Жашынган бакыт (Айылдык кыздын аянычтуу тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Баян ошентип полицияга түшүп калды. “Жол көрсөтөм” деген Чика полицияны көргөндө куйругун түйгөн бойдон качты. Аны да түшүнсө болот, мына-мына документ жасатам деп отуруп эки айдан бери мыйзамсыз иштеп жүргөн. Полиция Чиканы кармаса депортация кылмак. Баяндын улам-улам телефон чалып жатканын көргөн Чика “кечир, мен сени куткара албайм, Салима аяш апаңа же кечээги Кадыр акеңе чал” деп жазып экөөнүн тең номерлерин жөнөтүп жиберди. Баян дароо эле Салимага чалды:

– Алло, кандайсыз, аяш апа? Мен полицияга кармалып калдым, жардам бере аласызбы?

– Апам Москвага келгенде эле ооруп кайра Кыргызстанга кеткен, ким бул? – деген эркектин үнү угулду. Ал Салиманын уулу эле. Баян унчукпай тутканы коюп салды.

Аргасыз Чика берген экинчи номерге чалды. Кадыр акеси дароо тутканы көтөрдү.

– Кадыр аке, бул мен, Баян. Сиздердин бөлмөгө жаңы көчүп келген кызмын. Мен полицияга түшүп калдым, чыгарып кете аласызбы?

– Кандай Баян, ооба, Чика чалды мага. Кайсы метродосуң?

– Царицинада...

– Жумушка жакын экенсиң, азыр барып калам. “Документимди үйдө унутуп коюптурмун” деп отура бер, башка эч нерсе деп айтпа.

Кадыр жарым саатта полиция бөлүмүнө жетип келди. Анын орус жарандыгы бар эле, полиция кызматкерлерине акча берип Баянды чыгарып кетти.

Баян Кадыр акесине ыраазычылык айтып эле, дароо үйгө шашты. Жетип эле агасына чалмак. Жол бою жеңесинин жазган СМСи оюнан кеткен жок. “Мен ал аялдарга акчаңарды иштеп таап берем дебедим беле. Эмнеге агама барышты акмактар! Коё турушпайт беле!” деп ичинен ызаланып жатты. Үйгө келип агасына чалса көпкө алган жок, андан кийин телефону өчүк болуп калды. Ичинен тызылдаган ал Баян жеңесине чалды. Атыргүл бул учурда ооруканада күйөөсүн карап жаткан эле, тутканы алып Баянга буркулдап бир тийди...

– Баян, бизден алыс жүр, коңгурооң эмес, атыңды уккубуз жок!

– Жеңе, баары сиз ойлогондой эмес...

– Карызга белчеңден батып, анан качкан экенсиң да Орусияга, албууттанган аялдар үйгө чейин келип короодогу мал-жандарды айдап кетишти. Ильяс ошондон бери көзү ачылбай ичип жүрөт. Эми жүрөгү ооруп ооруканада. Биздин башыбызга көйгөйдү үйүп туруп кеттиң жөн кетпей.

– Жеңе, ал акчаларды мен жеп алган жокмун, жер алып берем деген бир эжеге алданып калдым. Менде күнөө жок. Ал аялдарга айырмасы жок, кимден болсо да эптеп акча өндүрсө болду экен. Эмне кылайын, жумушума да күндө келип ызы-чуу салып тынчтык бербей коюшту. Жер алып берем деген аял азыр түрмөдө. Акчаларды каякка коротконун айтпай жатат. Ал ошондой ар кимди алдап көнүп калган неме экен, 1-2 жыл абакта отуруп, кайра чыгып ошентип элди алдап жүрө берет дешти. Аргам түгөндү, 4 аял мага 20 миң доллардан беришкен, азыр алар “40 миң доллардан бергенбиз” деп жүрүшөт. Каратып туруп эле калп айтып жатышат. Мен анча акчаны өмүр бою пол жууп иштесем да таап бере албайм,- Баян башынан өткөн окуяларды эстеп ызасына чыдабай ыйлап кирди.

– Жеңе, жок дегенде сиз мага ишениңизчи, апамдан кийин эле эң жакын адамым сизсиз, Ильяс байкемдин абалы кандай, дарыгерлер эмне дешти?

Баяндын ыйлаганын уккан Атыргүл бир аз жоошуп, бир чети аны аяп кетти.

– Байкең жакшы эле, жүрөгү ооруп ооруканага түшкөнбүз. Дарыланып жатат. Сен ага чалбай эле кой азырынча. Бир аз өзүнө келсин, баарын түшүндүрүп берем. Бирок, Баян, карыздарыңды кутул, биздин тынчыбызды алып келбеши керек тиги аялдар. Суранам, бир нерсе кылып бүтүр ызы-чууңду.

– Ооба, жеңе, аракет кылам, күнү-түнү иштесем да карыздардан кутулам. Болгону мага убакыт керек.

– Ошент.

Жеңеси менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин Баян керебетте көпкө жатты. Курсагы ачкандан башы ооруп чыкты. Муздаткычты ачса жей турган эч нерсе жок, тиштелген сникерс туруптур, ошону жеди.

xxx

Баян Москвага келгенден бери эки жума өттү. Полицияга кармалгандан бери утурумдук жумуштарга да чыга албай калган болчу. Чика тамак-ашына жардам берип жүргөн. Үйдүн кожойкесимин деген келин келип Баяндан бир айдын ижара акысын төлөөнү талап кылды.

– Сизби Баян? Мен бул үйдүн кожойкеси болом. Эки жумадан бери бекер жашадыңыз, эми ижара акысын төлөп баштаңыз.

– Кечиресиз, мени Салима эне бул жакка киргизип кеткен эле.

– Билем, ал кайненем болот. Эми өмүр бою бекер жашабайсыз да, туурабы? Убактылуу жашап тур деп айткан чыгар. Эки жума жакшы эле убакыт. Азыр бир тууган бир туугандын үйүндө 2-3 күндөн артык жашай албайт, чоң кыз. Төлөй албайм десеңиз керебетти бошотуп коюңуз. Ансыз да “жаш кыздарды бир бөлмөгө тыгып салдың” деген даттанууларды күндө угам. Чика экөөңөрдү кетирип батир акысын кечиктирбей төлөп турган бир үй-бүлөлүү түгөйдү алганым жакшы эмеспи...

Баян башын шылкыйтып кийимдерин чогулта баштады.

– Макул, бошотуп берели.

– Ошенткиле, "батир издейм, акчасын азыр берем" дегендер толтура.

Чемоданын сүйрөгөн Баян Москва дарыясынын жээгин бойлой басып келе жатты. Мрамор менен тосулган суунун кырына келип токтоду.

“Жаратканым, айтчы, азыр ушул сууга секирсем, баары бүтөбү? Бүт азаптар унутулуп апамдын жанына барамбы? Сурагың оор болобу? Мен берген өмүрдү эмнеге толук жашаган жоксуң деп жазалайсыңбы? Сен да мени күнөөлөйсүңбү, айтчы? Аз өмүрүмдө эң жакын адамдар жүрөгүмдү жаралашты”... Ушул ойлордун кучагында сууну тиктеп турган Баян суунун бетинен өзү менен кошо дагы бир адамдын көлөкөсүн көрдү. Бурулуп караса, баягы “бабник” Кадыр акеси экен.

– Эй кыз, сени издеп жүрсө... Бери тур, кулайсың, суу жээктеп басып романтиканы каалап калгансыңбы?

Сууга бой таштайын деген оюмду билбей калды окшойт деп кубанып, кыз сөздү башкага буруп кетти.

– Уфф, чочутасыз да, Кадыр аке, эмне кылып жүрөсүз бул жакта?

– Чика чалды, экөөңөрдү кожойке үйдөн кууп жибериптир го...

– Өллө орой сүйлөйт экенсиз, Кадыр аке, куубай эле “кыздар, бошотуп бергиле, үй-бүлөлүүлөрдү киргизем” деди. Чика жок болчу мен чыгып жатканда.

– Ага кожойке телефон чалып “кийимдериңди алып кет” дептир. Анан Чика мага чалды “карап коюңуз, Москваны билбейт, адашып калат” деп. Мен сага миң эле жолу чалдым окшойт, жооп бербедиң,- деп Баяндын телефонун колунан жулуп алды.

– Түүй ата, номеримди “Кадыр бабник” деп сактап койгонун кара бу кыздын.

– “Атын атаса куту сүйүнөт” болуп аябай кубанып жатасызбы?

– Албетте “бабник” деген кандай сонун комплимент?! Полициядан куткарган бабник же сууга секирейин дегенде куткарган бабник деп койсоң деле болот.

– А сиз эмне баарын куткарып жүрөсүз, бир кызыкчылык бар да...

– Ыя тообо, кара муну, куткарсам да жакпайм... Полицияда отурганда жөн эле көзүңдү жылтыратып отурдуң эле го, сулуу кыз.

– Чика сизге ким болот? Эмнеге анын айтканын эки кылбайсыз?

– Чика жакшы таанышым... Ал жакшы кыз.

– Түшүндүм, а мен жаман кызмын. Мага үй-бүлөлүү, аялы бар кишилер жакпайт. Эркектер, ар тоонун гүлүн эңсеген өнөрүңөрдү качан коёсуңар? Эртең сиздин кызыңызды да атасындай эле киши ушинтсе жакшыбы?

– Эмне деп былжырап жатасың, Баян? Сен бул жашоодо эмнени билесиң? Бир туруп Чикага жабыштырасың, анан туруп өзүңө жабыштыргың келип жатат, “бабник” дейсиң!

– Эмне, кызыңызды айтканым катуу тийип кеттиби?

– Сууга секиргиң келип жатпады беле, “давай” секир, мен карап турам. Куткаруучу болбой эле койдум.

Баян бетон тосмону аттап өтүп дарыяга секирип кетти...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1150, 20-26-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан