Кыш мезгилине майрамдык шаң кошкон орустардын кезектеги “Ёлки-11” тасмасы тууралуу кызыктарды сунуштайбыз. Канча жылдан бери салтка айлангандай, жыл аягында көрөрманга тартууланган кинодо бул ирет өзгөчөлүк катары түрк актёру Бурак Өзчивит да бар экен. Жеңил, жылмаюу тартуулаган, үй-бүлө менен чогуу көрө турган тасма таржымалы назарыңызда.
Тарткан өлкө: Орусия
Чыккан жылы: 2024-жыл, 19-декабрь
Жанры: комедия
Узактыгы: 1 саат 36 мүнөт
Режиссёру: Александр Карпиловский, Александр Котт
Сценаристи: Пётр Внуков
Башкы ролдордо: Бурак Өзчивит, Дмитрий Нагиев, Ирина Пегова, Рузиль Минекаев, Кристина Бабушкина жана башка
Бюджети: 146 миллион рубль
Топтогон каражаты: 122 миллион рубль (прокатка чыккан 1-жумада)
Жаңы жылды ким кандай тосот?
Орусиянын Саяногорск шаарында жашаган пенсионер Валентина апа жаңы жылды тосконго негедир маанайы жок. Убагында мектепте мугалим болуп иштеп жүргөнүндө бул майрамды утурлай чалган куттуктоолордон телефону бошобой турчу эле. Пенсияга чыкканы андай чалуунун бири жок, керекпи, өз балдары да көңүл бурушпайт, дайыма бошобой эле жүрүшөт. Улуу баласы Юра бай үй-бүлөдө күзөтчү болуп иштеп, анан да Костя аттуу карлик чочкого кам көрүү менен убара. Андан кийинки уулу Павел деңиз капитаны, ал болсо Калининград шаарында өз жашоосу менен убара болуп жүрөт.
Ошол эле мезгилде Москвада жубайлар Рома менен Лена корпоративдик хоккейге барганы жатышат. Ал жерде Рома өзүнүн жетекчиси болуп иштеген кайнатасына орун басары кылып алсын деп жагалданышы керек. Алардын планын бузуп капыстан Романын атасы баласына азык-түлүк алып Саяногорск шаарынан келип калат...
Альметьевск шаарында Настя аттуу кыз үйдөгү өгөй энесинен жана анын эрке эки кызынан качып чыгып, Жаңы жылдык балга катышкысы келет. Анткени майрамдык кеченин негизги каарманы көп кыздардын жүрөк оорусу, Түркиядан бери келген Бурак Өзчивит эле. Кыздын үйдөн качуу планын ишке ашырууга курьер Дамир жардамга келет...
“Ёлки-11” тасмасы мына ушундай түрдүү адамдардын түрдүү тагдырларын чагылдырат.
“Ёлки” тасмаларындагы окшоштуктар
Дээрлик сериалга айланган “Ёлки” тасмаларындагы каармандардын баарын бириктирген негизги каарман – Жаңы жыл.
Анан да Жаңы жылдан сырткары мугалим да жалпы тааныш болуп калат экен. Бири анын колунан билим алса, бири кошуна жашап, дагы бири сырттан таанып дегендей.
Дагы бир окшоштук – тасманын бир нече бөлүмүндө сүйүктүүлөрүнүн көзүнө чөп салуу темасы козголгон.
Балдары атасына же апасына түгөй издеген окуялар.
Күнүмдүк жашоонун бүтпөгөн маселелери, жакындарына болгон көңүл коштук, ошол эле учурда Жаңы жылдын сыйкыры менен бөлүнгөндөр биригип, издегендер тапкан, кайгыны кубаныч жеңген окуялар. Дал ушундай окуяларды көпчүлүк адамдар өз башынан кечиргени үчүн да тасма суроо-талапка ээ болуп, 11 бөлүмгө чейин өмүр сүрүп келе жатса керек.
“Туруктуулуктун туруктуулугу”
Кино жаратуучулар: “Туруктуулуктун туруктуулугу. Жаңы жылда дасторконуңузга оливье салаты жасалбай калышы мүмкүн. Бирок “Ёлки” декабрда баары бир прокатка чыгат”,- деген кайрылуу менен тартуу иштерин башташкан. Алгач “Ёлки сказочные” деп атайлы деп, кайра “Ёлки-11” дегенге токтолушат. 11-бөлүмдүн артынан эле, тагыраагы, кийинки жылдын аягы менен прокатка “Ёлки-12” чыгат деп алдын ала маалымат таратылды.
Тасма ар кайсы окуяларды камтыган 5 новелладан турат. Франшизанын 11-бөлүмүн тартуу иштери 2025-жылдын жай айларында Москва шаарында жүргөн. Ал эми күзүндө Татарстандагы Альметьевск шаарына барып, күлчү кыз Настянын жашоосу чагылдырылган окуялар тартылган. Негизинен тартуучу топко кирген режиссёрлор, сценаристтер, продюсерлер, оператор жана башкалар “Ёлки” тасмаларынын бир нече бөлүмдөрүнө катышкан адистер. Демек, техникалык тараптан да франшиза туруктуулугун сактап келет.
Бурак Өзчивит – маркетинг
Актёрдук курамда көрөрманды эмне тасма болбосун кинотеатрга жетелеген адамдар бар. Биринчиси – “Слово пацана” сериалынан кийин жылдызы жанган актёр Рузиль Минекаев. Экинчиси – түрктөрдүн кара каш, кара көздүү актёру Бурак Өзчивит. Анан да Орусия шоу-бизнесинин харизмалуу мырзасы Дмитрий Нагиев да катышкан. Тасманын жарнамалык роликтеринин алдына жазылган билдирүүлөрдөн дал ушул мырзалар үчүн “Ёлки-11ди” көрөм дегендер көп. Бирок бул кадамды сындагандар да бар, өзгөчө Бурак Өзчивитти. “Ёлки” Бурак Өзчивиттин деңгээлиндеги тасма эмес. Очойгон гонорар үчүн гана ушундай жеңил-желпи долбоорго тартылды” деген. Бирок тасманын жаратуучулары түрк актёрун долбоорго кошуу менен акыркы убакта көпчүлүктүн түрк кинолоруна берилип бара жатканын, ошондой эле тасма эл аралык деңгээлге да чыга алат деген ойду айткысы келгенин маалымдашкан. Түрк тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп, келечекте эки мамлекеттин киночулары биригип, жаңы долбоорлорду жаратуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Аңгемечинин ролунда – Сергей Бурунов
“Ёлки” тасмаларынын 9 бөлүмүндө тең окуялардын баарын бириктирип, кадр сыртында сүйлөп турган аңгемечинин ролунда актёр Константин Хабенский болчу. Көрөрман да анын үнүнө көнүп калган эле. 10-бөлүмдө өзгөрүү кирип, анын ордун актёр Владимир Еремин баскан. Быйылкы жылы чыккан бөлүмдө кайрадан алмашуу болуп, эми аңгемечи катары Сергей Буруновдун үнүн угат экенбиз. Сергей Бурунов көпчүлүккө “Полицейский с Рублёвки”, “Слово пацана”, “Ивановы-Ивановы” жана башка сериал-тасмаларындагы ролдору менен таанымал.
Рузиль Минекаев, актёр: “Кинематографиянын негизги максаты – түрдүү тагдырлар бар экенин көпчүлүккө жайылтуу. Ал тагдырды көрүп сабак алуу, тажрыйба топтоо – адамдардын милдети. “Ёлки-11ди” көргөндөн кийин да ар ким өзүнө сабак алчу нерсе тапса, маселеден чыгуу жолдорун көрсө, адамгерчиликке, жакындарын уга, түшүнө билүүгө, жоопкерчиликке үйрөнсө дейм”.
Асыл Орозбекова