“Позитивдүү психологиянын эрежелерин ар бир адам колдонушу зарыл. Мен да колдоном, башкаларга да сунуштайм” деген психолог Чолпон Сманова “Супер-Инфонун” окурмандарына кеңеш айтат. Жаңы жыл... Жаңы жашоо... Жаңы кадам жасайм, өзгөрөм, өсөм дегендерге пайдалуу маалымат болмокчу.
Бакыт деген эмне?
Бакыт – бул адам ар бир мүнөтүнө, ар бир көз ирмемине ыраазы болуп жашаганы. Албетте, жашоодо оор күндөр да болбой койбойт. Бирок бактылуулукка умтулган адам оор учурларды жеңгенди, өзүн-өзү психологиялык жактан дарылаганды, кыйынчылыктан суурулуп чыгып, кайрадан бактылуу мүнөттөргө чулганганды билет. Адам акыл-эс – жан дүйнө – дене деген 3 деңгээлде жашайт. Алгач акыл-эске кандайдыр бир маалымат түшөт, аны жан дүйнөбүз кабыл алат, эгер маселени жан дүйнөбүз сыртка чыгарбаса, жеңбесе адамдын психологиясы жабыркайт да, физиологиялык жактан денеси ооруп баштайт. Андыктан ооруп калбаш үчүн маселени жан дүйнө деңгээлинде жеңүү керек. Бул учурда адамга позитивдүү психология ыкмасы жардамга келет. Позитивдүү психологияда бир нече ыкма бар, алардын ичинен эң негизгиси аффирмация болуп саналат. Аффирмация – бул 21-кылымдын дарысы десек болот. Аны ар бирибиз күнүнө 3 маал таблетка сыяктуу колдонушубуз кажет. Эртең менен ойгонгондо, түшкү тамактануу учурунда жана кечинде жатарда өзүңүздү мактаганды, колдогонду, көтөрмөлөгөндү, жылуу сөз айтканды унутпаңыз. Күнүгө өз дарегине айтылган жакшы сөздөр адатка айланганда адамдын мээси ошол сөздөргө көнөт, кабыл алат, чын дили менен ишенет да, бактылуулук сезими жаралат. Ички дүйнөсү бактылуу адамдын сырткы жашоосу да калыпка түшөт, иштерин ийгилик коштойт. Көптөгөн кылымдар, жүздөгөн жылдар бою адамдар негативге басым жасап келишкен. “Менин колумдан келбейт”, “мен ооруп жатам”, “акча жок” деген сыяктуу. Азыркы учурда басым позитивдүү сапаттарга жасалышы керек. Мисалы, ооруп калса “менин денем чарчаптыр, демек, эс алууга муктаж. Эс алгандан кийин баары жакшы болот” деген жакшы ойлор менен жашаңыз.
Адатка айланган алсыздык
Психологияда адатка айланган, же болбосо үйрөнүп алган алсыздык деген сөз бар. Адам алгач кайсы бир оор процесстен өтөт, андан кийин ошол учурга көнүп, аны кабыл алат да, өзүн алсыз сезип жашай берет. Мына ушул процесс – үйрөнгөн алсыздык деп аталат. Негативди кабыл алуу, көнүү оңой, ал эми негативди позитивге айлантуу негедир оорураак болот. Көпчүлүк адамдар аң-сезимдүү оптимизм эмне экенин билбейт. 2025-жыл – өзгөрүүнүн, жан дүйнөнүн өсүүсү, өзүн-өзү изилдөө, өстүрүү, өзүнө басым жасоо, сүйүү, угуунун, баалуулуктардын өзгөрүшүнүн, оптимизм деңгээлине чыгуусунун жылы. Жаңы жылда өзүн сүйгөн, баалаган, аң-сезимдүү оптимизм менен жашаган адамдардын вибрациясы, энергиясы жогору болот да, аларды ийгилик, жаңы ачылыш, өсүү коштойт. Ден соолугу да чың болуп, албетте, бактылуу өмүр сүрүшөт. Андыктан аң-сезимдүү оптимизм деңгээлине чыкканга аракет кылуу зарыл.
Өз жашооңдун “дизайнери” бол
Заманбап тил менен айтканда, ар бир адам өз жашоосунун дизайнери, устасы болот. Позитивдүү психология жан дүйнөнү эле дарылап тим болбойт. Анын жардамы менен жакшы жашоого умтулуп, бийик максаттарга да жетүүгө мүмкүн. Адамдын мээси өтө ийилчээк келет да, кандай маалыматты көп укса, ошол тарапты көздөй оой берет. Мисалы, адам кечке эле “мен ооруп жатам” же болбосо “акча жок” деп кайталай берсе, мээ ошол маалыматка өзүн ыңгайлаштырат, аң-сезим адам айткан негатив менен “тамактанат” да, “аа, оорушум керек экен” деп ооруп баштайт. Же болбосо акча энергиясы “мен бул адамга жолобошум керек экен” деп кача баштайт. Андыктан аң-сезимди туура багытка, позитивге бурууну үйрөнүү керек.
Жаңы жылдык алгачкы кадам
Майрамдарда, ошол эле жаңы жылда бекеринен жакшы каалоо-тилектер айтылбайт. Ал каалоо-тилектердин баары позитивдүү мүнөзгө ээ. Канчалык көп жакшы каалоо-тилек, максаттарды айтсак, уксак, ишенсек ошончолук биздин менталдык аң-сезимибизде, аурабызда ал программаланат, кабыл алынат. Андыктан жаңы жылда сиз жасачу алгачкы кадам десек болот – жакшы сөз, жакшы тилек, жакшы ой-максаттарды көп айтыңыз, кыялдар картасын түзүңүз, ак баракка эмне максаттарга жетүүнү каалаганыңызды жазыңыз, сүрөтүн тартыңыз. Мунун баары жашоого позитив чакырууга, анын ишке ашуусуна жардам берчү ыкмалар.
Тандоо + ыраазычылык
Адамда ар дайым тандоо турат: негатив же позитив деген. Жаман, жетишсиз жашоосу үчүн өзүн же башка бирөөнү күнөөлөө, кыйынчылыкка моюн сунуу, сынуу, маселеге басым жасоо, өч алуу сыяктуу негативдүү ой жүгүртүүлөр. Же болбосо катасын түшүнүп, андан жыйынтык чыгарып, кайра кайталабаганга аракет жасоо, оорчулуктан чыгуу жолдорун издөө, анан ушундай сыноо берилгени үчүн ыраазычылык айтуу. Ыраазычылык – позитивдүү психологияда чоң мааниге ээ ыкмалардын бири. Адам өзүнүн турмуштук тажрыйбасына ыраазы болуусу, мисалы, “ушундай сыноо бергениңе рахмат. Мындан да оор сыноолор бар да. Мен бул окуядан сабак, тажрыйба алдым. Бул тажрыйба мени даанышман, баамчыл болууга үйрөттү” деп өзүбүздү позитивдүү ой жүгүртө билүүгө үйрөтүшүбүз зарыл. Адам өзүнөн жакшы нерсе аябашы керек.
Жакшы үчүн да, жаман үчүн да ыраазы болуңуз, жаманды коё бериңиз, эч кимге кек сактабаңыз, тескерисинче, көңүл ооруткан адамдарга да жакшы каалоо-тилек айтыңыз. Ошондо сиздин ааламыңыз позитивге программаланып, жашооңузда жакшылыктар көп орун алат. Жаңы жыл жакшылыктын, ийгиликтин, өсүүнүн жылы болсун, окурман!
Асыл Орозбекова