Энергетика министри Таалайбек Ибраев жазында электр жарыгынын баасы кымбаттай турганын дагы бир жолу парламентте комитет жыйынында эскертти. Тагыраагы, быйыл 1-майдан тарта светтин баасы 26 тыйынга кымбаттаганы жатат. Калк үчүн электр энергиясынын 1 киловатт-сааты 1 сом 37 тыйындан, коммерциялык багыттагы колдонуучулар үчүн 3 сом 49 тыйынды түзөт. Башкача айтканда, өндүрүш ишканалары үчүн электр кубатынын баасы 31 тыйынга кымбаттай турганы күтүлүүдө.
Депутат Марат Мураталиев министрден электр энергиясын элге туруктуу жана сапаттуу жеткирүүнү талап кылды.
– Эл электр жарыгына акчасын төлөп жатат, бирок ага карабай чектөөлөр бар. Жадакалса суу ысытуучу жабдыктарын иштете албай калышканын, жарыктын баары өчүп калып жатканын айтып даттанышууда. Ооба, үнөмдөш керек. Бирок эл акчасын төлөп жатат да. Балким, лимитти көбөйтүү керек, – деди депутат.
Энергетика тармагында тарифтерди көтөрүү аракети көпчүлүктүн көңүлүн бурууда. Тарифти көтөрүү элдин каржылык абалын кыйындатары түшүнүктүү. Эскерте кетсек, азыркы тапта калк электр кубатын 700 киловатт-саатка чейин иштетсе 1 сом 11 тыйындан, андан ашкан ар бир киловатт-саат үчүн 2 сом 14 тыйындан төлөп жатат.