Жаңы жылдык пряниктер
Тарыхы
Имбирь, корица жыттанган печеньени скандинавия жана славян элдеринде Жаңы жыл жана Рождество майрамдарында бири-бирине белекке берүү ырымы бар. Ким көп печенье берсе, ошол жылы ага ошончолук бакыт келет деп ишенишкен. Уламыштар боюнча, печенье Англияда жаралган. Анда монах камырга адашып имбирь упасын кошуп алып, ал баарына жагып калган. Ал эми славян элинде 12-13-кылымдарда жасалып баштаган. Жытына карап орустар пряник деп атап алышкан.
Керектелүүчү азыктар:
Ун – 330 грамм
Каймак май – 120 грамм
Кумшекер – 100 грамм
Бал – 100 грамм
Жумуртка – 1 даана
Сода – 0,5 чай кашык
Упаланган имбирь – 0,5 чай кашык
Корица – 0,5 чай кашык
Упаланган мускат жаңгагы – 0,5 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Каймак майга кумшекерди кошуп аралаштырабыз. Эми бал, жыттуу татымалдарды, сода жана жумуртканы кошуп бир массага келтиребиз. Үстүнө унду аз-аздан кошуп камыр жууруйбуз. Камыр жумшак, колго жабышпай калганда целлофанга ороп, муздаткычка бир саатка коёбуз.
2. Камырды алып чыгып жукалыгын 0,5 сантиметр кылып жаябыз. Ар кандай формалардын, ал жок болсо стакандын жардамы менен пряник даярдайбыз. Пергамент төшөлгөн табаларга салабыз.
3. 170 градуста ысып турган электр мешинде 7-10 мүнөт коюп бышырабыз. Бышканда колдо бар нерсе менен, фантазияңызга жараша кооздоп койсоңуз болот.
Француз рулети
Тарыхы
Рулетти көргөндө эле отун элестелет. Жаңы жыл, Рождество майрамында жасалуучу салттуу таттуунун мындай жасалып калышынын себеби бар. Француздарда мурун бул майрамдарда үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп, үй-бүлө башчысы чоң отунга май же бал, же ырымдап суу, шарап чачып анан отко жаккан. Анын күлүн байлык, ийгилик алып келет деп жылы бою сакташкан. Мезгилдер алмашып, бул ырым кулинардык чеберчиликке өтүп, отун сымал рулет жасоо салт болуп калган.
Керектелүүчү азыктар:
Бисквит үчүн:
Жумуртканын сарысы – 9 даана
Жумуртканын агы – 5 даана
Ун – 85 грамм
Кумшекер – 80+50 грамм
Креми үчүн:
Быштактуу сыр же маскарпоне сыры – 200 грамм
Коюу сүт (сливки 33%) – 50 миллилитр
Шоколад – 100 грамм
Мандарин – 100 грамм
Ганаш үчүн:
Шоколад – 200 грамм
Коюу сүт (33%) – 230 миллилитр
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач бисквитти даярдап алабыз. Жумуртканын сарысына 80 грамм кумшекерди кошуп миксер менен көбүрүп агаргыча чалабыз. Жумуртканын агына 50 грамм кумшекерди кошуп коюу көбүк болгончо чалабыз. Агы менен сарысын силикон кашык менен кылдат аралаштырабыз. Көбүк түшүп кетпеши керек. Эми унду аз-аздан кошуп кылдат аралаштырабыз да, пергамент төшөлгөн электр табасына экиге бөлүп жука жайып бышырабыз. 150-170 градуста 10-15 мүнөттө бышат.
2. Креми үчүн шоколадды бууда эритип бөлмө температурасына келгиче муздатабыз. Ага чейин сыр менен коюу сүттү чалабыз. Коюу болгондо шоколадды кошуп аралаштырабыз. Креми даяр!
3. Мандаринди аарчып, блендерден өткөрөбүз. Ширеси көп болсо сыгып, пюресин колдонобуз.
4. Бисквиттерди пергамент кагаздан чыгарбайбыз. Муздаган кезде кремди бетине эки бөлүп шыбап, мандарин пюресин да жука шыбайбыз. Рулеттерди пергамент кагазынын жардамы менен ороп, муздаткычка бир саатка сала турабыз.
5. Ганаш – бул сыртын сыймалак кылып каптоо. Ал үчүн шоколадды бууда эритип, коюу сүттү жай отто жылытабыз. Шоколад кол күйбөгүдөй жылуу кезде коюу сүткө кошуп аралаштырабыз. Ганаштын ордуна ортосуна салган кремди көбүрөөк даярдап, ошону эле сыртына да сүйкөп чыкса болот.
6. Рулетти муздаткычтан алып, эки чекесин тегиздеп кесебиз. Ганашты бетине куябыз да, отун сымал үстүнө сызыктарды сызып, кумшекер упасынан себелеп коёбуз. Майрамдык француз рулети даяр!
Немис штоллени
Тарыхы
Бул таттууну жаңы жылда жасоо салты Германияга чектеш мамлекеттерде да бар. 14-кылымдан бери жасалып келе жаткан штолленди майрамга 2-3 жума алдын жасап, муздак жерде сактап, майрам күнү кесишет. Бул таттуу кесилгенден кийин гана бири-бирине каалоо-тилек айтышат. Кошулуучу жаңгак-мейиздер көбүнчө ромго чыланат.
Керектелүүчү азыктар:
Ун – 420 грамм
Каймак май – 120 грамм
Жумуртканын сарысы – 6 даана
Сүт – 100 грамм
Кумшекер – 4 аш кашык
Лимон кырындысы – 0,5 чай кашык
Ванилин – 3-4 чымчым
Ачыткы – 7 грамм
Туз – 1 чай кашык
Толтурмасы үчүн:
Жаңгак түрлөрү – 1 стакан
Кургатылган цитрус жемиштери (цукаты) – 1 ууч
Кара мейиз – 1 ууч
Даярдоо ыкмасы:
1. Толтурмасына керектелүүчү азыктарды бир идишке салып, жылуу суу көмгүдөй куюп 1-2 саатка коёбуз. Суусун жакшы сарыктырып, кургатабыз.
2. Жылуу сүткө кумшекер, туз, ачыткы, 3-4 кашык ун кошуп аралаштырып, үстүн жаап 15-20 мүнөткө жылуу жерге коёбуз.
3. 20 мүнөттөн соң ундун калганын, жумшак каймак майды, жумуртканын сарысын, лимон кырындысын жана ванилинди кошуп камыр жууруйбуз. Жаңгак-мейиздерди кошуп камырды жууруп жаап, 1 саат ачыганча жылуу жерге коёбуз.
4. Камырды батон сымал формага келтирип, 170 градуста ысып турган мешке 40 мүнөт коюп бышырабыз.
5. Ысык кезинде каймак май сүртүп, кумшекер упасын себелейбиз. Муздаган соң кесип дасторконго коё берсеңиз болот!
Асел Ишенбай кызы