Миран Жанарбаев, ырчы: «Атактуу болууга даярмын»

Бул жигитке карата “учурдун Болот Миңжылкиеви” деген комплимент айтылууда. Бул ашыра мактообу же минтип баа берүүнүн жөнү барбы? Өзгөчө үнү менен элге тааныла баштаган жаш ырчы Миран Жанарбаев менен таанышып алыңыз, окурман.   

Туулган жылы – 1995-жыл

Туулган жери – Тогуз-Торо району, Казарман айылы

Билими – жогорку, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жай, Улуттук консерватория жана башка

Репертуарындагы ырлары – “Нарындан жазган салам кат”, “Алтынчы күнү кечинде”, “Кусалык” жана башка

Учурда – Улуттук филармониянын солисти. “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси

 

– Миран мырза, атыңыз өзгөчө экен, мааниси кандай?

– Түрктөрдүн Миран аттуу белгилүү режиссёру болгон экен. Ошондой атактуу адам болсун деп атымды апамдын курбусу коюптур. Мааниси “тынчтык алып келүүчү” дегенди билдирет.

– Жакшы. Тогуз-Торонун кулуну экенсиз?

– Ооба, кичи мекеним – Тогуз-Торо районунун  Казарман айылы. Бирок 6 жашка чейин Нарындын Учкун айылында, таята-таенемдин колунда чоңойдум. Бала кезде “Супер-Инфону” сүйүп окуп, андагы атактуу ырчылардын сүрөттөрүн кыркып алып дептериме чаптап алчумун. Ошол бала кийин сүйүктүү гезитине минтип интервью берет деп ким ойлоптур? Маекке чакырганыңызда толкундандым.

– Жагымдуу маалымат экен. “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?” дейт да ошон үчүн. Музыкалык билим тууралуу сүйлөшсөк...

– Мектепти бүтүп, Бишкектеги Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым. Ага чейин опера жөнүндө түшүнүгүм жок эле, окууга тапшырып жатканда “классикалык вокалгабы?” деп сурашса ал эмне экенин билбей эле “ооба” деп коюптурмун. Оюмда эстрада бөлүмүнө тапшырдым, эми колума микрофон карматып, ямахада ырдатышат деп күткөм да. 1 ай өттү, 2 ай өттү, жок. Ошондо башка бөлүмгө тапшырып алганымды түшүнүп, “операда окубайм, кетем” деп чыктым. Бирок кетпедим, 3-курста бизге Бакыт Жакыпов деген устат келди. Менин классикалык музыкага кызыгуумду ошол киши ойготуп, тарбиялады. 

– Атыңды элге таанытууга “Орто Азия Романсиадасы” себеп болду десе болобу?

– “Романсиада” – жаш аткаруучулардын эл аралык сынагы дүйнөнүн 22 өлкөсүндө өтөт. Биздин чөлкөмдө “Орто Азия Романсиадасы” деген аталышта өтүп, ага Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын 70-80 өкүлү катышат. 2017-жылы аталган сынак Бишкекте өтүп, анда 1-орунду ээлесем, 2019-жылы Гран-прини уткам. Ошондо намысты башка өлкөлөргө алдырбай, элимдин керегине жараганыма сыймыктангам.   

– Дүйнөнүн кайсы белгилүү жерлеринде   ырдагың келет?

– Максатты бийик коюш керек да. Нью-Йорктогу “Метрополитен – операда”, Москвадагы Чоң театрда, Мариинск театрында, Лондондогу падышалык “Рояль Опера Хаус” театрында ырдагым келет. Эл аралык деңгээлге чыгыш үчүн чет өлкөдөн дагы 1-2 жыл билим алсамбы деген ойлор бар. Италиядан билим алып калышым мүмкүн.

– Айрым кесипкөй ырчылар Кыргызстандагы айлыкка иштегиси келишпейт. Маяна жагы кандай силерде?

– Акыркы жылдары маданиятка көбүрөөк көңүл бурула баштады. Айлыктар көбөйдү. Даттана бербей ишибиздин жыйынтыгын көрсөтсөк, мамлекет жетекчилиги мурункудан да көбүрөөк көңүл бурабы дейм.

– Үнүңдү кимдин үнүнө окшоштурушат?

– Муслим Магомаевдин, Дмитрий   Хворостовскийдин, кыргыз корифейи Болот Миңжылкиевдин үнүнө окшоштургандар болот. 

– Классиканы баары эле түшүнө бербейт да. Мисалы, италянча ырдын сыйкырын угарманга кантип жеткиресиң?

– Бул жаатта музыкалык окуу жайларда актёрлук чеберчилик, бий жана башка атайын сабактар бар. Ырды угарманга кантип жеткирүү жагы үйрөтүлөт. Аткаруучулук чеберчилик, харизма, үндүн тембринин кооздугу да керек. Эгер ырчыда булардын баары бар болсо, анда ал кайсы тилде ырдабасын, классикадан түшүнүгү жок адам деле ырдын маанисин түшүнүшү мүмкүн.

– “Алтынчы күнү кечинде” ырын өзгөчө берилүү менен ырдайсың. Дегеле ыр тандоодо эмнелерге басым жасайсың?

– Аткара турган ар бир ырыма өзгөчө мамиле жасайм. Сиз айткандай, “Алтынчы күнү  кечиндени” ырдагандай жан дүйнөмдү берип ырдагым келет. Анткени ар бир чыгарма сөзүн жазган акындын, музыкасын жазган композитордун баласындай эле да. Аны туура эмес же көңүл кош ырдасам акынды, обончуну, аларга кошо угарманды таарынтып алчудай сезиле берет. Менин миссиям – ария, романс же башка болобу, ар бирин жүрөгүмдөн өткөрүп ырдоо.

– Айрым ырчылар “тойдо ырдаган ыңгайсыз, берилип ырдап жатсаң отургандар көңүл бурбай тамак жеп отурушат” деп калышат. Сенде деле болобу ушундай? 

– Билбейм, мен ырдап баштаганда баары дароо тынчтанып, бери карап, ырга кулак төшөп калышат. Телефондорун алып чыгып видеого тарта башташарын байкайм. 

– Элге таанымал адам болуунун жоопкерчилиги да бар, ага даярсыңбы?

– Иш-чаралардан же көчөдөн таанып, сүрөткө түшүп калышат. Атактуу болууга моралдык жактан даярмын. Азыр кандай жөнөкөй болсом, атактуу болгонумда деле менде өзгөрүү болбойт. Анткени тарбиям ушундай. Экинчиден, музыкалык билим алууга жалпы 17 жыл короттум. Бул жылдар мени атактуулукка жакшы эле даярдады.

– Өзүң кайсы ырчылардын ырларын сүйүп угасың?

– Болот Миңжылкиев, Токтоналы Сейталиев, Хусейн Мухтаров, Керим Орозбаев, Кайыргүл Сартпаева, Лучано Паваротти, Андреа Бочелли  жана башкалардын ырларын угам.

– Башка опера ырчыларынан сени эмне айырмалап турат деп ойлойсуң?

– Өзүмдү башкалар менен салыштыруу мен үчүн оор. Ар бир адам индивид, ар кимдин артыкчылыктары бар, ой жүгүртүүсү башка. Өзүмө мындаймын деп баа бере албайм, устаттарым эле айтпаса.

– Сенин ырчылык жолуңа багыт берген адам?

– Апам, анан устаттарым. Алардын акыл-насааты, деми, баталары жолумду маяк катары жарык кылып турат. Өзгөчө таянычым, колдоочум – апам. Кыйынчылыкта, ийгиликтерде да “балам, баары жакшы болот” деп колдоп, дем берип турат.

– Ырдаганыңа сын айткандар барбы?

– Азыр жок. Окуп жүргөндө устаттарым айтып калышчу. Туура сынды туура кабыл алам, ал өсүшкө жардам берет.

– Досторуң көппү?

– Жакын досторум аз эле.

– Жеке жашооңду сурасак болобу?

– Жообум – бакыт тынчтыкты сүйөт.

– Мүнөзүң оор сыяктуу?

– Мүнөзүм оор. Жумушка, убакытка абдан такмын. Талапчылмын, өзүмө да талапты катуу коём.

– Дүйнөгө белгилүү ырчы болушуңа тилектешпиз, бар бол!

– Рахмат, сиздерде да ийгиликтер болсун!

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1152, 10-16-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан