(Башы өткөн сандарда)
Али стаканга суу алып келип Элеске сунду. Ал сууну ичип бир топко ойлонуп калды. Анан оор үшкүрүп алып сөзүн улады.
– Кичинемден качканды жакшы билдим. Куду атам сыяктуу... Анын бир сөзү бар эле: “Кой, мен качтым”. Көз кысып, сүйкүмдүү жылмайып туруп ушул сөздү айтып, кетип бара жатканы азыр да көз алдымда. Мен атамды жакшы көрчүмүн. Ар бир кыз атасын оң каарман кылат. Болгону меники терс каарман эле. Ошого карабай жакшы көрчүмүн. “Качтым” деген боюнча ың-жыңсыз бир ай келбей койчу. Мен да атамдай болуп көйгөйлөрдөн качканды жакшы билем. Аларды чечкенге караганда качкан оңой мага. Ошол үчүн мен сенин жаныңда тура албадым. Сенин күрөшкөнүңдү карап чыдай албадым.
– Эх, Элес...
– Атам кеткенде апам байкуш аябай күтчү. Өзү мектепте кыргыз тилинен сабак берген мугалим эле. Биз жашаган Балыкчы шаарында атам алдабаган киши жок болчу. Кээ бири апамдын мектебине келип чыр салар эле. Иреңи бопбоз болгон апам эмне кыларын билбей эптеп тапкан маянасын берип кутулчу. Ошол куракта элге да, апама да аябай таң калар элем. Билип туруп деле кайра-кайра алдана беришкенине, атамдын болсо алардын башын айлантып, кайра-кайра эле алдай бергенине таң калчумун. Кээде суктанчумун. “Аферист эле, афферист” деп ачууланып жаткан адамдар атама кайра эле алданып кала беришчү. Жылт этип пайда болуп, жарк этип күлүп эле алдап кетчү.
Мен кичине болсом да эмнегедир атама алданбаганды башынан үйрөндүм. Анын кооз сөздөрү мага өтчү эмес. Кызыгы, кайсы учурда атам чын дилинен сүйлөп жатканын, кайсы учурда алдап жатканын так ажырата билчүмүн. Анткени мен анын кызы элем, анын караңгы дүйнөсү мага жакын жана түшүнүктүү эле.
А апам... Бечарам ай, аны такыр түшүнбөдү, улам-улам алдана берди. Акыры анын да чыдамы түгөндү. Эсимде, курсактагы баласы чоңоюп эле калганда атамдын кыстоосу менен боюнан алдырып келгени. Биринчи жолу апамдын сынганын көрдүм. Сен, балким, билбейт болушуң керек, а мен сынган адамдын каректери канчалык муздак болуп каларын билем. Анткени тирүү далили апам эле. Эптеп келип ордуна жатты. Көздөрүнөн жаш агып жатты. Көп күн ошентип шыпты тиктеп жата берди. Бир топ күндөн кийин ордунан турду. Менин жыртык байпагымды, таралбаган чачтарымды, жуулбай турган казан-аякты көзүнөн бир өткөрдү. Мурункудай мени бооруна кысып ыйлаган жок. Мага тигилген көздөрү муздак эле. Жашоого болгон кызыкчылыгы өчүп калгандай.
– Атаң кайда?
– Кетти.
– Хм, кызым, сен баарын түшүнчү куракка келдиң. Мен мындан ары чыдай албайм. Атаң менен ажырашам.
– Мен каякта калам?
Оюма келгени ушул болду. Анткени жалгыз калгандан аябай коркчу элем.
– Атасынын кызы! - деди апам жактырбай чекесин тырыштырып. – Мен, мен, биринчи ойлогонуңар эле өзүңөр. Башканы ойлобойсуңар.
Апам атамдан эле эмес, менден, бүтүндөй ааламдан үмүтү үзүлгөндөй сүйлөдү. Ага эч бир нерсенин кызыгы калбаган эле. Балыкчыда жашаган батирибизден эки сумкабыз менен гана чыктык. Көл жээгин тиктеп кетип бара жаттым. Ушул боюнча балалыгым менен коштоштум. Мен эми чоң кыз болчумун. Апам мага “эми сен чоң кызсың, өзүңө тың бол” деди суз гана. Апам мени Токмоктогу инисинин үйүнө таштады да, андан ары кетти. Жеңемдин айтуусунда, Москвага кеткен имиш. Ошол боюнча кабарсыз кетти. Эмне болду, ким менен кайда кетти, эч ким билбейт. Тирүүбү, өлдүбү, ал да белгисиз. Таң каларсың, мен апамдын түбөлүк кетип жатканын да сездим. Башка балдар, балким, күтмөк, издемек. Акыры апам го. Мен эмнегедир аны күтпөдүм, сагынган да жокмун. Таш боордук ата мурасы...
– Жок, сен таш боор эмессиң. Сен эшикте калган мышыкты да аяган аялсың. Болгону сен тагдырга баш ийгенди эрте үйрөнүп алганыңдан болуш керек,- деди Али. Элес жылмайып койду.
– Менин жан дүйнөмдүн жакшы тарабын көргөн бир гана сен болдуң, Али. Сен элдин баарын өзүңдөй көрөсүң. Сенин оюңча, баары сендей таптаза адамдар. Балким, бул эч жамандык көрбөй чоңойгонуңдан болсо керек. Апаңдын сүйүүсү менен чоңойгондон улам сенде баары жарык жана тазадыр... А мен...
Ушул учурда Али Элести абдан аяп кетти. Кучактап бооруна кыскысы келди. Бирок ортолорунда бир дубал бар эле. Ошону жарып өтө албады. Элес да анын жүткүнүп барып токтогонун байкады. Ал намыскөй аял эле. Алинин аянычын козгоп отургусу келбеди. Шарт туруп эшикке жөнөдү.
– Элес?
– Артымдан келбе!
Караңгыда машинеси от алып жүрүп кеткени угулду. Али отуруп калды. Бирок ошол боюнча тынчып кала албады. Элестин баяны жарым калды. Атасы эмне болду? Энеси эмне болду? Лимондун туугандары бар беле? Алинин балдарын кимге калтырышы мүмкүн эле? Айтор, суроолор аябай көп болчу. Элестин курбусу Айданадан сурап алып таякесин издеп жөнөдү. Ал дагы деле Токмок шаарында жашайт экен. “Такси айдаган Болот деген байке” деп айткан Айдана. Ошентип сурамжылап жүрүп ал адамды тапты. Болгон жагдайды ага айтып берди.
– Менден сага эмне керек?- деди тиги киши шектүү тиктеп.
– Элестин кичине кези тууралуу айтып берсеңиз.
– Аны эмне кыласың?- деди жактырбаган Болот ага кабагын чытый.
– Билбейм, балдарымды тапканга бир байланыш издеп жүрөм.
– Эмнесин айтып берейин, эжем таштап кеткенде 10 жаштагы кыз болчу. Аябай жакшы окуду. Сулуу кыз болду. Эң жаманы – сулуу жана акылдуу экенин өзү да билчү. Кадимкидей колдончу анысын. Атасын тартып калды. Эжем момун киши. Айтор, биздин колдо өстү. 5 жыл араң ээ болдук. 16 жашында качып кетти.
– Кантип? Кандайча?
- Паспортун колуна алган күнү “силерге жакшы эле чыдадым. Мындан ары чыдай албайм, мени издебегиле” деп жазып калтырыптыр да, терезеден чыгып качып кетиптир.
– Анан издеген жоксуздарбы?
– Издедим. Аялымдын аны көрөргө көзү жок болчу. Ал эми башка кеп да. Менин кыздарым менен эч батышпай тытыша берчү. Элес кыйын да мушташчу. Менин кыздарымды катуу уруп салчу. Анан эмне кыласың? Эжемдин аманаты деп чыдадым айла жок. Издедим. Бирок таппай койдум. Кийин өзү кайрылды. 5-6 жылдан кийин бир күнү кымбат баалуу машине келип токтоп калды. Ичинен Элес түштү. Эми бир укмуш болуп чоңоюптур. Жанында бир күрсүйгөн адам бар. Бизди аябай сагынган экен, кучакташып көрүштү. Аялыма, кыздарыма, мага белек-бечкек ала келиптир. Толтура акча дагы берди. Ошентип Лимон деген адам менен жашап жатканын билдик. Мен ага эжем тууралуу айттым.
– Каза болуп калыптырбы апасы?
– Жок, эй. Эжем аман-эсен эле. Болгону...
– Элестин апасы тирүүбү?
– Ооба.
Али оозун ачып калды. Элес дагы калп айтыптыр. Ишенимине дагы деле кирбеген экен.
– Элестин апасы тирүү. Карылар үйүндө жашайт. Анткени буту жок.
– Эмнеге Элес муну менден жашырды?
– Уялса керек... Билбейм ар жагын, айтор, эжем тирүү, мен барып кабар алып турам.
Али таң калды. Эмне деген аял менен жашаган өзү? Жаш баладай алдап, ойнотуп кеткен тура. Эки балалуу болгуча ал тууралуу эч нерсе билбеген өзү да келесоо экен. Ботконун баары эми калкып чыгып жатканын кара.
(Уландысы кийинки санда)