул иштин алкагында чет өлкөлүк жарандар кармалышканын кошумчалады. Кайсы өлкөнүн жарандары экени айтылган жок.