Аялдардыкына караганда эркектердики бат өскөн ТЫРМАК

• Тырмак – бул манжалардын учундагы инфекция кирүүдөн жана сырткы факторлордон, жаракат алуудан коргоочу кабыкча.

• Колдун тырмагы буттукуна караганда ылдам өсөт.

• Тырмак адамдын денесиндеги кан жүгүрбөгөн аз сандагы бөлүкчөлөрдүн катарында.

•Тырмак кератин деп аталган белоктон түзүлөт.

• Тырмак суук мезгилге караганда жылуу аба ырайында бат өсөт. Адистер бул көрүнүштү D витаминине байланыштырышат. Жылуу мезгилде аталган витаминди адам күн нуру аркылуу көбүрөөк алат.

•Адатта эркектердин тырмагы аялдардыкына караганда тез өсөт. Бирок улуу жаштагы жана кош бойлуу айымдардын тырмагы эркектердики сымал өсүүсүн ылдамдатат.

•Тырмакты тиштегилеген невротикалык мүнөздөгү адаттын илимий аталышы – онихофагия.

•Тырмакка камкордук жасоо, заманбап тил менен айтканда, маникюр жасоону алгач эркектер колдонуп башташкан. Байыркы Египетте жогорку статустагы адамдын тырмагы күңүрт түстө болушу керек болчу. Андыктан аткаминерлер хна менен тырмагын боёп жүрүшкөн. Ал эми Кытай императорлору кам көрүлгөн тырмак элдин жыргал жашоосун камсыз кылат деп ишенишкен.

• Адамдын тырмагы эненин курсагында жатканда эле өсүүсүн баштайт. Курсактагы түйүлдүк 3 айдан өткөндөн кийин тырмагы өсүп баштайт.

• Кайсы кол менен көп иштесе, ошол колдун тырмагы экинчи колдукуна караганда батыраак өсөт. Мисалы, сологойлордун сол колунун тырмагы, оң колду көп көлдонгондордуку оң колунун тырмагы.

• Биз көрүп турган тырмак жалаң өлүү клеткалардан турат. Ошондуктан тырмактын учун ийгенде, аны кесип алганда оорутуу сезилбейт. Тирүү клеткалар өскөн сайын өлүүлөрүн сыртка түртүп чыгарат.

•Дүйнөдөгү эң узун тырмактын ээси индиялык Шридхар Чиллал деген адам болчу. “Гиннесстин рекорддор китебине” киргизердин алдында анын тырмагынын узундугун ченегенде 9 метр 9 сантиметр болгон. Бул узундукка жетиш үчүн Шридхар Чиллал 66 жыл тырмагын өстүргөн. Бирок узун тырмактар жашоосун оорлотуп жатканына байланыштуу акыры кыскартып кесип салган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1152, 10-16-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан