Эркин Усенбаев, актёр: «Режиссёр катары өзүмдү сынап көрөйүн дедим»

“Эл эмне дейт?”, “Участковый” долбоорлору менен элге таанылган таланттуу актёр Эркин Усенбаев эмнеге экрандан көрүнбөй калды десек, көрсө, режиссёрлукка ыктап кетиптир. Жакында дагы бир комедиялык тасма тартабыз дейт. Ушул жана башка жаңылыктарын айтып бизге маек куруп берди.    

 

– Саламатсызбы, Эркин мырз? Жаңырган жылдын алгачкы күндөрүндө маектешип жатабыз, быйылкы жылга кандай пландар менен кирдиңиз?

– Саламатсыздарбы? Рахмат. Жаңы жылга пландар көп. Буюрса, 25-январда айыл өкмөтү тууралуу комедиялык тасманы тартуу иштери башталат. Азыр сценарийдин үстүнөн иштеп жатабыз. Башкы каарман – Камчы Сарыбаев байкебиз. Бул кинодо элди угуш керек, элди уга албасаң эч кандай ийгиликке жетпейсиң деген маани бар. Буга чейин “Тайган” деген сериал тартып, чыгардык. Учурда телеканалдардын биринде көрсөтүлүп жатат. Комедиядан башка жанрга өтүш бир топ эле кыйын экен. Анын үстүнө бул сериал мен үчүн дебюттук, автордук сериал болду да, аны тартууда жакшы консультанттар, милиция кызматкерлери жардам беришти. Тасманы опер, милиция кызматкерлери жөнүндө тарттык. Андагы окуялар, кылмыштар жашоодон алынган. Анын баарын райондук ички иштер бөлүмүндөгү иштин материалдарынан алдык. Андагы кылмыштарды окуп көрсөм, аябай оор экен. Анын баарын ачык тарта албайсың. Тартсаң, ал 18+ эмес, 25+ болуп кетет. Психиканы буза турган иштер көп экен. Оперлердин, милиция кызматкерлеринин жумушуна баа бердим.

– Актёрлукту таштап, режиссёрлукка биротоло өттүңүзбү?

– Актёрдук кесипти таштагам, 2-3 жылдан бери тасмаларга тартылбай жатам. Бирок биротоло эмес. Киного тартылбай калгандан бери форма-сорма, баарын таштадым. Режиссёр болгондон кийин чыныгы режиссёрлукту байкап көрөйүн деп жатам. Буюрса, актёрлукка кайтканымда арыктап, формага келип алам, анын өзүнүн методдору бар. Азыр арыктагым келбей эле турат.

– Толуп кеттиң деп көп айтып жатышабы?

– Тааныштар “ай, арыктабайсыңбы” деп жатышат. Ооба. Түшүнөм баарын. Дагы деле ролдорду сунуш кылышат, камера деген аз дегенде 5 килограмм кошот, мен муну билем. Азыр баягы “Эл эмне дейттеги”, “Участковыйдагы” Эркин жок. Бирок ал Эркинге кайтыш оңой эле. Режиссёрлук актёрлукка караганда оор экен. Кыскасы, режиссёр болуп көрөйүн деп чечтим, азыркы ишим жагып жатат. 

– Тасма жаратууда автордун айтайын деген бир ою, көтөрө турган маселеси болот. Сиз кандай маселени көтөрөсүз?

– Бул теманы айтсам элге сюрприз болбой калат го. “Айыл өкмөтүндө” үй-бүлөлүк мамилелер камтылат, анан дагы бир чоң тема бар. Бул менин да башымдан өткөн. Келинчегим экөөбүз көп жыл балалуу боло албай жүргөнбүз. Ушул теманы ачыш керек болду. Айрым кесиптештерим да көп жыл балалуу боло албай жүрүштү, дагы эле боло албай жүргөнү бар. Кудайга шүгүр, балам 2 күндөн кийин 1 жашка чыгат. Биз баланы 4 жыл күттүк, абдан оор экен. Туугандарың, жакындарың жейт экен. Бир нерсе болсо эле келинчегиңе же өзүңө сөз тиет. Сөз арасында өздөрү байкабай эле чукуй беришет экен да туугандар, бул бизге аябай катуу тийип жатты. Отуруш-потуруш, той-пойго баргың келбей калат экен. Бирок эч кимге билдирбегенге аракет кылдык. Азыр Кудайга шүгүр, жумуштан баргандан кийин баламды көрүп кубанам, Кудайым берген наристе. Билип-билбей башка үй-бүлөнү сындабаш керек экенин түшүндүм.

– Жубайыңыз сизден 11 жашка кичүү. Бул нерсе үй-бүлө түптөөдө кандай таасирин тийгизет экен?

– Артыкчылыгы да, кемчилиги да болот экен. Жакшы жагы – өзүң пластилиндей ийлеп мүнөзүн жасап алат экенсиң, бирок ал бат эле өсүп, сенден ашып кетет (күлүп). Кемчилиги – кээ бир жерден түшүнбөстүктөр болот. Баары бир эки башка муунбуз да. Экөөбүзгө эки башка музыка, эки башка кино жагат дегендей. Бала кездеги оюнчуктарыбыз да башка. Досторум кээде тамашалап, “сенин кичинекей кезиңдеги сүрөттөрүң ак-кара, а келинчегиңдики түстүү” деп калышат. 

– Мурунку интервьюңузда “ырымчылмын, үй-бүлөмдү көпчүлүккө көрсөтпөйм” деген экенсиз. Бирок учурда социалдык тармакта активдүүсүз, үй-бүлөлүк вайндарды тартасыз, балаңызды да чыгарып жүрөсүз...

– Азыр заман өзгөрдү. Чыгармачыл адамдын башында ар кандай идеялар, ойлор болот экен. Кыска тамаша, вайндарды чоң телевидениеге чыгара албайсың. А колуңда Инстаграм деген сонун платформа бар. Кээ бир идеяларды социалдык тармактан эле жарыялап коёбуз. Кичинекей вайн үчүн чоң команда чогултуштун кажети жок. Интернеттин заманы, аны моюнга алыш керек. Көпчүлүк кесиптештерим блогерликке ооп кетишти. Мисалы, Эмил Эсеналиев вайндан баштаган, азыр карабайсыңарбы, кандай деңгээлге жетти. Кыскасы, уялбаш керек экен. Мен уялуу сезиминен дагы деле арыла элекмин. Келинчегим “муну тартпайлыбы, тигини тартпайлыбы” десе “койчу” деп көп нерсе тартылбай калат. Азыр сценаристтик менен режиссёрлукка басым жасап жатам, бул бүткөндөн кийин соцтармактарды калтырбай вайндарды тартып, өзүм да тартылып, активдүү блогер болобуз, буюрса. Акча табуу максатында эмес, негизи социалдык тармактан популярдуу болуп кетиш бат эле экен. “Атың чыкпаса жер өрттө” дешет го, азыр атың чыкпаса Инстаграмга вирустук видео жүктө (күлүп). 

– Актёр катары кайсы ролуңуз купулуңузга толот?

– Ачык эле айтайын, бир дагы ролум өзүмө жакпайт. Дагы да өсүшүм, үйрөнүшүм керек. Бирок көбү “Ванчопада” бандиттин ролун жакшы аткаргансың” дешет. Ал ролго көп даярдандым, кайнененин баласынын ролун, “подкаблучникти” ойноп жүрүп эле бандиттин ролун ойноп калдым да. Чынын айтсам, көбү мага ишенген жок, “аткара албайсың, жөн эле койбойсуңбу” дегендер болгон. Радик Эшимов “байке, аракет кылып көрүш керек” деди, макул болдум. Абдан даярдандым анан. Азыр режиссёр болуп байкап жатпаймынбы, кээ бир эмоциялар биздики КВНдикиндей. Бул элге өтөт, бирок башка деңгээл, профессионалдык деңгээл эмес. Туура, “Тамашоунун” балдары кино тармагына өзгөчө стил алып келишти, бирок бул профессионалдык деңгээл эмес да баары бир. 

– Кайрадан актёрлукка басым жасайм деп жатасыз да ошондо?

– Режиссёрлукту таштабайм, бирок актёрлукка көбүрөөк басым кылам. Мен буга чейин тамада да болуп кеткем, ал жакта эмне кылып жүрөм, билбейм.

– Азыр тамадалык кылбай калдыңызбы?

– Кээде той алып барам, өзүмдүн кардарларым бар. Той баары бир деградация да, баягы эле оюн, баягы эле сөздөр, мас кишилер... Качып калат экенсиң. Акчасы, албетте, жакшы, сонун, бирок профессионалдык деңгээлде өспөйсүң. Менин оюмча, кайсы кесипте жүрсөң да жеңил жол издебеш керек. 

– Профессионалдык деңгээлде өсүш үчүн эмне кылып жатасыз?

– Өткөн жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы  Искусство жана маданият университетине окууга тапшырдым, буюрса, 2-курска отурдум. Негизи кесибим экономист, бирок байкуш дипломумдун эми эле пайдасы тийип жатпайбы (күлүп). Жок дегенде 2-курска отурганга. Кыскасы, баары сонун, алдыда көп-көп жаңылыктар болот.

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1152, 10-16-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан