«БИЗ ЖАЛГЫЗ ЭМЕС ЭКЕНБИЗ». “Супер-Инфонун” оор тагдырга кабылган каармандарынын азыркы абалы кандай?

Билгениңиздей, оор тагдырга кабылып, жардамга муктаж болуп мүңкүрөп турган мекендештерибизге гезит бетинен орун берип келебиз. 2024-жылы да ондогон адамдардын муңун угуп, алардын жашоосунун жакшыруусуна салым кошууга аракет кылдык. Алардын айрымдарына кайра кайрылып, абалын сурадык. 

«Акча топтолду, бирок операцияма жетпейт»

Гезиттин №1116 санында “Көзүм өтүп кетсе, 2 балам кимге жалдырайт?” деген аталышта Салтанат Белекова аттуу аялдын маеги чыккан. Анда каарманыбыз бир нече оор операцияны баштан өткөргөнүн, тамагындагы шишикти алып салыш үчүн Индияга барып операция жасатканы 25 миң доллар керек болуп жатканын айткан эле. Гезитке маеги чыккандан кийин кайрымдуу адамдар көмөгүн аяшпаптыр. Салтанат айымга байланышканыбызда буларды айтты:

– Гезитке чыккандан кийинки алгачкы күндөрү материалдык жардам көрсөткөндөр көбүрөөк болду. Баш-аягы 250 миң сомдой түштү. Бул үчүн силерге рахмат. Бирок бул акча Индияга барып операция жасатышыма жетпейт эле. Ошондуктан бара элекмин, акчанын калган бөлүгүн издөө менен алекпиз. Жолдошум дагы майып. Бишкектеги онкология борборуна 2 ай сайын жатып дарыланууга аргасызмын, ага да толтура акча кетет. 4-6-класстарда окуган 2 балабыз бар, ошолор чоңойгуча жолдошум экөөбүздүн бирибиз аман турсак деп тиленебиз. 

«Агама операция жасалды, абалы жакшы»

Гезиттин №1132 санына “Агамдын өмүрүн сактап калгым келет” деген аталышта маек чыккан. Анда 19 жаштагы Азат Бодонов аттуу жигит буту ракка кабылган агасын айыктыруу үчүн чуркап жүргөнүн айтып берген. Операция жасатууга
 60 миң доллар керектелип, анын 25 миңи чогулганын билдирген. Андан бери бейтаптын абалы кантти? Азат мырза буларды билдирди:

Агам Түркиянын Анкара шаарынан текшерилүүдөн өткөн соң химиялык терапия алды. Ага
20 миң доллар кетти. Андан кийин Стамбулга алып барып, бутуна операция жасаттык. Ага 50 миң доллар керек болду. Бизде топтолгон акчанын жарымы бар эле, аны бердик. Калганын 3 аптада туугандар чогултуп берди. Албетте, элден да жардам болду. Азыр агамдын абалы жакшы, Бишкекке 23-декабрда келдик. Эми январдан мартка чейин Бишкектен 3 курс химиялык терапия алышы керек. Андан кийин Стамбулга же Анкарага алып барып кайра текшертебиз. Андан ары дарылоо кандай уланат, ошол текшерүүдө билинет. Агамдын айыгышына азыркыга чейин салым кошуп жаткан элге, силерге рахмат айтам.

«Тамак-аш, кийим алып келгендер болууда»

“Эки майып кызым, эки неберем менен өлбөстүн күнүн көрүп жашайбыз”...

Гезиттин №1136 санында ушундай аталыш менен Анара Ишимова аттуу айымдын маеги жарык көргөн. Анда кыздарын, неберелерин карап баккан аялдын оор турмушу баяндалган. Каарманыбыздан кабар алуу үчүн байланышсак буларды айтты: 

– Гезитке маегим чыгары менен тамак-аш, кийим-кечек көтөрүп бир эже келди. Телефонума акча которгондор, кийим, азык-түлүк берген башка адамдар да болду. Элден түшкөн акчага учурда жашап жаткан батирибиздин ашканасын оңдоттук, канализация каздырдык, муктаждыктарыбызды алдык. “Биз жалгыз эмес экенбиз, арабызда боорукер адамдар бар экен” деп сүйүнүп калдым. Абалыбыз азыр деле жеңил эмес, жардам берчүлөр болсо жок дебейбиз.

«Операция жасата элекпиз»

Гезитибиздин №1145 санында “4 балам тең сүйлөбөйт”. Тагдыры оор эненин баяны” деген аталышта материал чыккан. Андагы каарман Калдыбай кызы Карылгач өзү да, балдары да оорукчан экенин, бир баласына операция жасатуу зарылдыгын айткан эле. Оор тагдырга кабылган эненин учурдагы абалы мындай:

– Акчалай, кийим-кечек, азык-түлүк жактан жардам бергендер болууда. Эл которгон акча  балдардын дары-дармегине, кийимине, күнүмдүк тамак-ашыбызга, анан карыздарыбызды төлөөгө кетип жатты. Анткени ага чейин тамак-аш, дары алуу үчүн элден алган карыздарыбыз бар болчу. Улуу баламдын башына операция жасатууга, калган балдарымды врачтарга текшертип, дарылатууга көп суммада акча керек болууда.

«Санаторийден дарылатып келдик»

Гезиттин №1142 санында “Жолдошум жок дегенде өзү отуруп калса дейм...” деген темада маек жарык көргөн. Анда Айнура Абдыкадырова аттуу аял жолдошу жол кырсыгына кабылып, моюн омурткасы, арка-бели сынып майып болуп калганын айткан. Айнура айым менен байланышканыбызда буларды билдирди:

– Абалыбызды сурап, акчалай жардам бергендер болду. Бир кайрымдуулук фонду да жардам берди. Жолдошумду Чүйдүн Таш-Дөбө айылындагы санаторийге алып барып бир сыйра дарылатып келдик. Эми Бишкектен реабилитациялык борборлордон дарылатсак, анан калганын көрө жатарбыз деп турабыз. Ага да көп каражат керек болууда.

«Түшкөн каражатка 2 оорукчан жакыныбызды дарылатабыз»

Гезитибиздин №1150 санында “Желим бөтөлкөгө байланган 7 тагдыр” деген темада макала жарык көргөн. Анда Эдилбек Дыйканалиев аттуу жаран жубайы Асел Анарбек кызы экөө маек беришкен. Маекте алар батирден-батирге көчүп, өздөрүнүн 2 баласына кошуп акыл-эси өспөй калган жакынын жана анын 2 кызын (биринин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү) багарын айтышкан. Оор турмуштун айынан 3 жылдан бери үйдөгү 4 адам желим бөтөлкө чогултуп, өткөрүп, ошондон түшкөн акчага күн көрүп келе жатышканын жашырышкан эмес. Үй-жай түптөөгө, оорукчан жакындарын дарылатууга каражаттары жок болгондуктан элден жардам сурашкан.

Асел Анарбек кызына байланышканыбызда буларды айтты:

– Гезитке маегибиз чыккандан кийин акчалай, тамак-аштан жардам бергендер боло баштады. Кудайга шүгүр, ошондон бүгүнкү күнгө чейин ошол азыктар жетип, эми гана түгөнө баштады. Кийим-кечектен да азыраак жардам болду. Акчалар түшөрү менен жок кылбай чогултуп жатабыз. Эми жакында майып кайнежем менен анын майып кызын ооруканага жаткырып, толук текшерүүдөн өткөрүп, дарылатканы турабыз. Андан ары жашообуз кандай уланат, билбей турам. Элден дагы жардам болсо жок дебейт элек. 

Канымжан Усупбекова 

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1152, 10-16-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан