• Ашказан-ичеги трактындагы эң чоң орган – ичеги. Анда маанилүү процесстер ишке ашат: тамак-аштан пайдалуу заттардын тарашы жана сиңиши, ошондой эле организмден сиңирүүдөн кийинки калдыктарды сыртка чыгаруу. Адамдын иммунитети жана патогендик флорага туруктуулугу түздөн-түз ичегилердин микрофлорасынын саламаттыгынан көз каранды. Тагыраагы, адамдын иммунитетинин 80 пайызы ичегилерде жайгашкан.
• Адамдын ичегисинин узундугу өз боюнан 3-4 эсе узун болот. Болжолдуу түрдө жаш балдардыкы 3, чоң адамдардыкы 7-9 метрге чейин жетет.
• Ичке ичегинин узундугу чоң адамда орточо 5-6,5 (айрым булактардар 3-11) метрге жетет. Ал эми жоон ичегинин узундугу болгону 1,5-2 метрди түзөт. Жашылчаларды көп жеген адамдардын ичке ичегиси эт жакшы көргөндөрдүкүнө караганда узунураак болот. Анан да аялдардыкы эркектердикине караганда кыска келет.
• Кызыгы, ичегинин бактериялык курамынын негизинде адамдын жашын, дене түзүлүшүн жана кандай аймакта жашаганынан бери аныктаса болот экен.
• Бакыт гормонунун 95%ы ичеги клеткаларында пайда болот.
• Дагы бир кызыктуу факт: адамдагы коркуу сезимин жана өзүн-өзү сактоо инстинктин басаңдатуучу ичеги бактериялары бар.
• Курсактан чыккан “курулдаган” добуш чындыгында ичке ичегиде пайда болот. Ачка болгонубуздан эмес, тамактануунун ортосунда ашказан менен ичеги-карын өзүн-өзү “тазалап” жаткан учурда курулдаган добуш чыгат. Эгерде тазалоо мезгилинде биз тамактанып баштасак, анда тазалоо процесси токтойт.
• Аралаш тамак-аш ичке ичегиде 6-8 саат кармалат, ал эми жоон ичегиде 10-18 саатка чейин, айрым учурда 36 саатка чейин токтолушу мүмкүн. Бир порция аралаш тамак-ашты толугу менен сиңирүү процесси орточо эсеп менен бир сутка убакытты алат.
• Ичегилердеги бактериялардын жалпы салмагы болжолдуу түрдө 2 килограммды түзөт.
• Көпчүлүк ойлогондой, аппендикс анчалык деле пайдасыз, ашыкча жана керексиз орган эмес. Анын пайдалуу жагы – "жакшы бактериялар" үчүн резервуардын ролун аткарат жана кыйынчылык болгондо жоон ичегинин микрофлорасын коргойт.