Ура-а, көпчүлүк сүйгөн “Падыша арстан” мультфильминин дагы бир бөлүмү тасмага айланып экранга чыкты. 1994-жылы тартылган мультфильмде (2019-жылы киносү экранга чыккан) кичинекей арстан Симбанын төрөлүшү, атасы Муфасанын өлүмү, андан кийинки качкын жашоо, падышалык такка келүүсү тууралуу окуялар чагылдырылат эмеспи. 2024-жылы 20-декабрда прокатка чыккан тасмада Симбанын атасы Муфасанын өмүр баянын көрөт экенбиз. Ал эми тасма тууралуу кызыктарды биздин макаладан окуңуз.
Тарткан өлкө: АКШ
Чыккан жылы: 2024-жыл, 20-декабрь
Жанры: мюзикл, анимация, драма
Узактыгы: 1 саат 58 мүнөт
Режиссёру: Барри Женкинс
Сценаристи: Жефф Натансон
Чыгарган компания: Walt Disney Pictures
Кичинекей Муфаса...
30 жыл мурун тартылган мультфильмди тасмага айлантуу иши, тагыраагы, ремейки 2019-жылы ишке ашкан дебедикпи. “Муфаса: Падыша арстан” ошол 2019-жылкы тасманын приквели болуп саналат. Биз Муфасаны чоң аймактагы прайдды башкарган күчтүү падышанын ролунда гана көргөнбүз. Эми анын балалыгына барабыз. Ата-энесинен ажырап жетим калган кичинекей Муфаса падышалык тукумдун өкүлү Така деген арстан менен таанышып калат. Экөө достошуп, бири-бирине жөлөк-таяк болгон бир тууганга айланып, Африканын саванналарын кыдырып бирге саякатташат, коркунучтуу учурлардан бирге өтүшөт, душмандардан бирге качышат дегендей. Мына ушундай ары кызыктуу, ары кооптуу жолдо, убакыт аралыгында Муфаса турмуштук тажрыйба топтойт, курчуйт, аң-сезими өсөт да биз билген күчтүү падыша жаралат. Тасманын кыскача мазмуну ушундай, окурман.
Така – Шрам
Ал эми анын Така досу, бир тууганы эмне үчүн Шрам аталып Муфасанын душманына айланганынын себеби – экөөнүн ортосундагы кайчы мамиле да тасмада чагылдырылды дешет. Демек, биз Муфасанын эле башка тарабын эмес, куу, чыккынчы каарман деп көнүп калган Шрамдын да башка тарабын көрө алат экенбиз. Тасмада терс каармандын ордунда башка арстан бар – Кирос деген.
Маймыл, Тимон, Пумба
Муфасанын балалыгы тууралуу баянды биз билген Рафики аттуу маймыл-шаман эскерүү иретинде айтып берет. Тагыраагы, тасманын баштан-аяк жүрүшү, андагы окуялар Рафикинин сөзү менен сүрөттөлөт. Симба менен Наланын кызы Киара чоң атасынын басып өткөн жолун кызыгуу менен угат. Анан да маймылга жардамдашып, анын эскерүүлөрүн толуктаган Тимон менен Пумба да бар. Экөөнүн жылмаюу жараткан диалогдору, юмору бул тасмада да көрөрманды кайдыгер калтырбайт дешет тасманы жаратуучу топ.
CGI технологиясы
“Падыша арстандын” уландысы тартылары тууралуу маалыматтар 2020-жылы эле белгилүү болгон. Бирок эмне жөнүндө экенин жаратуучу топ жашыруун сактап келишкен. “Муфаса: Падыша арстан” тасмасы CGI (computer-generated imagery) технологиясы менен ишке ашкан. Бул үч өлчөмдүү компьютердик сүрөттөрдү түзүүгө мүмкүндүк берген атайын технология. Тасмада гримдин жана аниматрониканын күчү жетпеген жерде CGI технологиясы жардамга келет. Бул технология фантастика, анимация жанрындагы бир топ кинолорго колдонулган.
Кимдин үнү?
Тасма, мультфильмдерде үн коштоочулар маанилүү ролду ойнойт эмеспи. “Муфаса: Падыша арстан” тасмасында жаныбарларга үн берип жан киргизген адамдарды да тааныштырып өтөлү.
Муфасанын үнүн – актёр Келвин Харрисон кичүүсү коштогон.
Шрам – Аарон Пьер
Кирос – Мадс Миккельсен
Пумба – Сет Роген
Тимон – Билли Айкнер
Рафики – Жон Кани
Симба – Дональд Гловер
Нала – Бейонсе Ноулз-Картер
Киара – Блю Айви Картер. 12 жаштагы Блю рэпер Jay-Z менен атактуу ырчы Бейонсенин кызы. Ал үчүн ханыша Киаранын ролу дебюттук болуп саналат.
“Мен бул тасманы тартышым керек болчу”
“Муфаса: Падыша арстан” тасмасынын эки тизгин, бир чылбырын колго режиссёр Барри Женкинс алыптыр. Женкинс режиссёрлук кыларын билген көрөрмандар социалдык тармактарда ызы-чуу салышкан “Айдын жарыгы” сындуу олуттуу, адаттан тыш тасмаларды тарткан режиссёр кантип “Падыша арстан” тууралуу тартсын? Ал үчүн бул долбоор жеңил-желпи болуп калат” деп. Буга жооп кылып “Оскарлуу” режиссёр: “Мен бул тасманы тартышым керек болчу. Эсимде, 14 жашта болсом керек, 2 жээним болуп үчөөбүз бир нече күндө “Падыша арстанды” видеокассетадан улам кайталап 95 жолу көргөнбүз. Кийин чоңойгондо деле Муфаса кантип улуу падышага айланганы тууралуу окуяларды элестете берчүмүн. Ошол окуяларды тасмага айланттым. Муфаса үй-бүлөсүнүн, досторунун аркасында, алардын колдоосу менен улуу жол башчыга айланганын көрө аласыз. Бул долбоорго салым кошконума кубанычтамын”,- дейт.
Улуу-кичүү дебей күтүп көрө турган “Муфаса: Падыша арстан” тасмасы алгачкы оригинал мультфильмдин 30 жылдыгына карата 2024-жылдын 20-декабрында прокатка чыкты.
Асыл Орозбекова