Өлкөдө мугалимдерге ноутбуктарды берүү боюнча чоң долбоор башталат. Бул тууралуу 14-январда билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди. 20-январдан тарта мектептерде STEM (илим, технология, инженерия жана математика) багытындагы мугалимдерге ноутбуктарды берүү иши башталат.
Берилчү ноутбуктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тарабынан түзүлгөн технопаркта чогултулуп, даярдалганы маалымдалды. Мамлекеттик “Алтын Казык” программасынын алкагында жалпы 3400 ноутбук тапшырылат. Мугалимдер “Санариптик кампа” жана “Электрондук күндөлүк” сыяктуу платформаларды пайдаланып, билим берүү процессин сапаттуу жана натыйжалуу жүргүзө алышы керек деп белгиледи министрдин орун басары.
Маалыматтарга ылайык, ноутбуктарды берүү процессинде мугалимдерге колдонуучу программалар боюнча машыгуулар да уюштурулат.
Эскерте кетсек, буга чейин мектеп мугалимдерине сапатсыз ноутбуктарды бергени үчүн Министрлер кабинетинин жетекчилери баштаган бир катар чиновниктерге сөгүш жарыяланган эле.