Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети 17-декабрда “Үй-бүлө кодексине” жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзамдын долбоорун талкуулады. Демилгечи депутат Мирлан Самыйкожо билдиргендей, демилгенин максаты – кыргыздын салтына жана маданий өзгөчөлүгүнө жараша фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү. Ал үчүн төмөнкү варианттар сунушталууда:
• Фамилия чоң атасынын аты боюнча жазылганда чоң атасынын атына мүчө уланбастан атасынын атынан кийин балдар үчүн “уулу”, кыздар үчүн “кызы” деген сөз жазылат. Мисалы, Балтабай Максат Саматбек уулу. Балтабай Айгүл Саматбек кызы.
• Чоң атасынын атына “теги” деген сөз ажыратылбай чогуу жазылып, атасынын атынан кийин балдар үчүн “уулу”, кыздар үчүн “кызы” деген сөз жазылат. Мисалы, Балтабайтеги Максат Саматбек уулу, Балтабайтеги Айгүл Саматбек кызы.
• Чоң атасынын атына “теги” деген сөз ажыратылбай чогуу жазылып, балдар үчүн илик жөндөмөсүнүн мүчөсү (-дын, -тын, -дин, -тин жана башка), кыздар үчүн чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсү (-дан, -тан, -ден, -тен жана башка) атасынын атына уланып чогуу жазылат. Мисалы, Балтабайтеги Максат Саматбектин, Балтабайтеги Айгүл Саматбектен.
Сунушталып жаткан мыйзам фамилия жана атасынын атын жазуунун азыркы формасын жокко чыгарбайт, каалагандар азыркыдай эле жаздыра беришсе болот.