Жашынган бакыт (Айылдык кыздын аянычтуу тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Кадырдын “кана, секир” дегенине арданып кетип муздак дарыяга секирип жиберген Баян эмне кыларын билбей калды. Көп өтпөй эле артынан Кадыр сууга секирди. Баян сүзгөндү жакшы билчү, Кадырдын аны көздөй келе жатканын көрүп, ага жеткирбестин айласын кылып тез-тезден алдыга сүзүп баратты. Баяндын жеткирбей сүзүп баратканын байкаган Кадыр катуу кыйкырды.

– Эй кыз, токто, кайда баратасың? Мен чөгүп баратам, жардамга-аа!

Баян чын эле Кадырдын бирде суунун ичине кирип жок болуп, бирде башы чыгып жатканын көрүп чочуп кетти. Кайра артка сүзүп барып суу жутуп какап жаткан Кадырды сүйрөп жээкке чыгарды. Кадыр көпкө өзүнө келе албай жатты. Күн да суук эле. Кылган кылыгына өкүнүп кеткен Баян көзүнө жаш ала Кадырдан кечирим сурады.

– Кадыр аке, мени кечириңизчи. Мен сүзгөндү жакшы билем, сизди жөн эле коркутуп коёюн дегем, көрдүңүз го ортосуна кетпей жээкте эле жүрдүм. Сиз ортосуна кетип калдыңыз го?

Сууга чөгүп кетейин деп аман калган Кадыр: – Эй кыз, сууда сүзгөндү билбейм. Суунун агымы менен эле кетип жаттым.

– Мен тарапты көздөй сүзүп келе жаттыңыз эле го.

– Кол менен чабак ура берем, бут иштебейт сууда.

– Тообо, анан эмне секирдиңиз куткаруучу болуп?

– Анан карап турушум керек беле, жаш кыз жеңил ойлуулук кылып албасын дедим...

– Өзүңүз секир дедиңиз го...

– Тамашалап койдум да, сенин секирип кетериңди кайдан билдим? Сүзгөндү билет экенсиң, эми секирип ойной бер, куткарбайм болду.

Суу кийимдерин сыгып, кайра кийип жаткан Кадыр: – Өпкөмө суу толуп калды окшойт, ыя? Жанагы эмне эле, жасалма дем алдырат дейт беле, ошентип көрчү, чыгып кетер, балким?

– Аны сууга чөгүп эс-учун жоготкондорго жасайт. Сизге анын кереги жок.

– Жасай берчи, балким, жеңилдеп калам...

– Дагы эмне кылайын?

– Мен сен үчүн тереңдиги 14 метр дарыяга секирдим, сен мен үчүн оозуңдун желин аяйт турбайсыңбы, ээ? Мейли, мейли...

xxx

Баян Кадырды буюмдары менен кошо Чика экөөнүн жаңы батирине ээрчитип барды. Бул батирге Чика көптөн бери чыгам деп, бирок акчасы жетпей жүргөн. Мурунку кожойкеси “батирди бошоткула” дегенде ал Кадырдан карызга акча сураганга мажбур болду. Чиканын сөзүн эки кылбаган Кадыр дароо ага акча которгон. Кийимдери суу болуп кирип келген Баян менен Кадырды көргөн Чика чочуп кетти.

– Апей, суу болуп каяктан силер?

– Ээ, сураба, Чика, бул курбуң романтиканы жакшы көрөт экен. Сууда сүзүп Жек менен Роза болдук. Бирок мен аман калдым, көрүп турасың.

– Ии-ий үшүдүңүз го, аке, душка кирип чыгыңыз, тамак да бышып калды. Баян ачка болуш керек деп жасап жаткам. Даам сызып кетиңиз биротоло.

Сыртынан сыр бербегени менен, Чика Кадыр акесин Баяндан кызганып кетти. Жоомарт, берешен “спонсор” агасын тарттырып жибергиси келген жок.

Душка Баян биринчи кирип кетти. Кадыр менен Чиканын мамилеси ага да түшүнүксүз эле. Ичинен “кечээ эле “Кадыр акени чаап ал, ал бабник” деп жатты эле. Бүгүн акесинин көзү менен тең айланып калганын кара” деп ойлоп койду.

xxx

Арадан 3 ай өттү. Ильяс сакайып ооруканадан чыгып, мурунку жумушуна кайтты. Күйөөсүнүн иштеп акча таап, үй-бүлөсүнүн кем-каржысын жаап жатканы менен, Атыр Ильяс экөөнүн ортосунда эмоционалдык байланыш үзүлүп бара жатканын байкады. Мурун кызганып, ичинен тызылдап, сарсанаа болуп турчу. Бул жолкусунда Ильяс “Атыр билип калат, сезип калат” деп корккон жок. Тескерисинче, аялын кагып-силкип, төшөгүнө жолобой, “өзүңдү карабайсың”, “арыкташың керек” деген сыяктуу сөздөрдү көп айтчу болду. Атыр да ичинен бир нерсени сезип жатты, бирок анда далил жок эле. Баарын убакыт таразасына коюп унчукпай жүрө берди. Бирок жан дүйнөсү тынч эмес эле. Бир күнү апасына чалып агынан жарылды:

xxx

– Апа, Ильяс аябай өзгөрүп кетти. Мурункудай жылуулук жок, бир болсо бирөөнү таап алган...   

– Кызым, аялдын туюу сезими күчтүү болот, эгер шектенип жатсаң, демек, адашкан жоксуң...

– Эгер бул жолу чын чыкса, аны кечирбейм. Ажырашып кетпейли деп канча жан талаштым, эгер оңолбосо, анда мындан ары чогуу жашоонун маңызы деле жок. Жашмын, 40ка чыга элекмин. Ал мени “кайда кетмек эле” деп жүрөт окшойт.

– Эркекке өчөшпө, кызым. Үй-бүлө аялдын сабыры менен гана сакталат. Жашмын деп сен да жаман эриңе өчөшүп жаза басканы турасыңбы? Аялдын тазалыгы эркекке эмес, биринчи кезекте өзүнө, анан балдарына керек. Руханий жактан таза аялдын балдары зээндүү, мээримдүү, кыйын болушат. Күйөөңдү жайына кой, каалагандай жүрсүн. Балдарыңды кара, кызым.

Апасынын акыл-насаатын уккандан кийин Атыр кадимкидей тынчтана түштү. Болбосо күйөөсү жумуштан келгенде телефонун текшерип, унаасын аңтарып илинчек табылса чоң чыр чыгарайын деп жаткан эле.

  xxx                     

Орусияга келгенине 4 айдан ашты. Баян чет өлкөгө экспорттолчу товарларды таңгактоочу фирмага жумушка кирген. Ал эми курбусу Чика таттуу чыгарган цехте иштечү. Акчасы топтоло баштаган Баяндын көңүлү тынчып, карыздарын четинен кутула баштады. Чоң шаарга көнүп, метролордо эркин жүрүп калды. Жумуштан кийин Чика экөө сейил бакта басып баратып Баян көптөн бери сурагысы келген нерсеси тууралуу ооз ачты:

– Чика, Кадыр аке экөөңөрдүн ортоңордо кандай мамиле бар? 4 айдан бери жаныңда жүрсөм да такыр түшүнбөй койдум силерди. Же курбудай болуп ачылып-чачылып сырыңды айтпайсың...

– Мен ар кимге сырымды айтып жүрүп оозум күйгөн. Негизи мүнөзүм ушундай. Анан менин жашоом кимге кызык?

– Мага кызык...

– Сага эмне үчүн кызык айтайынбы? Анткени сага Кадыр аке жагып жүрөт.

Баян унчукпай калды. Чынында, Кадырга жылуу сезимдери бар эле, бирок ал карындаш-агалык сезимби же башкабы, өзү да түшүнбөй жүргөн. Бирок аны Чика сезип калбасын деп дароо актанууга өттү.

– Сенин Кадыр акеңди башыма тартамбы, кызыксың го, Чика. Элестетсең, чоң эле киши, үй-бүлөлүү. Ал бойдок кыздарга эмнеге акчалай жардам бермек эле, бир кызыкчылыгы бар үчүн да?

– Биринчиден, ал 33 эле жашта. Сенден көп болсо 10 жаш улуу.

– Койчу, кебетеси 45тегидей го...

– Кеп анда эмес, кыздардын баары анын мамилесин, анан берешендигин сүйүшөт.

– Аялычы, аялы кызыктырбайбы силерди?

– Аялын да сүйөт, ишенбесең бар үйүнө, азыр анын аялынан өткөн бактылуу айым жок, Кадыр аке ага күндө гүл жиберет, укмуш СМС каттарды жөнөтөт. Эркектин баары солго басат, бирок акылдуулар гана билдирбейт дешет го. Кадыр аке дал ошондой мырзалардан. Мындай мырзалар аялын да, башкасын да бактылуу кыла алышат.

– Мен жаңы көчүп келгенде “аялы 5-6 күндөн бери ыйлап жатат, Кадыр аке үйдө түнөй элек” дебедиң беле? Бактылуу аялы ошолбу?

– Ал кезде таарынышып жүрүшкөн болчу. Кийин жарашышты, сүйүүлөрү мурдагыдан да күчтүү азыр.

– Түшүнүктүү, эми экөөңөрдүн мамилеге токтолсок...

– Эч нерсе жок ортобузда. Болгону экөөбүз жакшы баарлашабыз, сырларын угам. Ооба, акчалай жардам берет, бирок ал үчүн бир нерсе үмүт этпейт. Бир да жолу жыныстык мамиле сунуштаган жок, тийишкен жок.

– Койчу, ишенбейм... Жомок го.

– Баян, биз тууралуу оюң ушундай жаман беле, ээ? – Чика курбусуна таарынгансып карады.

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1151, 27-декабрь-2-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан