ЖЕЛИМ БӨТӨЛКӨГӨ БАЙЛАНГАН 7 ТАГДЫР

Турмуштун оор запкысын тарткан дагы бир үй-бүлөнүн тагдыры назарыңызда. Кыргызда “эбепке себеп болуп...” дейт, коомчулуктагы кайрымдуу адамдардын жардамы менен бул үй-бүлөнүн түйшүгү аз болсо да жеңилдеп калар, балким. 

 

Эдилбек Дыйканалиев, 35 жашта: “Эжем тубаса оорукчан, дарты кызына да өтүптүр”

– Кичи мекенибиз Нарындын Ак-Талаа району.

Учурда Бишкектин Киркомстром аймагында 2 бөлмөлүү чакан батирде 2 үй-бүлө ижара төлөп жашайбыз. Келинчегим, 2 кызым жана эжем, анын 2 кызы болуп 7 адам чогуу күн кечиребиз. Эжем Мээрим, улуу кызы экөө тубаса ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү. Эжемдин “акыл-эси өспөй калган” деген диагнозу бар, сүйлөй албайт, кээ бир сөздөрдү гана чулдурап түшүндүрөт. Улуу кызы учурда 9-класста окуйт, мектепке сиңдиси алып барып, алып келет. Врачтар апасынын оорусунун 70 пайызы кызына өткөн дешет. Кол, бутунун манжалары да бирикпей кыйшайып турат. Экинчи кызы 7-класс, ал жакшы окуйт. Үчөө 10 жылдан бери менин колумда. Келинчегим экөөбүз мыйзамдуу түрдө аларга камкорчу болуп эсептелебиз. Бизден башка карап-багар эч кимиси жок. Бул үйдө жалгыз мен иштейм, туруктуу жумушум жок. Тапканымды батир акысына, тамак-ашка, кыздардын кийим-кечеги, окуу куралдарына жеткире албай кыйналам. Эжем менен кызынын майыптык үчүн өкмөттөн алган акчасы өздөрүнүн дары-дармегинен ашпайт.

 

“Менин деле ден соолугум укмуш эмес”

– Эжем өзүнө-өзү кам көрө албайт, улуу кызы өзүн бир аз тейлей алат. Келинчегим аларды карап, иштебей үйдө отурууга аргасыз. Менин да ден соолугум укмуш эмес, кичинемде бийик имараттан кулап түшүп, оң бутумдун тарамыштары үзүлүп, оор операция жасаткам. Катуу суукта оң капталым ооруп, ишке жарабай калам. Ары-бери көчүп айлабыз кетти. Үйлүү болуп же жер тилке алып үй салсак, майыптарды кор кылбай баксак дегенде эки көзүм төрт, бирок баары каражатка барып такалууда. Кайрымдуу адамдар көп эмеспи, жардам болуп калар деген үмүттөмүн. 

Асел Анарбек кызы, 30 жашта: “Кайнежемдин башы көп ооруйт”

– Кайнежем Мээрим 39 жашта. Оорукчан болгондуктан ысык-суукту сезбейт, жаракат алып калам деп этияттаганды билбейт. Мектепте окуган эмес. Жолдошумдун айтымында, 2006-жылга чейин – апасынын көзү өткүчө анын колунда болгон. Анан атасынын карындашынын колуна барат. 21 жашында Ак-Талаа районунда бирөөгө чабан болуп тоодо жашаган адамга баш кошот. Экөөсү мыйзамдуу никеге турган эмес. Күйөөсү эки күндүн биринде мас болуп келип, уруп-сабап, зомбулук көрсөтүп жүргөн. Ошентип жашап улуу кызы, анын кичүү кызы жарыкка келет. Акыры ажырашып, атасынын эжесинин үйүндө 3-4 жыл жашайт кыздары менен. Кийин күйөөм Бишкекке алып келген. 

Ур-тепкинин залалыбы, айтор, кайнежемдин башы көп ооруйт. Кайсы ички органдары ооруп жатканын көрсөтүп бере албайт, болгону ичин кучактап жата берет. Кээде 2 сутка бою эч нерсе сезбей уктайт.

“Бир жолу үйдү өрттөп жибере жаздаган”

– Жолдошум экөөбүз 2020-жылы баш кошконбуз. Андан бери далай батир которуп, азапты абдан эле тарттык. Батирге ай сайын 7-15 миң сомго чейин төлөп келебиз. Үйдөн жолдошум гана иштегендиктен жашообуз кыйын. Кайнежемди үйгө кароосуз калтыра албайм. Кайнак сууга күйүп, токко тартылып же үйдү өрттөп жибереби, көчөгө чыгып кетип машинага урунуп калабы деп коркобуз. Бир жолу жумушка чыгып, иштегениме 3-4 күн болгондо үйдү өрттөп жибере жаздаган.

Кайнежем кээде үйдөн чыгып кетип, бир нече күн издетет. Бир жолу 2 айга жоголуп кеткен. Акырында соцтармактарга сүрөтүн жарыялап, Беловодскийден тапканбыз. 

“3 жылдан бери желим бөтөлкө чогултабыз”

– Кайнежемдин кичүү кызы тың, боорукер, мектепте жакшы окуйт. Мага жардамдашып дайыма жанымда. Мени “апа” дейт. Мен да аларды боорума тартып, өз кыздарымдай көрөм. Бизден мурун ушулар кыйналбаса, курсактары ток болсо, оорубаса деп тиленем. Кудай майыптарга кандай мамиле кылып, кантип багып жатышат деп карап турса, биздин жаман мамиле жасаганга укугубуз жок. Абийирибиз жол бербейт. Чайын берип, кийимдерин жууп, 2 майыпты баладай жуунтуп кам көрөм. Кайнежемдин кичүү кызын окутуп, жогорку билимдүү кылсам деп тилейм. Кийин биз картайганда эжесине жөлөк болуп, камкордук көрсө...

Жашоо үчүн күрөшүп башыбыздан эмнелерди гана өткөргөн жокпуз. Чоң Чүй каналы жакта жашаганыбызда көмүргө акчабыз жок, кыштан чыгыш үчүн баарыбыз жабыла отун, чырпык, куурай тердик. Ошону жагып "өлбө, жаным, өлбө" деп кыштан чыкканбыз.

Акыркы 3 жылдан бери кайнежем, анын 2 кызы төртөөбүз ар жерден желим бөтөлкө чогултуп, өткөрүп келебиз. Элдин бизди жактырбай караганына көнүп деле калдык. Жолдошум бир жылы катуу ооруп жатып калганда тапканыбыз анын дарысына кетип, ачка калган күндөрүбүз көп эле болду.

Кайнежем менен анын чоң кызын врачтарга толук текшертип, баштарын компьютердик томографияга тарттырып, дарылатсак дейбиз, бирок каражатыбыз жок. Элден жардам болсо кубанат элек. Үйлүү болуп, ысык-суукта улам ар кайсы жакка көчпөй, бир жерде отурукташсак баарыбызга жакшы болот эле.

“Ашпоз болуп, апамды баксам дейм”

Мээрим айымдан кичүү кызын сөзгө тартканыбызда буларды айтып берди:

– Мектепте жакшы окуйм, ар кандай сынактарга катышам. Жакшы бийлейм. Асел апамды жакшы көрөм. Урушпайт, кучактап өөп турат. Кийимдерибизди жууп, мектепке барарда чайыбызды даярдап берет. Апам ооруйт да, ошого жоголуп кеткени эле жаман. Болбосо жакшы. Келечекте ашпоз болуп иштеп, түркүн тамак, тортторду жасап, атактуу адам болгум келет. Иштеп, апамды, эжемди, Асел апамдарды да багам кийин. Кинодон үйдө балдардын өз бөлмөлөрү боло турганын көргөм. Биздин да үйүбүз болсо, өзүмдүн бөлмөм болсо деп тилейм. Уюлдук телефонумдан көп нерсени үйрөнөйүн дейм, бирок анда дайыма интернет иштеткени акча жок болот.

 

Жардам берүү үчүн реквизит:

Мбанк: 996 705 95 04 02

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1150, 20-26-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан