Майрамдык тоок эттери 

Жакындарыңызга жеңил, сиңимдүү тоок эттерин кандай кылып өзгөчөлөнтүп даярдоону ойлонуп жатсаңыз, төмөнкү рецепттерди сунуштайбыз. 

 

Кыртылдаган тоок канаттары

Керектелүүчү азыктар:

Тоок канаттары – 500 грамм

Ун – 500 грамм

Өсүмдүк майы – 500 миллилитр

Маринад үчүн:

Сарымсак – 3 тишче

Мурч – 0,5 чай кашык

Ачуу калемпир – 0,5 чай кашык

Туз – 1 чай кашык

Суу – 500 миллилитр

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок канаттарын араларын маринад жакшы сиңиши үчүн сайып-сайып коёбуз.

2. Сарымсакты эзебиз. Сууга сарымсак,  туз, мурч, калемпирди салып аралаштырып, канаттарды салып 5-6 саатка маринаддайбыз.

3. Маринаддалган сууну төгүп, таза суу даярдайбыз. Унду чуңкур табакка салабыз. Тоок канаттарын биринчи унга оонатып, андан соң сууга салып, экинчи жолу кайра унга оонатабыз.

4.  Казанга май куюп, ысытабыз. Канаттарды 3-4төн салып 15 мүнөттөй салып кызарта бышырабыз. Кыртылдак тоок эттери даяр!

Сюрприз тоок буттары

Керектелүүчү азыктар(5-6 порция үчүн):

Тоок буту – 5-6 даана

Каттама камыр – 400 грамм

Шампиньон козу карыны – 250 грамм

Пияз – 1 баш

Катуу сыр сорту – 150 грамм

Каймак же коюу сүт – 3 аш кашык

Жумуртка – 1 даана

Өсүмдүк майы –  80 миллилитр

Туз, мурч – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Пиязды майда туурап, өсүмдүк майына жумшарганча кууруп алабыз.

2. Тоок буттарынын терисин алып салып, ысып турган өсумдүк майына эки тарабынан кызартып чыгарабыз.

3. Козу карынды жука туурап, сырды сүргүчтөн өткөрөбүз. Буларга пиязды, коюу сүттү, туз, мурч кошуп аралаштырабыз.

4. Камырды 0,5 сантиметр жукалыкта жайып, 15х15 сантиметр болгон 5-6 чарчы кесебиз. Камырга фарштан салып жайып, ортосуна тоок буттарын тургузуп коюп, камырды ороп, чекесин байлайбыз.

5. Жумуртканы чалып, камырга сүйкөп, 170 градуста ысып турган электр мешине 25 градус коюп бышырабыз.

 

 Алма менен бүтүн тоок эти

Керектелүүчү азыктар: 

Бүтүн тоок – 1 даана (1-1,5 килограммдык)

Көк алма – 6-7 даана

Сарымсак – 3-4 тишче

Имбирь тамыры – 2-3 сантиметр

Каймак май – 80 грамм

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Тооктун ичин жакшы тазалап-жууп, туз, мурчту ичи-сыртына сүйкөп чыгабыз.

2. Каймак майды бөлмө температурасында жумшартып, эзилген имбирь менен сарымсакты кошобуз.

3. Алманын кабыгын аарчып, 6-8 бөлүккө бөлөбүз. Алманын жарымына каймак май-имбирь аралашмасынан сүйкөп, тооктун ичине салабыз да, тиш чукугуч менен ачык жерин бекитебиз. Сыртына да каймак май-имбирь аралашмасынан тегиз сүйкөйбүз.

4. Тоокту электр табага көмкөрөсүнөн коюп, 170 градуста ысып турган электр мешине 40 мүнөткө салабыз. Алып чыгып оодарып, калган алманы ашкаан каймак май-имбирь аралашмасына аралаштырып, тооктун жанына салып, кайражан 20 мүнөткө ушул эле температурага салабыз. Көпчүлүк жактырган майрамдык тамак даяр!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1152, 10-16-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан