Кыштын да көзгө коркунучу барбы? Ушул суроону берип жатсаңыз, анда ооба, суук аба ырайынын көзгө коркунучу бар экенин айта кетели. Кандай коркунуч жана аны кантип алдын алуу керектигин макаладан окуңуз.
Көз үшүйбү?
Кыш күчүнө киргенде кат-кат кийимден өткөн сууктан дирилдеп үшүйсүң го. Анан кийими жок жүргөн көз тоңобу деген суроо жаралбай койбойт. Көздүн ички катмары (роговая оболочка) 75 пайыз суудан туруп, ошон үчүн бизге тунук көрүнөт. Айрымдар “75 пайыз суу болсо, демек, тоңуп калышы толук мүмкүн да” деп ойлошу мүмкүн. Бирок тоңбойт. Биздин көрүү органдарыбызда терморецепторлор жок. Жөнөкөй сөз менен айтканда, көздүн кабыгында температуранын өзгөрүшүн сезгич клеткалар жок. Андан сырткары көздү нымдап турган суюктуктун курамында туз бар экенин билебиз да. Ал эми туздуу суунун, белгилүү болгондой, таза сууга караганда тоңуу мүмкүнчүлүгү төмөн. Окумуштуулар көздөн жаш агызуучу суюктуктагы туздардын концентрациясынын жогорулашынан улам -32°С температурада да көздүн тоңбой турганын аныкташкан. Ошондой эле биздин көрүү органдарыбыз температура төмөндөгөндө кандын агымын көбөйтүп, кан басымынын эсебинен кошумча жылуулук бере турган кан тамырлар менен камсыздалган.
Жай мезгилине караганда кыш коркунучтуу
Офтальмологдор чынында эле жай мезгилине караганда кыш, суук аба ырайы көзгө көбүрөөк терс таасирин тийгизет дешет. Андыктан кыштын кооздугуна, ап-пак карга суктанып жүрө бербей, көзгө “жакпаган” факторлорду билип алалы.
“Кар оорусу”
Врач-офтальмолог Ирина Лещенко суук аба ырайында көздүн “кар оорусу” менен жабыркаган бейтаптар көп болот дейт. Бул дартта негизинен көздүн тунук чели (роговица) жабыркайт. Кар көп жааган учурда андан күндүн нуру чагылышып, көзгө түздөн-түз таасир этет. Асманды булут каптап түз тийген күн нуру жок сезилгени менен да, кар катмары жана жолдорго тоңгон муз ультрафиолет нурларынын терс таасирин күчөтөт. Андыктан кардан жана муздан чагылышкан нур адамдын көзүн жабыркатчу факторлордун бири.
Шамал, чаң, аяз
Бул факторлордун баары көзгө агрессивдүү терс таасир этет. Биринчиден, аяздуу шамал учурунда көзгө механикалык жактан күч келет. Шамал учурунда кар бүртүктөрү учуп көздүн көрүүсүнө тоскоолдук жаралат. Адам көзүн чүрүштүрүп жумуп, көргөнгө аракет кылат, бул учурда, албетте, көздүн көрүү функцияларына күч келет. Экинчиден, муздак аба, чаң көздүн нымдуулугун азайтып, кургатып, коргонуусуз калтырат. Кесепетинен көздүн кургашы, кычышуу, кызаруу жана башка сезгенүүлөр келип чыгышы мүмкүн.
Кургак аба
Эшиктен үшүп, жылуу үйгө же башка имаратка киргенде жаның жай алып жыргай түшөсүң. Бирок бул жакта да көз үчүн чоң коркунуч жаралат. Кыш мезгилинде бардык үйлөрдө, имараттарда жылытуу процесси жүргөндүктөн, бөлмөлөрдүн ичиндеги абанын нымдуулугу нормадан кыйла төмөндөп кетет. Тагыраагы, үйдүн ичиндеги аба кургак болот. Кургак аба кайрадан көздү кургатып, жогоруда айткандай, коргонуусуз калтырат да, түрдүү ооруларды чакырышы ыктымал.
Кышкы инфекциялар
Негизи вирус, бактерия сыяктуу инфекциялар жыл мезгилин тандабайт, дайыма бар болушат. Бирок кыш мезгилинде адам энергияны көп сарптайт. Андыктан бул мезгилге айрыкча иммунитетти күчтөп, даяр болуш керек. Эгер иммунитет начар болсо, башка органдар менен катар көз да инфекциялардын бутасына айланып, конъюнктивит жана башка ооруларга кабылышы мүмкүн.
Кыштан коргонобуз
Жогоруда көзгө терс таасир тийгизе турган факторлорду санап өттүк. Эми ал факторлордон коргонуу жолдоруна токтололу.
1. Көз айнек
Жөнөкөй эле күндөн коргоочу көз айнек көптөгөн көз ооруларынын алдын алат. Тагыраагы, ультрафиолет нурларынын кесепеттеринен сактайт.
2. Жылуу кийиниңиз
Үшүбөгөндөй жылуу кийиниңиз. Башка сөзсүз топу, керекпи, үстүнөн капюшон кийип, моюнга шарф ороо керек. Жүзүңүздү болушунча сууктан коргогонго аракет кылыңыз.
3. Абаны нымдандыруу
Негизги жасалчу кадамдардын бири – абаны нымдандыруу. Биз организмге, анын ичинде көзгө зыян келтирип жатканыбызды билбей байкабай эле күнү бою жылуу, бирок кургак бөлмөдө отура беребиз. Андыктан абаны нымдандыралы. Эң жөнөкөй ыкма, жылыткыч, батарея же мештин жанына үстү ачык идишке толтура суу куюп коюңуз. Же болбосо суу чүпүрөктү коюп коюңуз. Эгер шарт болсо, дүкөндөн абаны нымдандыруучу аппарат сатып алсаңыз сонун болот. Аппарат бөлмө канча пайыз нымдуу болушу керектигин эсептеп, ошого жараша нымдуу аба чыгарып турат.
4. Экрандан алыстайбыз
Көп убакытка смартфон, ноутбуктардын экранын кароо көздүн душманы экенин билебиз, бирок эч нерсе кылбайбыз. Суук күндө жылуу үйдө телефон карап жаткан сонун, бирок көздү коргогонду да унутпаңыз. Жок дегенде 20 мүнөт сайын экрандан алыстап, 1 мүнөткө чейин көзгө көнүгүү жасаганды адатка айлантыңыз. Телефонду көздүн деңгээлинен төмөнүрөөк кармаңыз. Муну менен көздүн көп бөлүгү жабылып, кургап кетүүдөн корголуп турат.
5. Бат-бат ирмеңиз
Ооба, көздү бат-бат ирмөө анын коргонуу системин жакшыртат, нымдашып туруусун жөнгө салат. Бир нерсеге толугу менен көңүл бөлүнгөндө (айрыкча телефон көрүп жатканда) көздү ирмебей да калышыбыз мүмкүн.
6. Тамактануу
Бүт организмге тамактануу маанилүү роль ойнойт, анын ичинде көзгө да. А витаминине бай (сабиз, шпинат, ашкабак) жана курамында омега-3 бар (скумбрия, лосось, грек жаңгагы) азыктарды, мөмө-жемиш, жашылчаларды көп колдонуңуз.
7. Гигиена
Колду бат-баттан самын менен жууңуз, айрыкча бетиңизди кармалай берген адатыңыз болсо. Сырттан үйгө келгенде сөзсүз бетти жууганды унутпаңыз. Макияжды тазалап жууңуз, косметикалык каражаттар аркылуу бактериялар көзгө көп кирет.
8. Жардам
Көзгө жардам, колдоо көрсөтүңүз. Мисалы, жылуу компресс жасап туруңуз, ромашка чайы же башка пайдалуу чөптөрдөн жасалган чайлардан компресс керек. Андан сырткары көздү нымдандыруучу атайын тамчылатма дары колдонсоңуз болот. Ал үчүн алдын ала офтальмолог менен кеңешип алыңыз.
Асыл Орозбекова