Үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу аракети: Кезектеги отурумда эмнелер айтылды? 

2025-жылдын 10-декабрында Министрлер кабинетинин жетекчиси Адылбек Касымалиев башында туруп, Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо боюнча Улуттук кеңештин биринчи отуруму өттү.

Касымалиев белгилегендей, Улуттук кеңештин алдында чечүүнү талап кылган бир катар олуттуу маселелер турат.

– Улуттук кеңеш биринчи кезекте үй-бүлөнү колдоого жана гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган стратегияларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөкчү болот. Бул коомдун туруктуулугун бекемдөөгө түрткү берет. Ошондой эле кеңештин негизги милдеттеринин бири – калктын абдан аярлуу катмары үчүн, камкордукка жана жардамга муктаждарды колдоону камсыз кылуу үчүн социалдык коргоо чараларын күчөтүү. Мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосундагы күч-аракеттерди координациялоо, жарандарыбыздын жашоо сапатын жакшыртууга түздөн-түз таасир этүүчү программаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу, демилгелерди талкуулоо үчүн натыйжалуу платформаны түзүү маанилүү, – деди Касымалиев.

Айта кетсек, азыркы учурда үй-бүлөлүк зомбулук өлкөдө маанилүү маселелердин бири. Аны азайтуу үчүн мыйзамдарга тынымсыз өзгөртүүлөр киргизилип жатканы менен, бул көрүнүштүн азайып кеткени байкала элек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1153, 17-23-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан