Адам өлүмүнө алып келген кырсыктын күнөөкөрү DJ Йесондун жаза мөөнөтү кыскартылды
Тагыраагы, Түштүк Кореянын Жогорку соту DJ Йесондун 10 жылдык жаза мөөнөтүн 2 жылга кыскартып, 8 жыл абакка кести. Окуя Сеул шаарында болгон. 2024-жылдын 3-февралында таңкы 4:35тер чамасында DJ Йесон (чыныгы аты-жөнү Ан Йесон) Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаада бара жатып мотоциклди сүзүп кеткен. Жыйынтыгында мотоциклди башкарып бара жаткан 50 жаштагы курьер оор жаракаттардан улам каза болгон. Белгилүү болгондой, күнөөкөр кыз жабырлануучуга жардам бербей, кырсык болгон жерден качып кетүүгө аракет жасаган. Экспертиза айдоочу кыздын мас абалында экенин аныктаган эле. Алгач прокуратура DJ Йесонго 15 жыл жаза өтөө мөөнөтүн суранган. Кийин Йесондун өз күнөөсүн моюнуна алганы жана жабырлануучунун үй-бүлөсү менен бир келишимге келгени үчүн 10 жылдык жаза өтөө чечими чыккан. 10-декабрда болсо Жогорку сот 10 жылды 8 жыл кылып кыскартты.
Эске салсак, Йесон 2019-жылы INSTAR кыздардан куралган музыкалык топто ырчы катары карьерасын баштаган. Кийинчерээк диджейликке өтүп, Кытайда эмгектенип жүргөн.
BTS тобунун ырчысы Жин “Жылдыздардан сура” дорамасына саундтрек аткарат
Армиядан демобилизация болгондон бери BTS тобунун ырчысы Жин ар тармакта активдүү иштеп жаткан учуру. 15-ноябрда анын алгачкы «Happy» аталышындагы музыкалык альбому жарык көргөн. Андан сырткары көптөгөн шоу-программаларга тартылып жатат. Эми анын сериалга саундтрек аткарары белгилүү болду. Бул анын экинчи саундтреги. Буга чейин “Чирисан” дорамасында Жиндин аткаруусундагы «Yours» ыры жаңырган эле. 2025-жылдын 4-январында экранга чыгат делген “Жылдыздардан сура” сериалы орбитадагы жашоо жөнүндө болмокчу. Дорамага Ли Мин Хо, Гон Хё Жин баштаган атактуулар тартылып жатканы белгилүү. Анан албетте, Жиндин аткаруусундагы чыгармага да күбө боло алат экенбиз.