Өзүңдү төмөн баалоонун 5 белгиси

1. Көп нааразы болуу

Күнүмдүк жашоодо көп нааразы болсоңуз, анда сизде өзүн-өзү сыйлоо, баалоо сезими төмөн болушу мүмкүн. Өзүңүздү курмандыктын ролунда көргөнгө көнүп калгансыз. Айланадагылар дайыма негатив маанайда жүргөн, нааразы боло берген адам менен мамиле түзүүнү каалашпайт. Алар сизден качат, а сиз болсо өзүңүзгө ишенбей баштайсыз.

2. Сизге бирөөнүн макулдугу керек

Эгер ар дайым башка адамдардын мотивациясына, макулдугуна, колдоосуна муктаж болсоңуз, анда сиз өзүңүзгө, жасаган иш-аракетиңизге ишенбейсиз. Башкалардан мактоону талап кылууну токтотуп, ишиңизге өзүңүз баа бергенди, жоопкерчилик алганды үйрөнүңүз. Качан өз оюңуз сиз үчүн эң жогорку баалуулукка айланса, анда өзүн-өзү сыйлоо жашоодо жакшы жардам берерин түшүнөсүз.

3. Шектүү шекчил

Дайым жасап жаткан иш-аракетине шектенип, "туура болбой калды окшойт" дей бергендердин катарындагылар, өзүңүздү баалоого убакыт келди. Мисалы, көпчүлүк адамдар сиздин жаңы стилиңизди сонун деп ойлошот, бирок бир кайдыгер адам анча эмес деп эсептейт. Эгерде акыркысынын пикири сизге терең таасир этсе, анда өзүңүзгө болгон ишенимде көйгөй бар.

4. Күнөөлүү сезүү

Акыл-эс эчак эле унутулган кичинекей таарынычтарды эстеп мээңизди кемире берсе, анда өзүн-өзү сыйлоо жаатында маселе жаралды дей бериңиз! Өзүңүздү жазалай бергенди, ишенимди, ичтен жегенди токтотуу керек. Баарын коё берүүгө аракет кылуу кажет, өзүңүздү жана башкаларды кечире билүүнү үйрөнүңүз.

5. Атаандаштык

Чеги менен болгон атаандаштык жакшы, бирок ар кайсы чөйрөдө дайыма атаандаша берген – бул сиздин өзүн-өзү сыйлооңуз депрессиялык деңгээлге түшпөө үчүн дайыма жетишүүнү талап кылганынын көрсөткүчү. Өзүңүздү башкалардан төмөн сезүүнү токтотуңуз, ар бир адам өзгөчө, ар башка болорун түшүнүңүз. Өзүңүздү кандай болсоңуз ошондой кабыл алыңыз, сүйүп-баалаңыз жана башкаларга карап артка кылчактабай, өз жолуңуз менен алдыга умтулуңуз.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1152, 10-16-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан