(Башы өткөн сандарда)
Экөө паркты аралап бири-бири менен сүйлөшпөй бара жатышты. Баяндын Кадыр тууралуу суроосу Чиканы бир аз таарынтты. Бир топко өкүм сүргөн тынчтыкты Чиканын суроосу бузду:
– Сенчи, Баян, өтмүшүңдү такыр айтпайсың го.
– Өткөн жашоом жөнүндө сөз кылгым келбейт. Мактанып айтчу эч нерсем деле жок ал жакта.
– Ошо да, меники деле ошондой. Кадыр аке экөөбүздүн ортобузда бир нерсе болсо да аны бирөөнүн билишин каалабайм.
– Чика, кечирип койчу, экинчи мындай суроолорду бербейм.
– Келиштик, андан көрө бүгүн майрамдабайлыбы, сен да, мен да дал бүгүн айлык алып калганыбыз жөн эмес го. Булар аябай иштешти, эс алсын деди го Кудай деле.
– Чика, карыздарымды төлөп жатам, кутулгандан кийин биротоло чоң майрам кылсакчы?
– Койчу, бизден акча деле кетпейт, дос балдар бар, ошолор чакырып жаткан, кеттик кечинде.
– Макул... Ага чейин үйгө барып уктап алайынчы, ээ?
– Уктап? Жинди го... Чач жасалга кылып, макияж жасатып сулууланбайлыбы андан көрө?
– 5 саат сулууланабызбы? Мен жарым саатта өзүм эле боёнуп алам. Сен бара бер салонго, мен уктайм. Кечинде сен айткан кафеден жолугалы.
– Макул.
ххх
Ильяс көптөн бери айылдагы тигүү цехинде иштеген Айым менен мамилелеш болуп жүргөн. Жубайы Атыргүлгө салкын мамиледе болуп калганынын себеби да ушунда эле. Айымды 18 жашында ала качып кетип, 3 ай жашап эле кайра баса бергенин айылдагылар билишет. Акчаны көп тапкандыктан айылдаштарына насыя берчү жайы бар. Ильяс да карызга акча алып жүрүп кызды жактырып калган. Апасы каза болуп күйүттөн өзүнө келе албай жүргөндө дал ушул Айым аны депрессиядан чыгарып, туура жолду көрсөткөн. Айылдагылар деле Ильястын Айымдын үйүнө каттап калганын билишчү, бир гана Атыргүл билчү эмес. Экөө акыркы убакта элден деле тартынбай аял-күйөөлөрдөй болуп бир унаада чогуу жүрүп калган. Буларды көргөндөр “Атыргүл көрсө соо койбойт го буларды”, “Элден деле уялбай калышыптыр, ачыкка чыкканы калышкан го” деп жемелеп жатышты. Айым токтоо, сабырдуу келин, Ильяска болгон сезимдери таза. Сүйүктүүсүн үй-бүлөсүнөн ажыратпай, экинчи жубайы болуп турмушка чыккысы келип жүргөн. Бирок Ильяс чечкиндүүлүк кыла албай жатты. Ушундай күндөрдүн биринде Айым сүйүктүүсүн олуттуу кадамга түртүүнү чечип сөз баштады.
– Жаным, сизге жакшы кабарым бар. Менимче, мамилебизди олуттуу этапка өткөрүүгө убакыт келди окшойт. Мен кош бойлуумун...
Ильяс эмне дешин билбей калды. Бир топтон кийин гана оозуна сөз келди:
– Оо, жакшы жаңылык го, алтышкам. Экөөбүздүн сүйүүбүздүн жемиши бул.
– Ооба, Ильяс, суранам сизден, ачыкка чыгалы. Эл деле билип бүттү. Жубайыңыз сизге бир турмуш көрүп тийген да. Экинчи аял алышыңызга каршы болбосо керек. Алгач аялдар бир сыйра жаңжал салышат, анан өзүнө келишет. Экөөбүздүн мамилебизге бир жылга чукулдап калды, балким, ал деле сезип жаткандыр.
– Ооба, сезип жатат, Айым. Билесиңби, үйдө күндө уруш-талаш. Үйгө балдар үчүн эле барбасам, такыр бутум тартпай калды.
– Аялыңызга ачык айтыңыз, биздин балабыз ак никеден төрөлүшү керек...
– Баары сен ойлогондой жеңил эмес да, Айым. Атыргүл апамдын сүйүктүү келини болчу, көз жумуп баратып батасын берген, карындашымды өз сиңдисиндей карап жатат. Үй-жайдын түйшүгү баары анын моюнунда, 3 бала төрөп берди мага. Ал мени кечирбейт. Мени үйдөн кууп чыгып көчөдө калтырат.
– Ильяс, сиз мени балам менен көчөдө калтырбаңыз. Билем, мени сүйөсүз. Жашоо ушундай, адамдын сүйүүсү бир күнү бүтөт, аялыңыз муну түшүнөр. Сизди биротоло ажырашып мага келиңиз дебейм. Болгону туугандарыңызга ачыктап, ата-энемдин алдынан өтүп мени алыңыз.
Ильяс көпкө ойлонуп, Айымга жарытылуу жооп айта алган жок.
ххх
Макияж, чач жасалга жасатып Чика үйгө кирип келди. Делбиреген көйнөгүн кийсе ак куудай кулпуруп, тим эле турмушка жаңы чыгып жаткан кыздай сүйүнүп алыптыр.
– Карачы, Баян, карачы эмне деген керемет көйнөк! Ак көйнөк кийүү ар бир кыздын кыялы болуш керек, ээ?
– Ооба, сага сонун жарашыптыр, макияжың да сонун болуптур. Мен сенин мындай сымбаттуу экениңди байкабай жүрүптүрмүн да.
– Ээ, досум, сен көп эле нерсени байкабай жүрөсүң. Бүгүн экөөбүз окшош кийинип барабыз, сен да ак куу болосуң, ме бул көйнөктү кий...
– Вау, Чика, мен дагыбы? Рахмат. Мен өмүрүмдө мындай көйнөк кийип көргөн эмесмин.
ххх
Ак куудай керилген эки курбу кечинде кафеге кирип келишти. Эки жигит ордунан тура калып жентельмендердей Чика менен Баянды колдон ала столго отургузушту. Ал жерде баары кыз-жигит, түгөйлөр эле. Баянды жандаган жигит ага жага берген жок. Өңү сары, бою кичинекей мырза Баянга жакпай калганын сезсе деле болбой жабыша берди. Шире куюп, тарелкасына салат салып берип, болушунча жагалданып жатты. Баары кызуу болуп калышкан. Баян ичпейм десе болбой Чика “мага ишен, жарым жылдан бери биринчи жолу майрамдап жатабыз, сен мас болуп калсаң, Кадыр акени чакырып өзүм алып кетем” деп жубатып койду. Түн оокумга чейин ичип отуруп баары мас болуп калышты. Чика да, Баян да бутуна тура албай мас эле. Телефондору кайда калганын да билбей калышкан. Бул убакта Кадыр Чикага тынбай чалып жаткан.
ххх
Түнкү саат үчтөрдө Баян көзүн ачты. Бир бөлмөдө Чика экөө уктап жатышыптыр, бөлмө чачылган, кир... Баян курбусунун ак көйнөгү айрылып, моюнунда колдун тактары калганын көрүп чочуп кетти.
– Чика, Чика, тур! Сага эмне болду, биз каяктабыз?
Чика үн каткан жок. Бир маалда эшик ачылып кафеде Баянды жандап жүргөн сары жигит кирип келди. Кебетеси такыр башкача, коркунучтуу эле...
– Кандай, Баян сулуу? Соолуктуңбу? Курбуңду мас кылып ооз тийдим, сени десертке калтырдым, мени ыраазы кыласың азыр...
– Турчу ары...
Баян өзүнө жакындап келе жаткан сары жигитти бир тепти.
– Чика, тур, тур, Чика, бул маньяк турбайбы!
Сары жигит Баянды чачынан сүйрөп башка бөлмөгө алып кетти.
– Жардамга, жадамга-а, Чика-аа!
Сары жигит анын оозун жабуу үчүн муштуму менен тумшугуна бир урду. Баян сүйлөй албай калды, бирок каршылык көрсөтүп чапкылап жатты.
– Бүгүн кечке менин сабырымды түгөттүң сен, каадаланасың го тим эле. Өзүңдү периште сездиңби, мени тоготпогудай кимсиң сен? Сендей бир порция тамакка алданып кафеге келген кыздардын далайын ооз тийгем бул жакта! Мен ишимди бүткүчө былк этпей жат! Болбосо 9-кабаттан ыргытып жиберем! – деп балконго сүйрөп келди. Баян тигини алдай баштады.
– Токтоп тур, шашпа, өз каалоом менен болсун баары. Сен мага бир көргөндө эле жаккансың. Кызмын го, бир аз кылыктанып сынап көрөйүн дегем. Бир аз сабыр кылсаң баары сен ойлогондой болмок аягында...
– Шүмшүк... Алдап жатканын кара, – каткырды сары жигит. Балкондун терезесин ачып “мен сени ушул жерде, өлүм менен өмүрдүн ортосу турган жерде зордуктайм” деп ачууланды. Экөө тиреше түштү, Баян эки жагын караса курулуш материалдарына керектүү буюмдар салынган бир чака туруптур. Эңкейип колуна тийген учтуу нерсе менен жигитти сайып жиберди. 9-кабат, балкондун терезеси да ачык эле, тиги жигит денесине учтуу нерсе сайылгандан кийин теңселип барып айнектен кулап түштү...
(Уландысы кийинки санда)